КҮНСОБОЛ: 8-мартта маршка чыккан аялдарды милиция кызматкерлери кармап кетти. Мындан улам ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетүүсү талап кылынууда. Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетүүсүнө негиз барбы?

8-мартта аялдардын зомбулукка каршы маршка катышкан активист аялдарды милиция кызматкерлери кууп таркатып, айрымдарын кармап кетишкен. Бул көрүнүш коомчулукта талкууга алынып, айрымдары укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сындашса, кээ бирлери маршка катышкан аялдарды сындап жатышат. Ошол эле учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылгандар дагы бар. Бүгүн Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев кызматтан кетиши керектигин айтты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "8-мартта маршка чыккан аялдарды милиция кызматкерлери кармап кетти. Мындан улам ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетүүсү талап кылынууда. Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетүүсүнө негиз барбы?" деген собол салды.

МАСАЛИЕВ: "Милиция кызматкерлери аялзатына мындай орой мамиле кылбаш керек эле"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев милиция кызматкерлери аялзатына мындай орой мамиле кылбаш керек эле деп билдирди.

"Коомчулук ошон үчүн нааразы болуп жатат. Кандай бузуу болгон күндө деле бир аз башкача чара колдонсо жакшы болмок. Министрдин отставкасы тууралуу айта албайм. Бирок милиция кызматкерлери чоң ката кетиришти. Ал эми бет кап, калпак кийген жигиттер тууралуу сөз жок. Уят. Ошол кыймылдын ураандары мага жакпаса да мындай чара колдонгон туура эмес деп эсептейм. Башка жолду издеш керек эле. Аларды сүйлөшүү жолу менен таркатса болмок. Милиция кызматкерлери ушундай эрдикти башка жакта көрсөтсө баа берет элем", - дейт депутат.

БАКИРОВ: "Майрамды майрамдай эле өткөрсөк жакшы болмок"

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров майрамды майрамдай өткөрүү зарыл деген ойдо.

"Биринчиден, Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетишине негиз жок. Ал киши ички иштер министри катары Кыргыз мамлекети боюнча коомдук тартипти камсыз кылууга милдеттүү. Алар мыйзамдын негизинде иш кылат. Экинчиден, 8-март күнү марш кандай максатта уюштурулганын билбейм, толук маалыматым деле жок экен. Андай акцияны уюштурганга кандай зарылчылык болгон? Элдин баарысы майрамдап, жакшы маанайда жүрүшкөн. Алар биздин кыргыздын баалуулуктарга туура келбеген жазууларды көтөрүп чыгышып, коомчулуктун көңүлүн бурдургусу келгенби же башка жактан тапшырмалар болгонбу белгисиз. Тилекке каршы жакшы эмес көрүнүш болуп калды. Бет кап кийген балдар тарабынан дагы одоно мамиле болду. Эң негизги айтарым, майрамды майрамдай эле өткөрсөк жакшы болмок", - дейт Мирлан Бакиров.

КАРАШЕВ: "8-мартта маршка чыккан аялдарды камагыла деп ким буйрук бергенин териштириш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 8-мартта маршка чыккан аялдарды камагыла деп ким буйрук бергенин териштириш керектигин билдирди.

"Бардык нерсе укуктук талаада болушу шарт. 8-март аялдардын күнү. Соттун митингге тыюу салуу чечимин Башкы прокуратура жана шаардык сот жокко чыгарды. Ошондо соттор Конституцияны карабай чечим чыгардыбы? Ушундай суроолор жаралып жатат. Бардыгы такталышы керек. Кашкар Жунушалиев камагыла деп буйрук бердиби же ким берди тактап туруп, мындайга жол бергендер жазасын алышы керек. Ким тарабынан буйрук берилгени териштирилиши зарыл", - дейт Аалы Карашев.

АСАНОВ: "Министр өзү отставкага кетиши керек болчу"

Саясатчы Бектур Асанов Кашкар Жунушалиев отставкага кетиши керек деген пикирде.

"Мындай учурда ал өзү кетиши шарт болчу. Себеби 8-мартта мамлекеттин имиджине шек келтирилди. Туура эмес иштер болду. Министр деген өкмөттүн мүчөсү, саясий кызмат болуп эсептелингенден кийин ал киши кетиши керек. Милиция кызматкерлеринин аялдарды кармап кеткени туура эмес. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Чагымчыл адамдарды кармоо зарыл болчу", - дейт Бектур Асанов.

АБДИРАСУЛОВА: "Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетишине негиз бар"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жунушалиев тынч маанайдагы митингдер жөнүндө мыйзамды аткарган жок деген ойдо.

"Ички иштер министринин отставкага кетишине негиз бар. Себеби Жунушалиев тынч маанайдагы митингдер жөнүндө мыйзамды аткарган жок. Мыйзамды, Конституциянын нормасын одоно бузду. Ак калпакчан, бет кап кийип аялдарды ур-токмокко алгандарды милиция кызматкерлери кармаган жок. Ошондуктан бул жерде Кашкар Жунушалиев милдетин аткарган эмес. Майрам күнү болгондуктан Свердлов РИИБинин башчысы дагы караш керек болчу. Бийлик менен карапайым элдин карама-каршылыгы күчөгөндө жергиликтүү бийлик атайын эл менен милиция кызматкерлерин кайраштырып коёт", - дейт Абдирасулова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан