Кечээ, 3-июлда Ош шаарынын мэрлигинде 4 жыл отурган Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Коомчулукта бошогон орунга кимдер барары да айтылып, бир нече адамдын аты атала баштады. Ошол себептен SUPER.KG порталы "Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген собол салды.
НУРБАЕВ: "Жаңылануу керек, коом да ошол нерсени каалап турат"
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Оштун мэринин кызматтан кетиши жаңылануунун белгиси.
“Мурунку мэр өз ыктыяры менен башка ишке өткөнүнө байланыштуу жумуштан кетиптир. Менимче, жаңылануу керек, коом да ошону каалап турса керек. "Жаңы президент келди - жаңы мэр болсун" деген нерсе болушу мүмкүн. Негизинен жаңы идеялар менен келе турган мэр керек. Бул жерде, менин оюмча, башка тарабы деле жок, болгону жаңылануу, элдин каалоосу деле ошол да”, - деди Нурбаев.
МАТРАИМОВ: "Мэрдин кетишин саясатташтыруунун кереги жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Ош шаарынын мэринин кетишинде эч бир саясат жок деген пикирде.
“Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин аны бул жакка дайындады, ал жаңы кызматына кетти. Бул жерде саясатташтыруунун кереги жок, болгону кызматтык которуу.
Жаңы келе турган мэр Ош шаарын өнүктүрөм десе, мэрлик кызматка келгенден кийин кызматын абийирдүүлүк менен аткарышы керек, кызматына чын жүрөктөн берилиши керек. Ош шаарын мындан ары да өнүктүрөбүз десек, шаар үчүн, шаар тургундары үчүн күйгөн адам коюлуш керек”, - деди Матраимов.
АКАЕВ: "Өкмөттүн Ош мэрин алмаштыруусу ротация максатында жасалууда"
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Оштун мэрин алмаштыруусун өкмөттүн жаңы план, жаңы идеялар менен иш алып бара жатканына байланыштырды.
"Менин оюмча, өкмөт муну ротация максатында кылды. Айтмамат Кадырбаевди Бишкекке алып келип, Ош мэрлигине жаңы жүздү коюп иштеткени жатса керек. Айтмамат Кадырбаев деле 3-4 жыл иштеди, эми жетекчини алмаштырып, жаңы план киргизип жатса керек же аймактарды өнүктүрүүдө башкача кадамдарды жасоону алдыга койгон болуш керек деп ойлойм.
Кадырбаев деле жаман иштеген жок, болгон мүмкүнчүлүгүн колунан келишинче пайдаланды, шаар үчүн көпүрө, бала бакчаларды курду. Мен бул жерде башка өңүттү көргөн жокмун. Азыр Ош мурдагыдай эмес, тынч, бир нукта бара жатат. Болгону бийлик алмашкандан кийин бул бийлик жаңы жетекчини дайындап иштешели дешсе керек”, - деди Акаев.
ЖУНУСБАЕВ: “Мэрдин кызматтан кетиши көптөн бери айтылып жаткан”
Жарандык активист Сонунбек Жунусбаев мэрдин кызматтан кетиши көптөн бери айтылып жатканын билдирди.
“Ар бийлик өзүнүн ишенимдүү адамдарын кызматтарга алып келүүсү - табигый көрүнүш. Айтмамат Кадырбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген адамдарынын бири болчу. Келечекте азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн саясатын, өзгөрүүлөрүн жасашы үчүн жаңы кадрларды бийликке алып келүүсү зарыл. Учурда бул кызматка бара тургандардын аты айтылып жатат. Анын катарында Жапарбек Ормоновдун аты көп айтылууда. Президенттик шайлоодо анын кылган кызматы башка талапкерлерге караганда көп болгон”, - деди Жунусбаев.
МАМАТОКТОРОВ: "Кызматтагыларды 4-5 жылда ротация кылбаса өтө эле тамырлашып кетет"
Коомдук ишмер Шаирбек Маматокторовдун пикиринде, мамлекеттик кызматтагыларды 4-5 жыл аралыгында алмаштырып туруу керек.
“Ош шаарын 2014-жылдан бери Айтмамат Кадырбаев башкарып келди, 4 жыл иштеди. Учурда эми жаңы бийлик келди, жаңы өлкө башчысы келди. Негизи эле Ош шаарынын мэрлигин эмес, бардык эле кызматтагыларды 4-5 жылда ротация кылбаса, өтө эле тамырлашып кетет. 4 жылда адамдын даремети деле түгөнөт да, 4 жыл аралыгында колунан келгенин жасады жана аракет кылды. Бир адам болгон аракетин кылгандан кийин жаңы адам келсин, өз күчүн көрсөтүп көрсүн. Мэрлик эми чарбалык кызматтар, саясатка анчалык тиешеси жок”, - деди Маматокторов.
ЖУМАЛИЕВА: “Мэрдин кызматтан бошотулушу көптөн бери эле күтүлүп жаткан, бирок биз башка нерсени күткөнбүз”
Жарандык активист Акбалык Жумалиева Ош шаарынын мэрлик кызматынын бошотулушу көптөн бери эле күтүлүп жатканын айтты. "Бирок элдин, анын ичинде менин күткөнүм башка нерсе болчу. Себеби президенттин коррупцияга каршы күрөшүп жаткан иши боюнча борбордо эле чектелип калбастан, Ош тарапка дагы келет деп күткөнбүз. Ош шаарында сапатсыз жасалган нерселер бар. Мисалы, көпүрөнүн курулушу, унаа токтоотуучу жайлардан түшкөн каражат боюнча маселелер бар. Унаа токтоотуучу жайлардан түшкөн акча кайда жумшалып жатканы белгисиз. Ушуга окшогон нерселер изилденет деп күтүп жатканбыз. Андай болбой эле мэр башка кызматка көтөрүлдү.
Орун алмашуу болуп мэрликке келе турган башка талапкерлердин аты аталып жатат. Алар: Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов. Баягы эле ботко кайрадан чалынып, мурунку эле нерселер болот экен. Аталган талапкерлердин дараметин көрүп жатабыз. Бирөөнүн диплому бар же жогу белгисиз, дагы бирөө кландык башкаруунун өкүлү. Негизи чоң шаар болуп эсептелген Бишкек менен Оштун эки мэрин эл түз шайласа жакшы болмок. Чоң шаардын жетекчиси ким болорун 20-30 адамдын чечип койгону туура эмес. Эл тарабынан шайланса, эл менен тыгыз байланышта болуп турмак", - деди Жумалиева.