18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуккан 3 адам аныкталган. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылган. Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштап, массалык иш-чараларга тыюу салган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленген. Ал эми үгүт иштери 13-мартта башталган. Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коом жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырып турууну сунуштап жатышат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе кырдаалга жараша бир аптадан кийин чечиле турганын айтты.
SUPER.KG порталы "Коронавирус коркунучунан улам жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылышы керекпи?" деген собол салды.
БААТЫРБЕКОВ: "Абал курчуп кетпесе, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүш керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө убакыт бар экенин айтты.
"Шайлоо 12-апрелде өтөт. Ага чейин убакыт бар. Бул мыйзам менен бекитилген. Мыйзамдуу жолдору болсо шайлоону жылдырууну карап көрүш керек. Бирок шайлоо өтө турган шаарларда коронавирус катталган эмес. Өлкө боюнча 3 адамдан коронавирус аныкталган. Абал тынч болсо, шайлоону өткөрө бериш керек. Тынч болбосо анда шартка карата шайлоону жылдыруу зарыл", - дейт Аламбек Баатырбеков.
ИКРАМОВ: "Коронавирус жуктургандардын саны өссө, жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулушу зарыл"
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коронавирус жуктургандардын саны өссө, жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулушу зарыл экенин белгиледи.
"Күндөн-күнгө коронавирус жуктурган адамдардын саны көп болсо, шайлоо токтотулушу шарт. Бул жерде эң биринчи шайлоо эмес, элдин саламаттыгы турушу керек. Ушундай абал болсо, коронавирус жуктургандардын саны өспөсө, шайлоону өткөрсө болот. 15 күндөй абалды кароо зарыл. Ошого карата чечим чыгаруу керек", - дейт Тазабек Икрамов.
БЕКМАТОВ: "Жеке пикирим боюнча, шайлоо жылдырылбайт"
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо жылдырылбай турганын айтты.
"Менин жеке пикирим боюнча, шайлоо жылдырылбайт. Мыйзамда белгиленген норма бар. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 4-беренесинде кайсы убактарда шайлоо өткөрүлбөй турганы так жазылган. (ред. 4-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же согуштук абал киргизилгенде Кыргыз Республикасынын аймагынын өзүнчө бөлүгүндө - ошол аймакка өзгөчө же согуштук абал киргизилгенде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө тыюу салынат).
БШК, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар дайындалган шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат", - дейт Бекматов.
КАДЫРБЕКОВ: "Жергиликтүү кеңештерге шайлоо убагында кырдаал курч болсо жылдырылышы керек"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков шайлоонун жылдырылышын колдой турганын айтты.
"Бир адамга эле коронавирус жукса, күнөө бийликте болуп калат. Эгерде ушундай кырдаал болуп турса, шайлоону жылдырып коюш керек. Орусияда деле референдум жылдырылышы мүмкүн деп айтып жатат. Эгерде ошол кезде кырдаал курч болсо шайлоо сөзсүз түрдө жылдырылышы шарт", - дейт Кадырбеков.
ТУРДУКУЛОВ: "Кыргыз элинин саламаттыгы мамлекеттин эң башкы приоритети болушу абзел. Шайлоо жылдырылышы керек"
Жарандык активист Адил Турдукулов жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулуп турушу керектигин белгиледи.
"Учурда кырдаал курч. Кыргыз элинин саламаттыгы мамлекеттин эң башкы приоритети болушу абзел. Кандай гана саясий окуялар болбосун аларды токтотуп туруу же жылдырып туруу логикалык жактан туура иш. Абал курчуй турган болсо, жергиликтүү кеңештердин гана шайлоосу эмес Жогорку Кеңештин шайлоосу дагы жылдырылышы керек. Дүйнөдө шайлоо эмес, башка чоң иш-чаралар жылдырылып же токтотулуп турат", - дейт Турдукулов.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Жогору жактагылар элди ойлогон болсо, жергиликтүү кеңештерге шайлоону токтотушу керек"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров коронавирус жоюлду дегенде гана шайлоо өткөрүлүшү керек деген ойдо.
"Кечээ күндөн баштап, социалдык тармактагы баракчама 12-апрелде өтө турган шайлоо токтотулсун деген пикирди жаздым. Коронавирус бүт ааламды каптап, дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жатса биздикилер шайлоону өткөрөбүз дегени акылсыздыкка барабар. Бизге элдин ден соолугу, саламаттыгы керек. Шайлоо бир күндө өтөт, оору улана берет. Жогору жактагылар элди ойлогон болсо, шайлоону токтотушу шарт. Коронавирус жоюлду дегенде гана өткөрүү керек", - дейт Токтонасыров.