Украинанын жаңы президенти болуп Володимир Зеленский шайланды. Украина менен Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер болбосо да, эгемендик тарыхында окшош саясий жана коомдук көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө: эки төңкөрүш, коррупциянын жогорку деңгээли, бөтөн жерде эмгектенген мигранттары, бийликтен көңүлү калган эли.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Украинада Володимир Зеленскийдин шайлоодо жеңиши Кыргыз саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?" деген собол салды.
МАДУМАРОВ: "Украинада элдин тандоосу жана каалоосу биринчи кезекке коюлду"
Саясатчы Адахан Мадумаровдун айтымында, Украинадагы шайлоонун жыйынтыгынан кыргыз эли сабак алыш керек. "Украинада элдин пикирине сурамжылоо жүргүзгөндө, "72 пайыз эл Зеленскийди колдойт" деп чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган жыйынтыгы да 72 пайыз болду. Биз ушуну үйрөнүшүбүз керек. Бизде болсо дайым карасаң, сурамжылоодо Мадумаров 60 пайыздан кем алып көрбөйт да, ал эми БШК артындагысын жоготот да 6 пайыз кылып жиберет. 7 пайыз тосмо болсо, 6,85 пайыз кылып коёт. 5 пайыз тосмо болсо, 4,75 пайыз кылып коёт. "4 добуш жетпей калды" дегендей кылып коёт. Бул арамдык, арамзалык.
Украинада элдин тандоосу жана каалоосу биринчи кезекке коюлду. Туура же туура эмес тандадыбы - бул экинчи маселе. Бирок эл кандай тандап алды, ошону көрсөтүштү. Биз дагы ошого үйрөнүшүбүз керек. Шайлоо эмес тандоо болду. Алар тандады, а бизде дайындап койду. Ушу менен айырмаланабыз", - дейт Мадумаров.
БЕКЕШЕВ: “Кыргыз мамлекетине катуу деле таасир бербейт”
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргыз мамлекетинин Украина менен көйгөйү жок экенине токтолду. “Кыргыз мамлекетине катуу деле таасирин бербейт. Украинада жаңы форматта шайлоо өттү. Эми башка өлкөлөрдө дагы жаңы форматта шайлоолор башталат. Биздин Украина менен көйгөйүбүз жок. Ошондуктан зыян же жакшы жактан таасир берет деп айта албайм”, - дейт Бекешев.
МАСАЛИЕВ: “Зеленскийдин шайлоодон жеңишке жеткени - бул "украин эли саясаттан тажап бүттү" дегендин белгиси”
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, украин эли Зеленскийди эмес, "Слуга народа" сериалындагы анын каарманын шайлагандай көрүнөт. “Чыгармачыл адамдар кыймылдап, саясий жактан активдүү болуп калышат. Алар парламенттик, президенттик шайлоого барышат. Бул эми тамаша сөз.
Чындыгында бул "жалпы эл саясаттан чарчап бүттү" дегендин белгиси. Эл кинодо көрсөтүлгөн Зеленскийдин иш-аракетин чындык деп эсептеп, кабыл алгандай көрүнөт. Алар "кандай болсо да ушул бала кинодогудай болуп турмушта дагы иштеп берсе жаман болбойт" деп шайлашты”, - дейт Масалиев.
ТУРДУКУЛОВ: "Бизде Зеленскийдей адам болсо, аны колдоп жибергенге бүт мүмкүнчүлүктөр бар"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун айтымында, Кыргыз өлкөсүндө саясий элитага кирбеген адамдарды эл колдоп кеткен учурлар болгон. "Мурунку Советтер Союзуна кирген Украинадагы саясий абалды кызыгуу менен карайбыз. Көп окшоштуктар бар: ал жерде дагы 2 революция болгондон кийин элде саясий элитадан тажоо сезими бар. Ошондуктан эч кандай саясий тажрыйбасы жок жана мамлекеттик кызматта иштебеген адам президент болуп калды.
Биздин коомчулук да саясий элитадан чарчап тургандыктан, жаңы адам катары сырттан келген адамга муктаждык бар. "Толкунду көтөрүп ошонун үстүндө жүрө алган адам 2023-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн" деген сабак алсак болот. Бизде дагы ушул сыяктуу окуялар болгон. Сырттан келген Талант Масадыковду, Темир Асанбековду коомчулук жапырт түрдө колдоп кеткен учурлар болгон, бирок өздөрүнүн дарамети жетпей койгон. Ал эми Зеленскийдин командасы жакшы иштеди, ал өзү дагы эл менен иштей аларын көрсөттү. Эң негизгиси, эл ага ишенип жатты. Карапайым калк учурда "Зеленский сатып кетпейт, бюрократ жана коррупционер эмес" деген ойдо. Эгер бизде андай адам болсо, аны колдоп жибергенге бүт мүмкүнчүлүктөр бар", - деди Турдукулов.
МОЛДАЛИЕВ: "Акаев, Бакиев, Атамбаев да бийликке Зеленскийдей оңой келишкен"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, учурда Украина кыйын акыбалда. "Өлкөнүн чыгышындагы Донбасста согуш аракеттери жүрүүдө, Крым маселеси күн тартибинде турат, эл Евробиримдикке кирүүгө үмүттөнүүдө. Зеленский мунун баарын жасай алабы - чоң маселе. Элдин колдоп бергени жакшы, бирок ага каршы болгон күчтөр чыгат, арасында капчыктуулар жана олигархтар бар. Зеленскийдин убадасы боюнча, алардын кызыкчылыктары кысымга алынат.
Мамлекетти башкарып кетиш үчүн тажрыйба керек, күчтүү командасы болуш шарт. Саясатчылар жана бизнес элита жардам бергендей кылышы зарыл. Баарын бириктире алса анда жакшы болот, бирок бул өтө күмөндүү. Бийликке келиш жеңил, башкарып кетиш кыйын. Бийликти кармап калыш андан да кыйын. Бизде Аскар Акаев оңой келген, Бакиев да оңой келген. Ыңкылаптан кийин эл Атамбаевди тажрыйбалуу оппозиционер катары колдоп президенттикке шайлаган. Эл колдойт жана тез өзгөрүүлөрдү күтөт. Зеленский да кыйынчылыктарга туш келет.
Украина Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен чыккан, учурда Батышты көздөй саясат жүргүзүүдө. Саясий сабактары жагынан бизге тажрыйбасы керек болот. Орусия менен мамиле бузулганда Орусия кандай мамиле кыларын көрсөк болот. Украиндер менен орустар бир тууган эл да. Азыр ушул бир тууган элдин акыбалын көрүп турабыз", - деди Молдалиев.
АКЫЛБЕК: "Эгер 2020-жылы азыркыдай парламент куралса, өнүгүүгө убакыт уттурабыз"
Саясий серепчи Нурсултан Акылбектин айтымында, Украинанын башкы ийгилиги куудул Зеленскийдин шайлоодо уткандыгында эмес, өнүгүү багытын тандап алгандыгында. "Өлкө жана эл кайсы багытта жүрүү жана кандай өнүгүү керек экенин так билет. Бийликке ким келсе да бул багыт өзгөрбөйт. Ал эми Кыргыз Республикасы акыркы жылдары бир нече өнүгүү стратегиясын кабыл алган, бирок кайда бара жатканыбыз жана бир нече жылдан кийин кандай өлкө болобуз дале түшүнүксүз. Жарандар өлкөнүн келечегине ишенбей бара жатышат.
Биз дале түрдүү рейтингдерде африкалык өлкөлөр менен атаандашып келе жатабыз. Көз каранды парламент жана сот бийлиги; укук коргоо жана салык органдары коррупциялашкан. Демократиялык институттар иштеп баштамайынча, башкаруу системи коррупциялашкан бойдон тура берсе, инвесторлордун ишеним деңгээли төмөндөйт жана эч кандай экономикалык өнүгүү болбойт.
Володимир Зеленский өзүнүн жеңиш сөзүндө мурдагы советтик мамлекеттерге кайрылып "бизди карагыла, баары колдон келет!" деп айтты. 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоо - өлкөбүз үчүн башкы чакыруу. Эгер жарандарыбыз азыркыдай парламентти кураса, өлкө өнүгүүгө убакытты уттурат. Систем кардиналдуу жаңылоого муктаж. Жарандар гана өз добушу менен өлкөнүн өнүгүү стратегиясын аныкташы керек. Украина буга ачык мисал", - деди Акылбек.