КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?

Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгышы керектигин айтты. Мындай сунушун ал КСДП партиясы оппозицияга өткөнү менен түшүндүрдү. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы коалициядан чыкпай турганын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.

КАРАМУШКИНА: "Парламенттеги коалициянын курамы өзгөрүп турушу керек"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, депутаттардын жаңы коалицияны түзүүгө укугу бар.

"Исхак Масалиевде коалициянын курамын өзгөртүү боюнча кайрылуу жасоого укугу бар. Жаңы коалицияны түзүү же түзбөө маселесин парламент чечет. Бул мыйзам ченемдүү демократиялык процесстер. Коалиция дайыма бир курамда турбашы керек, түзүмү жана курамы өзгөрүп туруусу зарыл.

Эртең президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сөз сүйлөйт. Ал өкмөт өз милдеттерин аткара албай жатканын айтышы мүмкүн. Дал ушул учурда Исхак Масалиев КСДПны коалициядан чыгарыш керек деп айтат. Ошентип парламенттеги көпчүлүк коалиция тарап, өкмөт да өзгөрөт", - деди Карамушкина.

ТУРУСКУЛОВ: “Азыркы учурда КСДП фракциясын көпчүлүк коалициядан чыгарууга негиз жок”

“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов КСДП фракциясын көпчүлүк коалициядан чыгарууну колдобой турганын айтты. "Көпчүлүк коалицияда 4 фракция бар. Анын күн тартибинде КСДПны курамынан чыгаруу маселеси жок. Биздин фракция КСДПны көпчүлүк коалициядан чыгарууну колдобойт. Буга азыр негиз жок", - дейт Турускулов.

ЖОРОБЕКОВ: “КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгып кеткени туура болот”

Саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков партия оппозиция болуп жаткандан кийин анын фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керек деген пикирде. “КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы боюнча айтуу кыйын. Анда жаңы коалиция түзүлүп, КСДП оппозицияда калып калат. Менин оюмча, КСДП башкаруучу коалициядан чыкканы туура болот. Алмазбек Атамбаевдин убагында түзүлгөн партия оппозиция болуп жаткандан кийин КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы шарт”, - дейт Жоробеков.

КАДЫРБЕКОВ: “Кептин баары көпчүлүк коалицияда эмес, мунун артында өкмөттүн келечеги турат”

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков "КСДП парламенттеги башкаруучу коалициядан кетсин" деген сөз болуп жатса, саясий оюн башталып жатат деген пикирде. “Бул маселени фракция өзү чечиши шарт. Эгерде өкмөт туруктуу, алмашпай иштесин десе коалиция тарабашы керек. Көпчүлүк коалиция тараганда өкмөт кетип, кайра жаңы премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн шайлаш керек болот. Жаңы өкмөт ишти башынан баштаганга туура келет. Ушундай сөз болуп жатса, саясий оюн башталып жатат. Бул кептин баары көпчүлүк коалицияда эмес, мунун артында өкмөттүн келечеги турат”, - дейт Кадырбеков.

КАЧКЫНБАЕВ: “Жогорку Кеңеш тиштери жок акула сыяктуу”

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкпайт деп ойлой турганын айтты. “Жогорку Кеңеш тиштери жок акула сыяктуу. Жогорку Кеңеш негизинен чечүүчү фигура, чечүүчү органга айланбай калды. Бийликтин ортосунда тең салмактуулук болуш керек. Жогорку Кеңеш көптөн бери өзүнүн функциясын аткара албай калган. Булар кете турган убактысын күтүп тургандай, кетерине аз калганда иштебей калат. Парламент чечүүчү сөздү айта албайт. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан кетпейт. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын партиясы жок. Партияда үчтөй эле депутат калды. Бул партиялар тууралуу мыйзам чийки экенин көрсөтүп турат”, - дейт Качкынбаев.

КЕЛДИБАЕВ: "КСДПнын саясий кеңеши оппозицияга өткөндөн кийин, парламенттеги фракциясы автоматтык түрдө коалициядан чыгыш керек"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, партиянын саясий кеңеши фракциядан жогору турат.
"КСДП партиясы бар болгону үчүн КСДП фракциясы бар. Партиянын саясий кеңеши фракциядан жогору турат. Партиянын лидери жана саясий кеңеши азыркы бийликке оппозиция деп жарыялагандан кийин, парламентте отурган фракция автоматтык түрдө коалициядан чыгышы керек. Партия өзүнүн позициясын жана бийликке болгон көз карашын өзгөрткөн соң, фракция аргасыз өкмөттүн курамынан же коалициядан чыгышы зарыл. Фракциянын жарымынын “коалициядан чыкпайбыз” деп айтканы адамдык жактан туура келбейт", - деди Келдибаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан