Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды.
СУЛТАН: "Бул нерсенин артында мыйзамдуу эмес, саясий кызыкчылык турганы көрүнүп турат"
Бул боюнча мурдагы элчи Кылычбек Султан "Бүт эски "илита" саясий "таштандыга" кетиши керек" деген пикирин билдирди.
"Адилетсиз болду. Бул нерсенин артында мыйзамдуу эмес, саясий кызыкчылык турганы көрүнүп турат.
Мамлекеттин экономикасы итке минген абалда турганда бийлик бүткүл ресурсун реформага эмес, чычалоого, өч алууга жумшап жатат. Ушуга окшогон саясий кызыкчылыктарга келгенде бийлик, башкача айтканда, президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, прокуратура, күч органдары өздөрүнө ыңгайлуу чечимдерди чагылгандай тездик менен ишке ашырат. Ал эми эл күткөн экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу жана адилеттүүлүк маселелеринде ташбакадай кыймылдоо адатка айланды.
Менин оюмча, Атамбаев айткандай, бүт эски "илита" саясий "таштандыга" кетиши керек", - дейт мурдагы элчи Кылычбек Султан.
ИСАЕВ: "Атамбаев кош стандарттуулукту көрсөтүп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мыйзам алдында бардык жарандар макамына карабай бирдей жооп бериши керек деген пикирде.
"Баары мыйзам чегинде жүрүүдө. Коомчулукта "Башкы прокуратура Атамбаев боюнча корутундуну 3 күн ичинде шашылыш чыгарды" деп айтып жатышат. Бирок мындай ишке 3 күн деле көп, бул 2-3 сааттык эле иш. Атамбаевдин кол тийбестигин алгандан кийин сурактар, түшүндүрүүлөр, документтерди текшерүүлөр башталат. Ошонун жыйынтыгында күнөөлүү кимдер экени аныкталат.
Атамбаев кош стандарттуулукту көрсөтүп жатат. Ал президент болгон кезде "баары мыйзам чегинде сотто чечилиш керек, баары мыйзам алдында тең" деп бир нече жолу айткан. Эми ал күнөөсүз болсо, муну сотто далилдесин. Азыркы соттордун дээрлик 90 пайызы Атамбаевдин жарлыгы менен дайындалган. Сотторго ишенбөө ал тараптан болбошу керек.
Эгер күнөөсү далилденбесе, экс-президент макамы кайтарылат. Күч органдары өз баасын беришет. Эгер биз адамды негизсиз жамандап алган болсок, анда биз моралдык жактан жооп беришибиз керек", - деди депутат Канатбек Исаев.
ИМАНАЛИЕВ: "Атамбаевге коюлган айыптар канчалык негиздүү экенин аныктоого 2 күн эле жетиштүү"
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу иши мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтты.
"Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору боюнча иликтөө иштерин жүргүзбөйт. Парламент койгон маселе канчалык негиздүү экенине "бар" же "жок" деп жооп берет. Антип жооп берүү үчүн чоң иликтөөнүн кереги жок. Мисалы, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү 3 күн иштедик, бирок 2 күндө бүтүрчү иш эле. Башкы прокуратураныкы деле ошондой: Атамбаевге коюлган күнөөлөрдө негиз барбы же жокпу деген суроого жооп табууга 2 күн эле жетиштүү", - деди Иманалиев.
КАРАШЕВ: "Юрист болбогондуктан бул процесстин туура же туура эмес экенин айта албайм"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бул боюнча бир пикирди айта албай турганын айтты.
"Бул маселе карала баштаганда Кыргыз өлкөсүндө эмес элем. Ошондуктан иштин хронологиясын жакшы билбей жатам. Мен өлкөгө келгенде депутаттык комиссиянын чечими Башкы прокуратурага жөнөтүлүп жаткан экен. Мен өзүм юрист болбогондуктан Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура же туура болгон жок деп айта албай жатам. Комиссиянын жыйынтыгына добуш берүүгө катышкам", - деди Карашев.
АЙТИКЕЕВ: "Депутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрдү"
Журналист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев "депутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрдү" деген пикирде.
"Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча процесстер эрежелерди бузуу менен жүрүп жатат. Баш мыйзамдын бир нече беренелери бузулганын юристтер дагы айтышууда. Мындан тышкары депутаттык комиссиянын курамына кирген эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Атамбаев учурунда камакка алынгандар, фракциядан чыгарылгандар, айтор, экс-президентке тиш кайрап, өч алууну көздөгөн адамдар. Бул деген кызыкчылыктардын кагылышын көрсөтүп турат.
Депутаттык комиссиянын иши аябай тездик менен жүрүп, ал комиссиянын иши бир тараптуу болду. Экс-президент Атамбаевди же анын өкүлдөрүн жыйынга расмий түрдө чакырышкан жок. Комиссиянын отуруму мурда куугунтукталды делген, мурда камакка алынган, Атамбаевге кеги бар саясатчыларды, укук коргоочуларды, журналисттерди чакырып, алардын оюн угуу менен гана жүрүп, экинчи тарапка сөз бербегени адилетсиздикти көрсөтүп турат. Жогорку Кеңештин башка маселелерди карабастан дал ушул маселени тездик менен шаша-буша карай салганы шектенүүлөрдү дагы да күчөтөт. Депутаттык комиссия бул чечимди өздөрү эле чыгарган жок. Алар бүгүнкү бийликтин камчысын чаап, алардын айткандарын аткарып жатат. Бул идея парламенттен чыккан жок, жеке президенттин ишараты менен жасалууда деп ойлойм.
Эртеби-кечпи бул аракеттер ойрон болот. Ал эми бул чечимди кабыл алгандар учуру келгенде моралдык дагы, юридикалык да жоопкерчиликке тартылат", - дейт Мирбек Айтикеев.
РЫСПАЕВ: "Прокуратура негизделген ишти бир күндө деле карайт, узак болмок эмес. Бул саясий маселе"Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев "Прокуратура негизделген ишти бир күндө деле карайт, узак болмок эмес. Бул саясий маселе" деген пикирде.
"Биринчиден, ал кол тийбестигинен ажырай элек. Биз өз сунуштарыбызды бердик. Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча укук коргоо органдары келип, негиздеп, тастыктап берет, анан эртең кол тийбестигин алууну сурашы мүмкүн. Биз 81 добуш менен кол тийбестигин алып беришибиз керек же алып бербешибиз керек. Прокуратура негизделген ишти бир күндө деле карайт, узак болмок эмес. Бул саясий маселе да. Ал эми тергөө иштери узак жүрүп калышы ыктымал", - дейт Кожобек Рыспаев.
КАЛМАМАТОВ: “Атамбаевдин окуясы боюнча келечекте ар бирибизге сабак болгудай жыйынтык чыгаруу керек”
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов бул маселени кароодо бардыгы мыйзам чегинде болушу керек деген ойдо.
“Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча учурда жүргүзүлүп жаткан иш Жогорку Кеңеш тарабынан жүргүзүлүүдө. Башкача айтканда, Жогорку Кеңеш бул Кыргыз өлкөсүндөгү мыйзам чыгаруу бийлиги деп аталат. Мыйзамдардын туура же туура эместигине түз жооптуу орган. Ошондуктан, “казанчынын өз эрки кулак кайдан чыгарса” дейт. Эң негизгиси учурда жүргүзүлүп жаткан иштер мыйзам чегинде болушу керек. Кол тийбестигинен ажыратуу бул учурдун талабы.
Учурдагы бийлик Атамбаевдин кезиндеги башкаруусуна баа берип жана ал мыйзам алдында 100 пайыз жоопко тартылышы абзел. Колу менен кылган кылмыштары үчүн моюну менен жооп берүүгө тийиш. Ошол эле учурда бүгүнкү башыбыздан өтүп жаткан Атамбаевдин окуясы боюнча келечекте ар бирибизге сабак болгудай жыйынтык чыгарышыбыз керек”, - дейт Калмаматов.
Бүгүнкү Күнсоболго жооп берүүдөн Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Мирлан Жээнчороев баш тартты.