Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга чыгып кеткен. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шадиев депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылгандан кийин билдирүү таратып, өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын жарыялады.
Сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм деген саясатчылардын саны көбөйүүдө. SUPER.KG порталы "буга негиз барбы?" деген собол салды.
АЛТЫБАЕВА: "Чындыгында сотко нааразычылыктар көп, бирок бүгүн сот системинде жылыш бар"
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын айтымында, сот системинде жылыштар бар.
"Сот системи - бизде өзүнчө көз карандысыз бийлик бутагы. Бүгүнкү күндө сотторго ишенбейм деп шылтоо кыла берсе болот. Мына бизде сотторду тандоо кеңеши бар, бул институт жарандык коомдун, фракциялардын, президенттин өкүлдөрүнөн турат. Азыр сот системинде өзгөрүштөр бар, баарыбыз сот системи тазаланышына аракет кылышыбыз керек. Чындыгында сотторго көп нааразычылыктар бар, бизге депутаттарга да көп кайрылуулар болот. Сиз Аскарбек Шадиевди айтып өттүңүз, сотторго ишенбөөчүлүк билдирүүсү – бул актануу. Качып кеткен чиновник сотторго ишенип же ишенбөөсү бул алдыңкы маселе эмес. Маселе жооп берип калам дегенде, "жоопкерчиликке тартылып калам" деп качып кетти", - деди Алтыбаева.
ТУРСУНБЕК АКУН: "Сотторго ишенбөөчүлүк Акаевдин мезгилинен бери болуп келген көрүнүш"
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик сотторго толук эркиндикти берип жатканын айтат.
"Сотторго ишенбейм деп айткандардын сөзүнө толук кошула албайм, бирок алардын сөзүндө да негиз бар. Анткени ушундай болуп жатпайбы, соттор бул бийликке чейин да жогору жактан эмне көрсөтмө берсе ошону аткарып келди. Бул нерсе Атамбаевдин тушунда укмуш болду, “бөрк ал десе баш алган” заман болду. Акаев, Бакиевдин тушунда деле ушундай болуп келген. Азыркы учурда бул бийлик менен иштешип, жакындан билип жатам. Бул бийлик сотторду өз эркине коюп, өз алдынча болууга чакырууда. Бирок аягында жыйынтыкты сурарын, отчёт бере турган күн болорун эскертти.
Азыркы бийликке оор болууда, таза тергөөчүлөр аз болууда. Кадрларды алмаштырып жатышат, бирок таза адамдар аз болууда. Бүгүнкү бийлик сот реформасын ишке ашырууга аракет кылууда, бирок татаал.
Сотко ишенбейм деп билдиргендер качып кетпей адилеттүүлүк үчүн күрөшүшү керек.
Ал эми мурунку бийликтин тушунда саясий куугунтук көрдү деген саясатчылардын ишин кайра карап баштоо соттун эмес, прокуратуранын иши. Алардын ишин кароого негиз жок деп башкы прокурор чечим чыгарды. Бул туура эмес, эмне үчүн негиз жок? Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдун иши саясий буюртма экенин баары эле билип турбайбы. Башкы прокурордун алардын ишин кайра кароого негиз жок дегени бүгүнкү бийликке көлөкө түшүрүп жатат. Башкы прокурордун саясий эрки жетпей жатат", - деди Акун.
АМАНБАЕВ: "Бүгүнкү күндө саясатчылардын сот бийлигине ишенбей жатышына негиз бар"
Мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин айтымында, сот бийлигине ишенбөөчүлүк 20 жылдан бери келе жаткан көрүнүш.
"Мен Акыйкатчы болуп иштеп турганда жылына 16 миңден ашык арыз-даттануу келип түшсө, алардын 60 пайызы ушул сотторго ишенбөөчүлүк билдирген каттар болчу. Бул сот бийлигине ишенбөөчүлүк Аскар Акаевдин мезгилинен бери келе жатат. Соттор саясий чечимдерди чыгарат же акча берген тараптын пайдасын чечет. Бүгүнкү күндө саясатчылардын сот бийлигине ишенбей жатышына негиз бар. Мурунку бийлик менен азыркы бийликтин тушундагы сот бийлигинде айырма жок, сот реформасы жүргөн жок. Бийликте турганда сот бийлигин сындоого алуу татаал, мен Акыйкатчы болуп турганда айта коюп баары ызылдап чыгышкан", - деди Аманбаев.
КАНАТБЕК АЗИЗ: "Айрым саясатчылар башкалар соттолуп жатканда унчукпай, өздөрүнө келгенде "сотко ишенбейбиз" деп калышат"
Юрист Канатбек Азиздин айтымында, көп саясатчылар унчукпагандыктан соттор адилетсиз болуп жатат.
"Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда соттор чечим чыгарып жатканда ошол эле Шадиев же башкасы болобу унчукпай туруп беришкен. "Мага тийишпесе болду" деп үн катышкан эмес. Өздөрүнүн башына келгенде "сотторго ишенбейбиз" деп айтып жатышат. Мындай позицияны толугу менен бүт саясатчылар көтөрүшү керек эле. Сот адилетсиздиги унчукпагандыктан улам чыгат.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин сот адилеттүүлүгүн салыштырсак, азыркы сот адилеттүү болуп жатат. Мисал катары Конституциялык палатанын экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча чыгарган чечимин жана башкаларды айтса болот. Бирок сот адилеттүүлүгүндө көйгөйлөр жок деген сөздөн алысмын. Азыркы учурда сот бийлиги көз карандысыз иштеп жатат деген сөз жалган. Кандай болбосун ал бийликтин позициясына карап туруп чечим чыгарып жатат. Жээнбеков биринчи эле жылы иштеп жатат, алдыда дагы кандай болорун көрөбүз", - дейт Канатбек Азиз.
КАРАСАРТОВА: "Сотко ишенбөөчүлүк саясатчылардын башына түшкөндө пайда болот"
Укук коргоочу Рита Карасартова сотторго ишенбөөчүлүк кандай учурларда пайда боло турганын айтты.
"Сотко ишенбөөчүлүк көп учурларда саясатчылардын башына түшкөндө пайда болот. Алар бийликте жүрүп мыйзамдарды чыгарып, ошол реформалардын саясаттарын жүргүзүп жатканда "мен ушунун капканына түшүп калбаймбы, өзүм жасаган ишимдин жыйынтыгын туура эмес жагынан көрүп калбаймбы" деп эч ким ойлогон эмес. Баары өмүр бою төө минип, жөө жүрбөй тургандай ойлонушат. Убакыт өтүп жөө жүрүп калганда, аларга ошол эле реформанын натыйжасы башына түшө баштагандан кийин ойлонушат. Бийликке келатканда эски чокоюңду төрүңө илип кой деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Саясатчы бийликтин тескери жагында болуп калганда камалат же качып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан кээ бирөөлөр качып кетишет. Мисалы, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди айтсак, ал жөнүндө эч ким эстебей калды. Анткени ага качып кеткенге мүмкүнчүлүк берилди", - дейт Карасартова.
НАРЫН АЙЫП: "Аскарбек Шадиев депутат, биринчи вице-премьер кезинде эмне үчүн сот маселесин козгоп, адилеттүүлүктү орноткон эмес?"
Журналист Нарын Айып бийлик сыртта качып жүргөн саясатчыларды артка кайтаргысы келсе, өлкөдө сот адилеттүүлүгүн орнотушу керек дейт.
"Сот адилетсиз дегенге, албетте, негиз бар. Бирок Шадиев мамлекетте жүргөндө сот адилеттүүлүгүн орнотууга аракет кылышы керек эле. Качан гана өзүнө иш козголгондо “сотко ишенбейм” деп чыкты. Депутат кезинде, биринчи вице-премьер-министр болгондо эмне үчүн сот маселесин козгоп, адилеттүүлүктү орноткон эмес? Сот системи жакшы болбогону үчүн Аскарбек Шадиев да, Максим Бакиев да өлкөгө барбайм деп жатат да. Сот адилеттүүлүгү орногон болсо кылмыш иши козголуп, башка мамлекетте жүргөндөр боюнча кат жазып, кармап бергиле десе, жардам беришмек. Азыр Улуу Британияда, Орусияда, АКШда качып жүргөндөрдү кармап бергиле десек, алар “Кыргыз мамлекетинде сот адилеттүүлүгү жок. Кармап бербегиле” дейт. Алар болсо ишенет. Бийлик ушундай болбосун десе, сот адилеттүүлүгүн орнотушу зарыл. Буга чейин Коопсуздук кеңешинде сот системиндеги көйгөй айтылды. Жакында эле президент аталган тармакта иштегендер менен жолукту. Анча-мынча аракет башталгандай. Бирок 25 жылдан бери калыптанган бул көйгөйдү жок кылып салуу кыйын. Катуу аракет кылуу керек", - деди ал.