КҮНСОБОЛ: Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына эмне үчүн бир айдан бери реакция болбой жатат?

Абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кат жазган. 16-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазылган катка тийиштүү документтер керек экенин айтышкан. Анын жактоочусунун айтымында, 17-октябрда катка керектүү документтер тиркелип, тийиштүү жерге жөнөтүлгөн. Жапаровдун президенттен ырайым сурап жөнөтүлгөн каты боюнча ырайым кылуу маселелер боюнча комиссия эч кандай маалымат жок экенин билдирди.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына эмне үчүн бир айдан бери реакция болбой жатат?" деген собол салды.

ТУРУСБЕКОВ: "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына сөзсүз реакция болот деп ойлойм"

Депутат Бактыбек Турусбеков белгилегендей, мындай маселелерди кароодо өзүнүн регламенти бар. "Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мына ЖККУнун отуруму башталды. Ага 5 өлкөнүн жетекчилери келип жатат. Бул чоң иш-чара. Анан мындай маселелерди кароодо өзүнүн жол-жобосу, регламенти бар. Ал нерсе сөзсүз каралат деген ойдомун. Мисалы, 120 депутаттын баары сүйлөйм десе да чек коюлуп калып жатат. Реакция сөзсүз түрдө болот деген пикирдемин. Кандай гана жаран болбосун анын укугу бар деп ойлойм.

Бир аптадан бери туура айтканы да, туура эмес айтканы да болуп жатат. Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Кандай маселе болбосун баарын Жогорку Кеңешке алып келип жатабыз. Тиешелүү мекемелер бар, комиссиялардын жыйынтыктарын көрүп алалы. Учурда жумуш өтө көп. Бул маселени сөзсүз түрдө карап, кандайдыр бир жооп болот деп ойлойм", - деди Турусбеков.

ОСМОНАЛИЕВ: "Жапаровдун көтөргөн маселеси бул коррупционерлердин кекиртегине тыгылган чоң түйшүк болгон"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаров Кыргыз мамлекетиндеги эң популярдуу саясатчы деген пикирде. "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына бир айдан бери реакция болбой жатканы баарына эле түшүнүктүү. Садыр Жапаров бийликтин күч колдонуусу менен камалып кеткен. Мурунку бийликтин убагында иштегендер дагы деле бийликте. Садыр Жапаровдун көтөрүп жүргөн маселеси бул коррупцияга малынган аткаминерлердин кекиртегине тыгылган чоң түйшүк болгон. Ал мыйзамга ылайык, ырайым сурап кат жазды. Бирок реакция боло элек. Жапаров Кыргыз мамлекетиндеги эң популярдуу саясатчы болуп эсептелет. Анын күйүмдүү саясатчы экенин "Кумтөр" маселесин көтөргөнүнөн эле билсе болот", - дейт Каныбек Осмоналиев.

МАМАШЕВА: "Садыр Жапаровдун ырайым сураганына эмне үчүн реакция болбой жатканы боюнча президенттик аппаратка кайрылуу керек"

Депутат Айсулуу Мамашева бул маселе боюнча президенттик аппаратка кайрылуу туура болот деген пикирде.

"Регламент боюнча, мындай маселелер кандай караларын билбейм. Бирок кайрылуу президентке болгондуктан, аны президенттин аппаратынан суроо керек. Эмне үчүн реакция болбой жатканын билбейм жана айта албайм. Эгер бул кайрылуу менен Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке кайрылган болсо, анда башка маселе болмок", - деди Мамашева.

ЖОЛДОШОВА: "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына эмне үчүн реакция болбой жатканы мага дагы түшүнүксүз болуп жатат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова бийлик коомчулуктун пикири менен эсептеши керектигин айтты. "Садыр Жапаров Кыргыз мамлекетиндеги эң чоң байлык "Кумтөрдүн" байлыгы мамлекетибизге кызмат кылса деген чындык үчүн акыйкатсыз, адилетсиз, мыйзамсыз камалып отурат. Ал абдан чоң азап кайгыны башынан өткөрдү. Жапаров акыйкатсыз, адилетсиз, мыйзамсыздыкка туруштук бере алды. Ошончолук эрки күчтүү инсан. Мен саясатчы катары көптөгөн саясатчыларды көрдүм, бирок ошондой эрки күчтүү жигиттерди чанда эле көрдүм. Ошолордун бири Садыр Жапаров. Бирок кайгынын үстүнөн кайгынын келгени анын жан дүйнөсүн талкалап, жүрөгү токтобой тургандай болуп канталап калды. Мындай азапты эч бир адам көрбөсүн. Баласынын акыйкатсыз камакта жатканына жүрөгү чыдабай, ата-энеси каза болду. Андан соң баласы кырсыкка кабылды. Мына ушундай адам чыдагыс кайгы муңга батса дагы Садыр Жапаров өзүнүн позициясынан кайткан жок. Ал эмне үчүн ырайым сурады? Ал келинчеги Айгүл, балдары оор абалда сынып калбасын деп ушундай кадамга барды. Садыр Жапаров ата катары балдарына, жар катары өзүнүн келинчегине керектигин түшүнүп турат. Бир туугандарына дагы тирек катары керек. Эл-журт дагы Садыр Жапаровду социалдык тармактардан колдоп жатышат. Садыр Жапаровдун абалын сүрөттөп бере албайм. Анын абалын сүрөттөө өтө татаал. Ырайым жазардын алдында миң жолу ойлонду. Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров ырайым сураса, боштондукка чыгарам деген сөзү бар. Эмне үчүн реакция болбой жатканы мага да түшүнүксүз. Жок же бар деп жооп бериши керек эле. Бул жерде Садыр Жапаровдун эле тагдыры эмес, анын үй-бүлөсүнүн, бир туугандарынын тагдыры турат. Бийлик коомчулук менен эсептеши шарт. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары Садыр Жапаровдун боштондугун суранып жатканын эске алып, президент Сооронбай Шарипович бул маселеге көңүл буруп, Садыр Жапаров жакын арада боштондукка чыгат деп ишенем", - дейт Жылдызкан Жолдошова.

БУЛАТОВ: "Саясий туткундардын бардыгы камактан бошотулушу керек"

Жарандык активист Качкын Булатов саясий туткундардын бардыгы камактан бошотулушу керектигин айтты. "Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери аны урматтап келе жатабыз. Бирок эч нерсеге реакция кылбай жатат. Коррупцияга каршы күрөштү Атамбаевдин тегерегинде гана жүргүзүп жатат. Саясий туткундарды бошотушу керек эле да. Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду актоо зарыл. Аларды актабай президент өзүнө душмандарды үйүп жатат. Ал туура эмес саясий багытты тандап алды. Сооронбай Жээнбеков өзүн күчтүү саясатчымын десе саясий туткундардын баарын акташ керек. Былтыр мурдагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде мындай мыйзам бузуулар болуп жатат деп айткан. Бирок ошол учурда реакция болгон эмес. Мурдагы элчи айткан мыйзам бузуу бүгүнкү күндө далилденип калды. Бийлик Садыр Жапаровду коё бергенден өздөрү коркуп жатышат", - дейт Качкын Булатов.

ЖУНУСБЕКОВ: "Кумтөр" маселеси козголот деп Садыр Жапаров чыгарылбай жатса керек"

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков "Кумтөр" маселеси козголот деп Садыр Жапаров чыгарылбай жатса керек деген пикирде.

"Садыр Жапаров бошотулса, келе жаткан шайлоолорго тоскоолдук жаратат деген ойлор болуп жатышы мүмкүн. "Кумтөр" маселеси козголот деп Садыр Жапаров чыгарылбай жатса керек. Реакция болушу үчүн бийликке басым жасаш керек. Бийлик өзүнүн абийири менен жакшы иш жасабай турган болуп калды", - дейт Жунусбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан