КҮНСОБОЛ: Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. Бул демилге элге пайдалуубу?
Экономика министрлиги сатуудан алынуучу салыкты жогорулатууну демилгелөөдө. Азыркы учурда сатуудан алынуучу салыктын 1 пайыздыгы жана 2 пайыздыгы бар. 1 пайыз чекене соода жүргүзгөндөр үчүн, ал эми 2 пайыз кызмат көрсөткөндөр үчүн. Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 пайыз кылууну, демек, 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. Экономика министри Олег Панкратов мындай аракеттер көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга багытталганын айткан. SUPER.KG порталы "Бул демилге элге пайдалуубу" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Бул демилге аймактарда жашагандарга зыянын тийгизет"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай өзгөртүүлөрдүн алыскы аймактагылар үчүн зыяны тие турганын айтты. "Президент Сооронбай Жээнбеков "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяласа, бул демилге, тескерисинче, аймактарды жок кылууга багытталат. Аймактарда банктык инфраструктура өтө начар. Мисалы, банкоматтар жок, кээ бир жерде банкоматты тапканың менен, дүкөндөрдө карточка аркылуу төлөөгө атайын кассалар жок. Бул демилге өтө зыян алып келет. Биз салыктарды көтөрбөй эле башка маселени карасак туура болмок. Экономика министри Олег Панкратов айылдарды кыдырганын жакшы билем. Бирок ал айылда жашаган эмес. Айылда жашаса, позициясы башкача болмок. Аймактарга банкоматтарды алып барганыбыз менен инкассациясы жок. Акчаны алып барууга, толтурууга көп каражат кетет", - деди Бекешев.
ЖАПАРОВ: "Санариптик систем кирсе, бюджеттин киреше бөлүгү 2-3 жылдын ичинде 2-3 эсеге жогоруламак"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдиргендей, салыкты көтөрүү - парламенттин укугу. "Жогорку Кеңешке андай мыйзам келе элек. Экономика министрлиги билдиргендей, эсепти электрондук түрдө жүргүзгөндөр үчүн салык көтөрүлбөйт. Накталай акча менен иш жүргүзгөндөрдү азайтуу максатында бул демилгени көтөрүп жатышат. 2 миллион 200 миң киши карточка алган. Анан ошонун баары электрондук түрдө төлөөгө өтүшү керек. Эл чочулабай эле койсо болот. Акыркы чекитти Жогорку Кеңеш коёт. Парламент кандай талкуу болбосун аны коом менен талкуулайт.
Бул демилгенин элге пайдасы бар. Бардыгыбыз бир товарды сатып алганда салык төлөп жатабыз. Ошол салык биздин бюджетке түшпөй калып жатат. Бизден калкынын саны аз, 4 миллион кишиси бар Грузия бюджетине 2-4 эсеге көп каражатты чогултуп жатат. Ошондуктан накталай акча менен иш жүргүзүүнүн көлөмүн азайтып, электрондук түрдө төлөөгө өтүшүбүз зарыл. Бул демилгенин жалпы стратегиясы туура. Бирок бул тууралуу азыр айтканы, шашканы туура эмес. Менин божомолум боюнча, санариптик систем толугу менен ишке ашса 2-3 жылдын ичинде бюджеттин киреше бөлүгү 2-3 эсеге жогорулайт. Ошого жараша пенсия жөлөк пулдун көлөмүн дагы көтөрө алабыз", - деди Жапаров.
МАМАТАЛИЕВ: "Мындай демилгенин ишке ашуусуна коом азырынча даяр эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, премьер-министр бул демилгени колдойм же колдобойм деп позициясын аныктай элек. "Мен бул маселе боюнча өкмөткө кирип чыктым. Бул Панкратовдун өзүнүн демилгеси экен. Экономика министри демилгени өкмөткө алып келе элек. Өкмөт муну колдобойт болушу керек. Министрлик накталай акча жүгүртүүнү азайтабыз деп демилгелеп жатыптыр. Бирок мындай болгон учурда жеке ишкерлерге кыйын болуп калат. Чоң фирмаларга көп деле кыйынчылык келтирбейт. Жеке ишкерлерге, накталай иштеген майда дүкөндөргө оор болуп калат. Жеке ишкерлердин бардыгын электрондук түрдө иштегиле деген туура эмес. Буга коомчулук даяр эмес. Элди ошого өткөрөм деген - бул кыйноо. Бизде электрондук түрдө соода кылууга шарттар түзүлө элек. Азыр бул демилгени колдобош керек", - деди Маматалиев.
МАМАШОВА: "Салык жогорулаган сайын көмүскө экономика да жогорулап кете берет"
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашованын айтымында, бул демилгени парламенттин тармактык комитети колдоого албашы керек. "Сатуудан түшкөн салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу демилгеси Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети аркылуу өтөт. Менимче, бул демилге өнүгүү алып келбейт. Салыкты жогорулатуу туура эмес, ишкерлерге оор болуп калат. Салык жогорулаган сайын көмүскө экономика да жогорулап кете берет. Демилгечилер муну кандай ой менен жасап жатканына таң калдым. Биз, тармактык комитеттин депутаттары бул демилгени колдобошубуз керек. Банктар үчүн соода жайларына терминалдарын орнотуу бекер. Парламент ушундай шарт түзүп берген. Сатуудан түшкөн салыкты көбөйтүү электрондук эмес түрдө соода жүргүзүүчүлөргө карата жасалып жатыптыр. Бизде электрондук акча менен соода кылууга шарттар толук түзүлгөн эмес. Учурда маянаны да көпчүлүк жарандар карта аркылуу алышпайт. Маянанын 25 пайызы Социалдык фондго берилет. Мына, маселе ушул жерде жатат. Социалдык фондго берилчү каражаттын пайызын азайтуу менен гана көмүскө экономика төмөндөйт. Салыкты жогорулатууну демилгелеп жаткан Экономика министрлигиндеги ага-эжелерибиз ишкерлик менен алектенип көрүшкөн эмес. Салыкты жогорулатып коюу оңой, бирок ал элге, мамлекетке пайда алып келиши керек", - деди Мамашова.
АЙДАРАЛИЕВ: "Ишкердүүлүктө калыстык болуп, бардык ишкерлерге бирдей шарт түзүлсүн деп ушул кадамга барып жатабыз"
Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев бул демилгенин максаты бюджетти толтуруу эместигин баса белгиледи.
"Бул демилге ишке ашса атаандаштыкка шарт түзүлөт. Бир ишкер салык төлөп, экинчи ишкер төлөбөй адилеттүүлүк болбой калып жатат. Айрым ишкерлер банк аркылуу иш алып барышат. Анда салык төлөнөт. Накталай товар сатып алынганда көмүскө экономикага шарт түзүлөт. Бул салыктын түрүн ошол накталай соода жүргүзгөндөргө демилгелеп жатабыз. Накталай акча менен соода кылгандар 2 пайыз салык төлөшү мүмкүн. Демилге ишке ашса, ал салыкты төккүсү келбегендер которуу жолун тандоого өтүшөт. Учурда соода-сатыктын 30-40 пайызы накталай түрдө жүрүп жатат. Ишкердүүлүктө калыстык болуп, бардык ишкерлерге бирдей шарт түзүлсүн деп ушул кадамга барып жатабыз. Албетте, бул демилге көмүскө иштеген ишкерлерге жакпайт. Бул демилгенин жумушчу тобуна кошуу боюнча ишкерлер ассоциацияларына да маалымат жибергенбиз. Бирок бизге бир эле өкүлү келди. Салыкты көтөрүү менен бюджетти толтуралы деген ой жок. Ушул жылдын 7 айында эле салык 104 пайызга чогултулду. Бул демилге азырынча ой гана. Долбоор эми иштелип чыгат. Муну алгач өкмөт, кийин Жогорку Кеңеш колдошу керек. Кабыл алынбай калышы да мүмкүн. Бизди бул тууралуу ооз ачарыбыз менен сындап жатышат. Мындай мамиле туура эмес", - деди Айдаралиев.
СУРАБАЛДИЕВА: "Салык төлөөдөн качкандар – министрлер, алардын орун басарлары же башка чоңдор"
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын пикиринде, Экономика министрлиги алгач өзү көмүскө экономикага себеп болуп жаткан кадрларынан тазаланып алышы керек.
"Көмүскө экономика тийиштүү мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүз ишке ашпайт. Биринчиден, өздөрүнүн арасындагы адамдарды тазалап алышы керек. Же эмне, өздөрү менен өздөрү күрөшөбүз деп жатышабы? Мамлекет иш орундарын түзүшү керек болчу. Бирок ал милдетти жеке ишкерлер аткарып жатат. Бул чөйрөдө жүргөндөр мамлекеттен жардам сурабайт. Болгону "бизге ашыкча тийбегиле" деп турушат. Көмүскө экономика менен күрөшүү үчүн алгач шарт түзүш керек. Азыр банктык терминалдар аймактарга коюлган эмес. Баары бул көйгөй өздөрүнөн чыгып жатканын билишет. Бирок токтоткула деп сын айтсаң, факт керек дешет. Салык төлөөдөн качкандар – министрлер, алардын орун басарлары же башка чоңдор. Жетекчилер өздөрү аралашып алып кантип анан салыкты жогорулатышат?" - дейт Сурабалдиева.
КАЧКЫНБАЕВ: "Бюджетти толтуруу, көмүскө экономиканы жоготуу үчүн "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу керек"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев сатуудан түшкөн салыкты көбөйтүү Японияга терс таасир бергенин айтты.
"Япониядай мыйзам иштеген өлкө болгонубузда салыкты акырындан көтөрсөк болмок. Биз азыр ал деңгээлге жете элекпиз. Салыкты 5 пайызга көтөргөн учурда ачык төгүп жүргөндөргө өтө оор болуп калат. Жаңы бизнес ачып жаткандарга да катуу сокку болот. Ал эми кирешесин жашырып жүргөндөрдөн 1 пайыз эмес, 100 пайыз кылсаң да пайда жок. Бул демилге, тескерисинче, көмүскө экономиканы күчөтөт, коррупцияга түртөт. Бизге пайда алып келбейт. Демилгечилер, менимче, Орусияны туурап жатышат. Орусияда да салыктын бул түрү көтөрүлгөн. Алар эми кыйналышууда. Японияда да сатуудан түшкөн салыкты 2014-жылы 5 пайыздан 8 пайызга көтөрүшкөн. Алар бул демилгени 8 жыл талкуулашып, кийин гана Япон парламенти колдоп берген. Алар инфляцияга учурап, аргасыздан ушул кадамга барган эле. Алардын планы боюнча, 2016-жылы 8 пайыздан 10 пайызга жогоруламак. Бирок 2015-жылы продукциянын суммасы жүргүзүлгөн сооданын суммасынан 1,2 пайызга көп чыккан. Ошондон улам бул демилге ишке ашпай калган. Бизде салыкты көтөрүүгө илимий негиз же маанилүү аргумент айта албай жатышат. Демилгечилер бул сунушту кокустан эле көтөрүп чыгышты. Мыкты экономикага ээ болгон Япония бул кадамдан баш тартты. Биздин министрлик эмнеге мындай кадамга барып жатканы түшүнүксүз. Бюджетти толтуруунун, көмүскө экономиканы жоготуунун жолдору көп. Мисалы, Сапар Исаковдун учурунда сунушталган "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу керек эле. Бул анын демилгеси эмес. Аны көптөн бери өлкөдөгү либерал-демократтар сунуштап келген. Тейлөөнү, салык төлөөнү электрондук түргө өткөрүп койсок туура болмок. Эл өзү эле электрондук капчык аркылуу акчаларды төгүп баштамак", - деди Качкынбаев.
САРЫБАЕВ: "Сатуудан алынган салыкты жогорулатуу элдин төмөнкү катмарына зыян келтирет"
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин айтымында, бул демилге ишке ашса, өлкөдө азык-түлүктүн баасы да жогорулайт.
"Салыктын бул түрү кыйыр салык деп аталат. Сатуудан алынган салыкты жогорулатуу элдин төмөнкү катмарына зыян алып келет. Байлар үчүн өтө деле таасири болбойт. Себеби эл азык-түлүктү дүкөндөн сатып алат. Бул салык жогоруласа, ишкерлер да жабыр тартып, продукциясы өтпөй баштайт. Соода түйүндөрүндө баалар өсөт. Себеби салык төлөп жаткандар чыгашасын чыгарып алуу үчүн баалардын үстүнө акча кошот. Дүйнөдө бул эзүүчү салык катары эсептелет. Эгер айлык акы жогору болсо, анда эл кыйналбайт эле. Коррупциялашкан, кедей мамлекеттер гана ушундай кадамга барат. Көмүскө экономика өсүп, байлар салык төлөбөй койгону үчүн элге жүк түшө баштады. Көмүскө экономиканын зыянын элге салык кылып чачуу менен толтурууну пландашууда", - деди Сарыбаев.