КҮНСОБОЛ: Кылычбек Султан ТИМдин ишиндеги кемчиликтерди бир жыл мурда айтып чыккан. Саймаитинин окуясында ал маселе бар экени далилденди. Тышкы иштер министрлиги тазаланышы үчүн дагы кандай окуялар орун алышы керек?

11-ноябрда Стамбул шаарында Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Кийин ал Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, бирок унаасы кандайча Саймаити өлтүрүлгөн жайда болуп калганын түшүндүрүп бере албагандыгы маалым болду.

Бир жыл мурун Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айткан. Ал элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар тууралуу билдирген.

SUPER.KG порталы "Кылычбек Султан ТИМдин ишиндеги кемчиликтерди бир жыл мурда айтып чыккан. Саймаитинин окуясында ал маселе бар экени далилденди. Тышкы иштер министрлиги тазаланышы үчүн дагы кандай окуялар орун алышы керек?" деген собол салды.

ЖУМАБЕКОВ: "Териштирүү иштеринин жыйынтыгын күтөлү"

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков териштирүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

"Мындай окуялар болбосун. Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Күнөөлүү адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек. Териштирүү иштеринин жыйынтыгы чыгат. Жыйынтыкты күтөлү. Ошого жараша иштер болот", - деди төрага.

МАСАЛИЕВ: "Саймаити чынында эле дипломатиялык номуру бар унаа менен жүргөн болсо, анда бул жооп бере турчу нерсе"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул окуя ТИМге канчалык тиешеси бар экенин билбей турганын айтты. "Тышкы иштер министрлигинин канчалык катыштыгы бар экенин билбейм, эч кандай далилим жок. Интернет булактарынан Айэркен Саймаити дипломатиялык номуру бар унаа менен жүргөнүн окудум. Чынында эле, ал адам дипломатиялык паспорт, дипломатиялык номуру бар унаа менен жүргөн болсо, анда бул жооп бере турчу нерсе. Тышкы иштер министрлиги, айрыкча министрликтин тиешелүү кызматы эмне себептен жөнөкөй жаранга дипломатиялык номур бергенин изилдеп, аныктоо зарыл. Андан соң тиешеси барлар мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек", - дейт депутат.

КЕЛДИБАЕВ: "ТИМдин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн жүзү көрүндү"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мурдагы элчи Кылычбек Султандын айткан сөздөрүн Тышкы иштер министрлиги курулай доомат деп койгонун эскертти.

"Саймаитинин окуясы болгондон кийин Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн жүзү көрүндү. Мурдагы элчи Кылычбек Султандын айткан сөздөрүн аталган министрлик курулай доомат, далилдер жетишсиз деп айткан. Мына бүгүнкү күндө биздин Түркиядагы консулдун иш-аракеттери мурдагы элчинин сөзүн далилдеди. Бул бир эле Түркиядагы консулунда эмес, Кыргыз мамлекетинин бардык чет өлкөдөгү элчиликтеринде бар. Тышкы иштер министрлиги элчиликтин отчётун талап кылышы керек да. Элчилердин билим деңгээлин, адамдык сапаттарын кароо шарт", - дейт Келдибаев.

АСАНОВ: "ТИМдеги көрүнүштөр - өкмөттүн саясатындагы жоопкерчиликсиздиктин кесепети".

Саясатчы Бектур Асанов бул жерде күнөө бир гана Тышкы иштер министрлигинде эмес деген пикирде. “Бул жерде маселе Тышкы иштер министрлигинде гана эмес, маселе жалпы өкмөттө болууда. Бул өкмөттүн саясатындагы жоопкерчиликсиздиктин кесепети.

Бул окуя Тышкы иштер министрлигине гана эмес, Ички иштер министрлигине да тиешелүү. Себеби өлкөдө бизнесмендердин өлүмдөрү болуп жатат. Биз кылмыштуулук, уюшкан кылмыштуу топтор менен эч кандай күрөшкөн жокпуз. Ушунун баары өкмөттүн чабалсыздыгынан болуп жатат деген пикирдемин”, - дейт Асанов.

ТУРДУКУЛОВ: "Тышкы иштер министрлигинин кандайдыр бир демилгени көтөргөнүн дагы деле көргөн жокпуз"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, тышкы саясат бул ички саясаттын уландысы болуп эсептелет. "Эгерде Кыргыз мамлекетинин ичинде коррупция жогорку деңгээлде болсо, анда Тышкы иштер министрлигинин системинде дагы коррупция болгону бул күтүлгөн эле нерсе. Өзгөчө ошол консулдук кызматта виза берүү, элчиликтерде кызматтык унааларды бөлүштүрүү сыяктуу көптөгөн коррупциялык фактылар болуп келген, азыр деле ошондой болууда. Тышкы иштер министрлиги бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк деңгээлди айтпай эле коёлу, аймактык деңгээлде кандайдыр бир демилгени көтөргөнүн биз дагы деле көргөн жокпуз. Баягыдай эле президенттин кыла турган ишмердүүлүгүнүн протоколдук кызматын аткарып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан ал жерде сөзсүз түрдө реформа керек.

Биздин өкүлчүлүктөрдө оптималдаштыруу аракетин жумшаш керек. Анткени кээ бир жерлерде биз үчүн анча приоритеттүү эмес өлкөлөрдө элчиликтер бар. Керектүү жерлерде элчиликте консулдук бөлүмдөр аз болуп жатат. Мисалы Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Ооганстан, Тажикстандын кээ бир шаарларында консулдук бөлүмдөр жок болууда. Коңшу мамлекеттерде өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү керек", - дейт Турдукулов.

САСЫКБАЕВА: "Элчилик, консулдуктардагы маселенин баарысы кадрдык баш аламандыктын айынан болууда"

Экс-депутат Асия Сасыкбаева бул маселе көп жылдан бери келе жатканын баса белгиледи. "Маселенин баарысы кадрдык баш аламандыктын айынан болууда. Себеби бири келип, бири кетип кадрлардын кесибине, деңгээлине, билимине карабай туруп тааныш-билиш болуп кызматка дайындалып калууда. Мындай айтканда, саясатчылардын көбү кызмат “карыз” болуп калып, өзүнүн тууганын, бирөөнүн туугандарын коюп, ал нерсе жыйынтыгында кадрдык баш аламандыкка алып келүүдө.

Негизи бул нерсе көп жылдан бери болуп келе жаткан көйгөй, анын үстүнө бул элчиликке же консулдукка байланыштуу биринчи окуя эмес. Анын баарын тазалоо, иретке келтирүү үчүн узак убакыт керектелет, андагы көйгөйлөр бир күндө чечилбейт. Тилекке каршы, мунун кесепетинин баары учурда жакшы иштеп келе жаткан министрге тийүүдө. Анын үстүнө, азыркы тышкы иштер министрине бул катачылыктарды оңдоп-түзөөгө жетиштүү убакыт болгон жок. Консулду иштен алып койгону туура, бирок бул окуя боюнча тыкыр изилдөө керек.

Кептин ачыгы элчилик, консулдуктар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жетиштүү иш алып бара албай жатышат. Карап көрсөк, эч кандай инвестиция жок, же мигранттарга жардам көрсөтүү боюнча көрүнүктүү иш болгон жок. Чет жакка чыккан мигранттардын көбү элчиликтер тарабынан жетиштүү жардам ала албай жатканын байма-бай жазып келгени буга далил", - деди экс-депутат.

МАМЫТКАНОВ: "Учурда консулдардын тажрыйбасына жана башка сапаттарына эч кандай маани берилбей калууда"

"Тышкы иштер министрлиги биздин өкмөткө караштуу, өкмөттү болсо Жогорку Кеңештеги фракциялар тейлейт. Азыркы өкмөттү түзгөн коалиция ичиндеги министрликтердин баарын устукандай кылып бөлүшүп алган. Тышкы иштер министрлиги кайсы фракцияга тиешелүү, КСДПга тиешелүү болсо керек.

Демек, биздин Тышкы иштер министрлиги КСДП жана бүт коалициянын карамагында болгондон кийин, ошолордогу партиялардын көзөмөлүндө. Эгерде ошол партиялар ТИМге тартипти орнотолу десе, бардык кадрдык саясатты колуна алып туруп, ал жакка тандалган өздөрү ишенген, Кыргыз өлкөсүн уят кылбай турган адистерди дайындамак. Ал эми бизде элчиликте иштеп жаткан консулдардын тажрыйбасын, алардын саясий көз караштарын, адамдык сапаттарын ким билет? Эч ким билбейт, ал нерсе айтылбайт, эч жерде талкууланбайт. Анын кесепетинен ар кандай адамдар барып калып ушундай көрүнүштөр орун алууда", - дейт Мамытканов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан