9-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун көчмө жыйынына катышпай чыгып кеткен. Ал Сот департаментинин кызматкерлери анын жолун тосконуна карабай кетип калганын жактоочусу айткан. Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков райондук соттук процесстин жүрүшү одоно мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айтып, бул соттук отурумдун деле акыйкат өтүшүнө көзү жетпешин билдирди. Ал соттук отурумга катышуудан баш тартты.
SUPER.KG порталы "Буга чейин Алмазбек Атамбаев, бүгүн Сапар Исаков соттук процесске катышуудан баш тартты. Башкы фигурант катышпаган сот процесси, сот чечими коомчулукта ишеним туудурабы?" деген собол салды.
ОСМОНАЛИЕВ: "Алардын сот процессине катышуудан баш тартканы сот, тергөө системдеринин кыйрап калганын көрсөтөт"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев мурдагы президент менен мурдагы премьер-министрдин сот процессине катышуудан баш тартканы сот, тергөө системдеринин кыйрап калганын көрсөтөт деген пикирде.
"Мурдагы президент менен мурдагы премьер-министрдин өздөрү ушинтип мыйзамды сыйлабай, сот процессине катышпай, керек болсо отурум учурунда чыгып кетип жатат. Бул биздин сот, тергөө системдеринин биротоло кыйрап калганын көрсөтөт. Убагында биринчи, экинчи саясий бийликте турган кишилердин ушинтип жатканы бүгүнкү күндөгү сот системинин аянычтуу абалга келгендигин көрсөтүп турат. Бул сот системдери президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракетин биротоло жокко чыгарды дегенге жатат", - дейт Осмоналиев.
АСАНОВ: "Мыйзам баарына бирдей болушу шарт"
Саясатчы Бектур Асанов мыйзам баарына бирдей болушу керектигин айтты.
"Эгерде алар мыйзам бузуп, соттук процесске катышпаган болсо коомчулукта сөзсүз түрдө чоң күмөн жаралат. Соттун мажбурлап алып келгенге укугу болсо анда аларды мажбурлап алып келиши керек. Мыйзам Атамбаевге, Сапар Исаковго, баарына бирдей болушу керек", - дейт Асанов.
СООРОНКУЛОВА: "Атамбаев менен Исаков сөзсүз түрдө соттук процесске катышуусу керек"
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Атамбаев менен Исаков соттук процесске катышуусу зарыл экенин айтты.
"Алар сөзсүз түрдө соттук процесске катышуусу керек. Негизи качып жүрсө бир жөн, ал жерде бөгөт чарасы колдонулган. Алардын сотко катышуусун камсыз кылуу үчүн бөгөт чарасын колдонот да. Кандай болбосун, аларды мажбурлап болсо да отурумга катыштыруу шарт", - дейт Сооронкулова.
ТАЛГАРБЕКОВ: "Атамбаев менен Исаковдун соттук процесске катышуудан баш тартканы эч нерсени чечпейт"
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Атамбаев менен Исаковдун соттук процесске катышуудан баш тартканы эч нерсени чечпей турганын айтты.
"Мыйзам боюнча алардын соттук отурумга катышпай жатканы эч кандай роль ойнобойт. Алар катышпаса соттук отурумду өткөрө беришет. Эч кандай мыйзам бузуу болбойт. Биз камалганда да соттук процесс жашыруун өтөт дегенде катышпайбыз дегенбиз. Кийинки соттук отурум өткөндө чыкпай койгонбуз. СИЗОнун башчысынын орун басары бизди чакырган. Ага бизди соттук отурумга катыштырасыңар же кызматтан кетесиңер деп талап коюлганын айтты. Мындан улам биз макул болуп, сотко барып бергенбиз. Атамбаев менен Исаковдун отурумга катышпай жатканы эч нерсени чечпейт. Андан көрө алар катышып, соттук процесстин ачык өтүшүн талап кылышы керек", - дейт Талгарбеков.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Атамбаев менен Исаков соттук процесске катышпаса деле мыйзам чегинде өтө берет"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев Бакиевдер менен Данияр Үсөнов сыртынан соттолгонун эскертти.
"Эмне үчүн ишенимди туудурбайт? Алар катышпаса деле сот боло берет. Алардын катышпаганы өздөрүнүн ыктыярдуу иши. Алар кааласа да, каалабаса да сот өтөт. Мыйзамдын чегинде өтөт. Корко турган, чочуй турган эч нерсе жок. Данияр Үсөнов, Бакиевдер деле сыртынан соттолбоду беле", - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.