29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.
4-ноябрда комиссия ишин жыйынтыктаганы маалым болгон. Бирок түркүн шылтоолордон улам өткөн аптада гана өкмөттүн басма сөз кызматы аталган комиссия чыгарган бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлаган.
Комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине дагы деле түшө электиги белгилүү болду.
SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы кечиктирилип жатканынын сыры эмнеде?" деген собол салды.
МЕДЕТБЕКОВ: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы жаңы жылга чейин парламентте каралып, чечимдердин бардыгы аткарылып калса деген ойдобуз"
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков комиссия ишин жыйынтыктаганын айтты. "Мен комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин комитетине түшө электигин уга элекмин. Комиссия өз ишин бүтүрүп, ар ким өзүнүн пикирин киргизип, кол коюп жыйынтык комиссиянын башчысы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго берилген. Кой-Таш окуясы боюнча угуулар Жогорку Кеңеште болот деп айтышкан. Эмне үчүн Жогорку Кеңештин комитетине комиссиянын ишинин жыйынтыгы түшө электиги белгисиз. Комиссиянын жыйынтыгы жаңы жылга чейин Жогорку Кеңеште каралып, чечимдердин баары аткарылып калса деген ойдобуз", - дейт Артур Медетбеков.
ТУРДУКУЛОВ: "Комиссиянын жыйынтыгына карата шек жараткан суроолор болуп жатканы күтүлгөн нерсе болчу"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, комиссияны Жеңиш Разаков жетектегени кош стандарттуулук.
"Комиссиянын жыйынтыгына карата шек жараткан суроолор болуп жатканы күтүлгөн нерсе болчу. Анткени башында эле юристтер, жарандар, көз карандысыз эксперттер комиссиянын легитимдүүлүгүнө шектенишкен. Күч түзүмдөрдү тейлеген жана Кой-Таштагы операцияга өзү катышкан Жеңиш Разаковдун комиссиянын башында турганы кош стандарттуулук жана бул комиссия объективдүү эмес болоруна негиз түзүп берген. Чындыгында бул комиссияны парламент өзү түзүшү керек. Укуктук жана саясий баа берүүгө ошол гана комиссия укуктуу болуш керек болчу. Өкмөт өзүнүн курамында болгон күч түзүмдөрүнө карата кандайдыр бир кеңеш же сын-пикир жазууга дарамети жетпейт жана алардын кызыкчылыгына дагы төп келбейт. Комиссияга Атамбаевди жаман көргөн, жеке таарынычы бар адамдарды кошуп койгону дагы түшүнүксүз. Бул жерде бир гана ошол Атамбаевдин үйүнө болгон чабуулду легитимдештирүү, мыйзамдаштыруу жана саясий жагынан актоо аракети болду. Бул комиссиянын ишине эч кимдин ичи жылыган жок. Көптөр сын-пикир айткандыктан, бул комиссиянын иши басаңдап, алдыга жылбай турат. Ошол комиссиянын мүчөлөрү өздөрү деле юрист болгондуктан, жакынкы келечекте аларга карата укуктук баа берилип калышы мүмкүн деген шек санашкандыктан, бул комиссиянын жыйынтыгы кечеңдеп жатат", - дейт Турдукулов.
ТАЛГАРБЕКОВ: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы боюнча өз ара түшүнбөстүктөр болуп жатса керек"
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия калыс жыйынтык чыгарбаса, дароо эле көрүнүп калат деген ойдо.
"Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы боюнча өз ара түшүнбөстүктөр болуп жатса керек. Ал комиссиянын жыйынтыгын көрбөгөндөн кийин бир нерсе деп айтуу кыйын. Жыйынтык коомчулукка көрсөтүлө элек. Калыс чечим чыгат деп ишенем. Бул окуя боюнча жыйынтыкты бир жакка тартып коюу кыйын. Калыс чечим чыкпаса, дароо эле көрүнүп калат", - дейт Талгарбеков.
КАРАСАРТОВА: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын элге көрсөтө турган жыйынтыгы даяр эмес болуш керек"
Укук коргоочу Рита Карасартова комиссиянын элге көрсөтө турган жыйынтыгы даяр эмес болуш керек деген пикирде.
"Комиссия кимдердин курамынан түзүлдү? Мурда Атамбаевге кандайдыр бир таарынычы бар кишилерден турган комиссия түзүлгөн. Коомчулукта таарынгандардын комиссиясы деп да аталып калды. Алар укмуш бир комиссиянын корутундусун чыгарабыз деп ойлошкон болуш керек. Бирок алардын арасында юрист бар, Клара Сооронкулова бул чечимге каршы болуп чыккан. Комиссиянын элге көрсөтө турган жыйынтыгы даяр эмес болуш керек. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин комиссиянын жыйынтыгы тууралуу маалымат чыга элек", - дейт Рита Карасартова.
АСАНОВ: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгын Жогорку Кеңеш саясий абалдар тынчыгандан кийин караса керек"
Саясатчы Бектур Асанов комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү маалымдалганын билдирди.
"Комиссиянын мүчөлөрү жыйынтыкты Жогорку Кеңешке беришкенин айтышкан. Комитетке түшө электиги боюнча маалыматым жок. Бул жерде кеп Жогорку Кеңеште болуп жатат го. Саясий абал бир жумадан бери тынч эмес, митинг болуп жатат. Парламент ушул иштер бүткөндөн кийин карайбыз деп жатышса керек", - дейт Бектур Асанов.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Кой-Таштагы окуя боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкпай жатканы күмөн жаратат"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Кой-Таштагы окуя боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкпай жатканы күмөн жаратат деген пикирде.
"Биз башы жок бака, көзү жок көгөн мамлекетте жашап жатабыз. Азыркыга чейин Кой-Таштагы окуя боюнча жыйынтыктын чыкпаганы бийликте дагы деле Атамбаевди колдоп жаткан күчтөр, тараптар бар экенин билдирет. Кечээги митингде деле кыйкырып, талаптарды айттык, бирок реакция болгон жок", - дейт Токтонасыров.