КҮНСОБОЛ: Бишкекте коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды. Бийликте башка жол жокпу?

Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды. Мындан улам SUPER.KG порталы "Бийликте башка жол жокпу?" деген собол салды.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Маршруттук транспорттордун жол акысын көтөрүү маселесин кылдаттык менен караш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жол акыны жогорулатуу боюнча терең изилдөө керектигин белгиледи.

"Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жол акысы көп жылдан бери көтөрүлгөн эмес. Бул нерсени шаардык кеңеш карап чыгышы керек. Элдин кирешелери реалдуу көтөрүлгөндөн кийин бул маселени кароо шарт. Муниципалдык транспорттун саны көбөйгөндөн кийин жол акыны көтөрүү маселесин көтөрсө болот. Элде тандоо болушу керек. Коомдук автобус, троллейбустардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондон кийин гана маселени караш керек. Маршруттук таксилерге талаптар коюлушу шарт. Автоунаанын чыккан жылы, жайлуулугу каралышы абзел. Элдин ден соолугуна зыянын тийгизген, жол эрежесин бузгандарды четтетиш керек. Жол акыны кымбаттатуу маселесин кылдаттык менен кароо шарт. Мэриянын ишке аша элек, коомдо талкуулана элек маселени маалымат каражаттарына жайылтканы чоң ката. Терең изилдөөсү жок, алдын ала айтылган нерсе элди ар кандай ойго алып келет. Биринчи коомдук талкуу жүрүп, шаардык кеңеште каралганда айтылышы керек эле", - дейт Жээнчороев.

МАВЛЯНОВА: "Өкмөт, шаар мэриялары элге шарт түзсүн, андан кийин жол кирени көтөрүү маселесин карасын"

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова коомдук транспорттун элге болгон тейлөөсүн жакшыртпай туруп бааны көтөргөн туура эмес экенин билдирди.

"Коомдук транспорттун элге болгон тейлөөсүн жакшыртпай туруп, жүйөсүз бааны көтөргөн туура эмес. Өкмөт, шаар мэриялары элге шарт түзсүн, андан кийин жол кирени көтөрүү маселесин карасын. Бишкек мэриясы жакында 50-60 автобус сатып алды, аны менен эмне чечилмек эле? Бюджетти карап отура берсек, 50 жылда да автобус, троллейбус менен шаарды толук камсыз кыла албайбыз. Мэрия өкмөттү карап отура бербей чечиши керек.

Мен өкмөткө чечүүнүн 2 жолун сунуштадым: Биринчиси, Түркиянын автобус чыгаруучу заводу биздин Кыргыз мамлекетине кандай товар, айыл чарба продукциясы болбосун автобуска алмашуу түрүндө иштегенге даяр экенин билдиришкен. Экинчиси, транспорт тармагында тейлөө көрсөтүүчү жеке компанияларга арзан кредит таап берип, коомдук транспортторду алып бериши керек. Ошондой эле аларды бажы төлөмүнөн бошотуп, салык жана ар кандай жеңилдетүүлөрдү берүү зарыл. Мына ушундай жардам менен жеке компаниялар коомдук транспорт маселесин чечишмек. Дүйнө жүзү инфраструктура маселесин ушул жол менен чечип жатышпайбы. Тилекке каршы, эки сунушка тең эч кандай реакция болгон жок", - деди Мавлянова.

МҮЗҮРАЛИЕВ: "Маршруттук транспорттордун жол акысынын көтөрүлүшүнө каршымын"

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев маршруттук транспорттордо шарт түзүлбөй туруп тарифти көтөргөн туура эмес деген пикирде.

"Биринчи кезекте коомдук транспорттун системин оңдоп, андан кийин тарифти көтөрүү маселеси каралышы керек. Буга чейин деле бул боюнча маселе көтөрүп келгем. Жаңы автобустарды алып келип, элге шарт түзүп беришибиз керек. Ошол эле коомдук транспорттун муниципалитеттен тышкары дагы шаар боюнча менчик транспорттор жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө алар келишими, макулдашуусу жок 4 жылдан бери мыйзамсыз иштеп жатышат. Бул боюнча атайын комиссия болуп, тендер өтүшү зарыл. Эгерде алар кышында суукта же башка кырдаалда жумушка чыгышпаса айып пул төлөөсү шарт. Бүгүнкү күндө муниципалитет менен компаниянын ортосунда келишим жок болгондуктан биз алар жумушка чыкпай койсо эч нерсе кыла албайбыз. Алардан ыңгайлуу, эски эмес, жылы жаңы маршруттук таксилер элди ташуусун талап кылышыбыз зарыл. Ошондон кийин гана жол акыны көтөрүү жөнүндө маселени караса болот. Мен жол акыны көтөргөнгө каршымын. Шаардык кеңештин биринчи сессиясында ушул маселени көтөрүп чыгам", - деди Мүзүралиев.

ҮМӨТАЛИЕВ: "Учурда коомдук транспорттор бөлүштүрүлгөн жерде ачык-айкындуулук жетишпейт"

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин айтымында, коомдук транспортторду бөлүштүрүүдө атаандаштык болсо көп маселе чечилет.

"Учурда коомдук транспорттор бөлүштүрүлгөн жерде ачык-айкындуулук жетишпейт. Маршруттук каттамдарды бөлүштүрүү процесси ачык, атаандаштык менен болсо көп маселе чечиле баштамак. Эл ташый турган транспортторго тендердин сынагын шаардын жашоочулары да көзөмөл кылса жакшы болмок. Ошондой эле ал тендер сынактары жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында онлайн болушу зарыл", - деди Үмөталиев.

ӨМҮРАЛИЕВА: "Маршруттук транспорттордун жол акысы эмнеге көтөрүлө турганы ачык-айкын болушу керек"

Укук коргоочу Калича Өмүралиева жол акысы көтөрүлсө айдоочулардын шаар тургундарына жасаган мамилеси өзгөрөбү деген суроо пайда боло турганын айтты.

"Коомдук транспорттордун жол акысын көтөрүү маселеси пайда болду. Анын объективдүү шарттары бар. Бирок бизде "жол кире эмнеге көтөрүлүп жатат?" деген маалымат жок. Эмне себептен жол акысы көтөрүлүп жатканын элге түшүндүрүшү шарт. Жол акы жогоруласа айдоочулардын бизге жасаган мамилеси, сапаттары көтөрүлөбү? Бул боюнча эч нерсе билбейбиз. Бааны көтөрөбүз деп эле коюшат болду. Маршруттук транспорттордун жол акысы эмнеге көтөрүлө турганы ачык-айкын болушу керек", - деди Өмүралиева.

КЫДЫРБАЕВ: "Мамлекет тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү туура эмес"

Экономист Улук Кыдырбаев Бишкекте коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү үчүн алгач экономикалык анализ жүргүзүлүшү керек экенин айтты.

"Маршруттук каттамдын айдоочулары жеке кызмат көрсөтүп жатышат. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортторду сынак аркылуу кабыл алып, анын баасын да бекитип берет. Ал эми учурда маршруттук каттамдын айдоочулары аталган мэриядан "төлөмдөрдүн баасын көтөрүп бергиле" деп кайрылып жатышат. Башында 8 сом, андан кийин 10 сом болду, мындай сумма каяктан чыккан? Бул жакта экономикалык анализди эч ким жүргүзө элек. Бир кызмат көрсөтүүнүн алдында өзүнүн баасын таап, анын үстүнө өзүбүздүн пайдабызды кошобуз да. Ашыкча адам салып алган маршруттук таксилерге 3 миң сомдон айып пул салынат деп жатышат. Анда өнүккөн мамлекеттердин коомдук унаасындай орундуктарды гана толтуруп, элди ташуу керек. Ал үчүн ошого жараша баасы болушу шарт. Коомдук унааларга талапты жогорулаткандан кийин мэрия шарт түзүп бериши абзел. Кээ бир көчөлөрдө 40-50дөй кичи автобустардын кетип бара жатканын көрөсүң. Алардын ортосунда атаандаштык болуп эрежелер да бузулуп жатат. Транспорт министрлиги жана Бишкек мэриясы биргеликте маршруттук жүрүү каттамын кайсы жакка канча коомдук унаа жүрүшү керектигин алдын-ала изилдеп чыгышы зарыл. Чындыгында мамлекет тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү туура эмес. Коомдук транспорт ээлери да биздин жарандарыбыз, душманыбыз эмес. Алар да үй-бүлөсүн багышы керек. Бирок ошол эле учурда жүргүнчүлөрдүн чөнтөгү менен да эсептешүү зарыл. Эгерде маршруттук таксилердин айдоочулары иштебей коюшса, шаар тургундары кыйналат. Ал эми бийлик бир нерсе кыла алабы? Кыла албайт. Жүргүнчүлөрдү камсыздай турган бизде мамлекеттик автобус да, троллейбус да жок", - деди Кыдырбаев.

АКИМОВ: "Жогорку кызматтагы олигархтар өз кызыкчылыктарын ойлоп, карапайым элге жүк көбөйүп жатат"

Журналист Турат Акимов өкмөт азыркы күндө эски нукта иштеп жатканын айтты.

"Экономика өнүкпөй, бюджеттеги акча жетишпей, өкмөт башчылары бюджеттен тышкары ар түрдүү кыйытма төгүмдөргө көңүл бурбай, ар кандай айып пулдарды, туумдарды көбөйтө бергени кадимки адат болуп калган. Өкмөттөгүлөр башкача чечимдерди жарата албай эски нукта иштеп жатышат. Экономикалык реформалар көрүнбөйт. Мурдагы эле элге жүк көбөйөт.

Тийиштүү шарттарды түзүү үчүн өкмөткө эмне жетишпей турганы тууралуу сөз кылып “кенен көз караштык жетишпейт. Өздөрүнүн бюджеттин үстүндө отурган финансылык кызыкчылыгынан аша албай калгандар бар. Акчалуу булактардын баары олигархтарга байланыштуу. Алардын баары Жогорку Кеңеште, Өкмөттө отурушат. Алар өздөрүнүн булактарына запкы тийбешине кызыкдар. Запкынын баары жөнөкөй элге тийип калат. Алар өз кызыкчылыктарын буза албайт, анткени аларга дагы киреше түшүп турушу керек. Ошон үчүн өздөрү отурган булакты кеспейт. Анткени мыйзам чыгаруу жаатында олигархтардан түзүлгөн биздин парламент иштеп жатат", - деди Турат Акимов.

МЫРЗА: "Айып пулдарды өстүрүп, тейлөө акыларын көтөрүү социалдык чыңалууну күчөтөт"

Жарандык активист Айбек Мырза бийлик алгач жарандарга шарт түзүшү керек дейт.

"Коомдук транспорттун жол акысын жогорулатуу туура эмес. Биринчи шарт түзүп, каттамдарды жөнгө салыш керек. Жарандардын айлыгын, пенсиясын жогорулатуу зарыл. Айып пулду, ушул сыяктуу тейлөө акыларын көтөрө берген болбойт. Маршруттук унааларды азайтып, автобустарга өткөрүү мэриянын иши. Жакында жаңы техникаларды сатып алабыз деп жатышат го. Жеңил акча табуунун жолу деп эле ушул сыяктуу алымдарды көтөрө бербеши керек. Себеби мындай кадам социалдык чыңалууну күчөтөт", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан