Бүгүн, 9-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата иш-чара өттү. Мамлекет башчы сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реформа үчүн материалдык база жакшырууда, бирок реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Президент соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө экенин айтты.
SUPER.KG порталы "Президент сот реформасы алдыга жылбай жатканын айтты. Сот реформасын ишке ашыруу үчүн эмне аракет жетишпей жатат?" деген собол салды.
АБДЫЛДАЕВ: "Реформаны ишке ашыра тургандарда каалоо болушу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев реформаны ишке ашыра тургандарда каалоо болушу керек деген пикирде.
"Реформаны ишке ашыруу үчүн каалоо болушу зарыл. Каалоо жок болсо, шылтоолор толо берет. Реформаны ишке ашыра турган адамдардын өздөрүнүн каалоосу абдан бекем болушу шарт. Каалоосу бекем болсо, реформа ишке ашат. Каалоосу бекем болбой, шалаакы болсо реформа ишке ашпайт. Менин оюмча, реформаны ишке ашырганга аткара турган адамдардын жакшы каалоосу болбой жатат. Каалоо болбосо, аны эки жылга же беш жылга жылдырса да эффект бербейт", - дейт Абдылдаев.
МАСАЛИЕВ: "Соттун айлыгы татыктуу болсо, анча-мынча кыйшык жолго түшпөй калышы мүмкүн"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев соттун айлыгы татыктуу болсо, анча-мынча кыйшык жолго түшпөй калышы мүмкүн экенин айтты.
"Реформага даярбызбы? Сот арачылар жөнүндө мыйзам долбоору бар. Бирок 10 жылдан бери ишке ашпай жатат. Себеби коомчулук деле, бийлик деле даяр эмес. Сот реформаны ким дайындайт, ким коёт, ким текшерет, сапатты кантип баалайбыз деген критерийлерди иштеп чыгуу керек. Сотко кандай болсо да 50 пайыз эл нааразы болот. Себеби бир тарап утулат да. Бир да мамлекетте сот жакшы деп айтышпайт. Сотторду даярдап, кынтыксыз чечим кабыл алгыла деген татаал жумуш. Соттун айлыгы татыктуу болсо, анча-мынча кыйшык жолго түшпөй калышы мүмкүн", - дейт Масалиев.
МАДУМАРОВ: "Мамлекеттин жетекчиси сот реформасын ишке ашыруу боюнча каалоосу болсо, бир жылга жеткирбей жасап койсо болот"
Саясатчы Адахан Мадумаров реформаны ишке ашыруу үчүн каалоо керектигин айтты.
"Сот реформасы деп жарыя кылганда, адам өзүнө-өзү "мен ошого кызыкдармынбы, мен ошону айткандан кийин ишке ашыра аламбы?" деп суроо бериши керек. Сот реформасы деп президенттер 1991-жылдан бери кыйкырып келишет. Бирок 28 жылдан бери сот реформасын бүтүрө алышпай койду. Бул жөнөкөй эле сөз, жөнөкөй эле курулай ураан, чындыгында кайсы президент келбесин сот реформасын каалабайт. Себеби ар бир бийлик соттордун чөнтөктүү болгонун каалайт. Жөн эле элдин алдына чыкканда камера үчүн сүйлөп коюшат.
Эгерде мамлекеттин жетекчиси сот реформасын өткөрүү боюнча каалоосу болсо, бир жылга жеткирбей жасап койсо болот. Тийиштүү мыйзам актыларына өзгөртүү, түзөтүү киргизүүгө ашып кетсе бир ай кетет. Мыйзамдарды шайкеш келтирүү үчүн бир ай кетсе, сотторду окутуп жаңы түзүмдөрдү окутканга бир ай кетет. Аны кыйкырып айтып койгондон реформа болбойт. Соттордун эркиндигин камсыз кылуу зарыл, сот үч сапатка ээ болушу керек. Ыймандуу, сабаттуу, өз жеке башынын эркиндигин туу туткан адам болушу шарт. Реформаны ишке ашыруу үчүн каалоо керек", - дейт Мадумаров.
КЕЛДИБЕКОВ: "Сот реформасы акырындан жылып жатат"
Саясатчы Ахматбек Келдибеков сот реформасын мындан дагы ылдам жүргүзүү керектигин айтты.
"Сот реформасы акырындан жылып жатат деп эсептейм. Мурдагыга караганда, элдерден акыйкатсыз чечимдер чыгып жатат деген арыздар азайып баштады. Сот реформасын мындан дагы ылдам жүргүзүш керек. Президент айткандай, санариптешүүгө өтсөк, ар бир процессти көрсөтсө бул чоң жетишкендик болот. Сот реформасын чечкиндүү шарттар менен жүргүзүү абзел. Буга президенттин көз алдында көзөмөл болсо, сөзсүз түрдө сот реформасы алдыга жылат. Ага мыйзамдарды түздөп, база түзүш керек. Техникалык жактан камсыздоо зарыл. Ошондон кийин санарипке өтсө, сот чечимдери элдин көзөмөлүндө болуп, туура чечимдер чыгып баштайт", - дейт Келдибеков.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Сот реформасы ишке ашпай, мурдагыдай эле балчыкта токтоп турат"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков сот реформасы татаал экенин айтты.
"Сот реформасы башка реформалардай эле татаал. Бийликке келген президенттер, анын тегерегиндегилер "биз сот реформасын жасап, болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишип жатабыз" деп айтышат. Сот адилеттүүлүгү орной баштады деп бардыгы маалымат каражаттарынан байма-бай айтып турушат. Бирок президенттер бийликтен кеткенден кийин эле карасак, мурдагыдай эле эч кандай реформа болгон эмес. Сот мурдагыдай эле президентке, анын тегерегиндегилерге көз каранды болуп, Ак Үйдүн айтканынан чыкпай, сот реформасы да болгон жок. Азыр дагы деле ошондой.
Бүгүнкү күндөгү сот реформасынын кандай болушу керек дегенге бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн түшүнүгү жок. Реформа десе эле бир гана айлыкты же болбосо отурган кабинеттерин айтышат. Алар соттордун ачыктыгын, соттордун ичиндеги атаандаштыкты, сотторго болгон көзөмөлдү, сотторду тандоо процессине окшогон маанилүү баалуулуктар аркылуу сотторду оңдой турган жолдорду көргүлөрү келишпейт. Саясий эрктери жок. Ар бир келген президент сот реформасы тууралуу айтат, бирок эрки жок. Эч кандай реформа болбой кала берет.
Чынын айтыш керек, сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекетте каражат жок. Сот реформасы бул көп каражатты талап кылган багыт болуп эсептелет. Сот реформасында адатта жакшы каражатты Европа мамлекеттери, АКШ, Япония берет. Бүгүнкү күндө биздин ал мамлекеттер менен мамилебиз начар. Орусия, Кытай менен иштейбиз деп билдирип жатабыз. Ошондуктан бул багытта каражат алып келүү мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми орустар менен кытайлар сот реформасына эч убакта акча берген эмес, бербейт дагы. Мына ошондуктан сот реформасы ишке ашпай, мурдагыдай эле балчыкта токтоп турат", - дейт Жээнбеков.