Акыркы мезгилде чуулуу иштер боюнча бир нече кылмыш иштери ачылган. Мисалы, Бишкек ЖЭБи, 9 миң сомдук көчөттөр, ТВЕАнын акчасына салынган мектеп боюнча териштирүүлөр эмне менен бүтөрү али белгисиз. Коомчулук жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтүүдө.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бул жана башка окуялар боюнча козголгон кылмыш иштери өтөөсүнө чыгат деп ишенесизби? Же бул элди негизги маселелерден алаксытуубу?" деген собол менен коомдук жана саясий ишмерлерге кайрылды.
БОКОЕВ: "Чуулуу иштер боюнча президент менен Башкы прокуратура көзөмөлдөөчү катары башкы ролду ойнош керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин ою боюнча, президенттин Коопсуздук кеңешинде "коррупция менен күрөшүү керек" дегенинен кийин жылыштар бар.
"ЖЭБ боюнча чыгып жаткан иштер аягына чыгат деп ойлойм. Бүгүн баш прокурор отчёт берип жатканда "буга чейинки кылмыш иштери качан аягына чыгат?" деп маселе көтөрдүм. Мисалы, Агропродкорпорация боюнча 100 миллион сом желген, түп орду менен жок. Ош, Жалал-Абад дирекциясы боюнча миллиарддаган акчалар, жалпысынан 11 миллиард акча сарпталган. Бул жерде аягына чыкпаган көп иштер бар. Сапатсыз курулган курулуштар боюнча да маселе бар. Ушуга окшогон чоң иштер көп, бул иштер аягына чыгабы же ушул бойдон калып кетеби. Маселе ушул жерде. Бул маселенин чечилишинде президент менен Башкы прокуратура көзөмөлдөөчү катары башкы ролду ойнош керек. Башкы прокуратураны, өкмөттү президент сунуштаган кийин президент жооп берет", - деди Бокоев.
ӨМҮРКУЛОВ: "ЖЭБ боюнча кабыл алган токтомубузду сөзсүз түрдө көзөмөлгө алабыз"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов укук коргоо органдары козголгон кылмыш иштерин сөзсүз түрдө аягына чыгарыш керектигин айтты.
"Резонанстуу иштердин баары парламентте каралды, депутаттык комиссия түзүлдү, комиссия күч органдарына бардык тапшырманы берди. Азыр иликтөө күч органдарында, алар маселени иликтеп сөзсүз түрдө аягына чыгарыш керек. Иштер аягына чыкпай калбайт, бул жерде сөз саясат жөнүндө эмес, конкреттүү каражаттар жөнүндө, ал каражаттар максатсыз пайдаланылганы жөнүндө болуп жатат. Укуктук бааны депутаттар бере албайт, биз саясий бааны бердик. Депутаттар кабыл алган токтомубузду сөзсүз түрдө көзөмөлгө алабыз. ЖЭБ боюнча укук коргоо органдарынын жыйынтыгын угуунун өзүнүн мөөнөтү бар, ошол мөөнөтү бүткөндө жыйынтыгын сурайбыз. Мөөнөтү келгенде алар келип жооп беришке укуктуу", - деди Өмүркулов.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Эгерде азыркы бийлик Атамбаев менен дос болгондо, анда башкача натыйжа күтмөкпүз"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков азыркы бийликтин козголгон кылмыш иштерди аягына чыгарууга мотивациясы күчтүү деген пикирде.
"Алмазбек Атамбаев 7 жыл ичинде жасаган коррупциялык иштерин тиешеси жок болсо дагы азыркы президентке, жакындарына илгенге аракет кылып жатат. Учурунда бир командада болгон, бирок түздөн-түз азыркы президент жана жакындарынын тиешеси жок. Ошондуктан азыркы өлкө башчы ак экендигин, коррупцияга тиешеси жок экендигин далилдеш үчүн бул иштерди аягына чыгарууга мүмкүнчүлүгү жогору, кызыкчылыгы да бар. Ошондуктан бул иштер аягына чыгат. Эгерде азыркы бийлик мурдагыдай Атамбаев менен дос болгондо, анын айтканынан чыкпай турганда, анда башкача натыйжа күтмөкпүз", - дейт Жээнбеков.
Мындан тышкары ал буга чейин козголгон көп кылмыш иштери сыяктуу эле азыркы иштердин да мөөнөтү узартылып, элдин назарынан оолактап аягына чыкпай калуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. "Бирок биз азыр көп жагдайга маани берип карашыбыз керек. Биринчиден, мурунку бийликтин өзүн актоо аракети - анын артынан азыркы бийликте жаралган мотивация. Экинчиден, аларга байланышпаган тергөөнүн сапаты деген түшүнүк бар. Тергөө учурунда далилдерди чогултууда маселелер бар. ЖЭБ, "Датка-Кемин" долбооруна окшогон иштердеги финансылык операцияларды жүргүзүүдө биздин атайын тергөөчүлөрдүн деңгээли төмөн. Мына ушул жерден ката кетип калышы мүмкүн, далил чогулта албай, чогулткан далилдери жараксыз болуп калыш мүмкүн. Андан сырткары биздеги соттордун сапатынын төмөндүгү. Мунун бардыгы ишке таасирин берет, күнөөлүү адам күнөөсүз, күнөөсүз адам күнөөлүү болуп калышы мүмкүн. Ушуга окшогон бизде тобокелчиликтер көп", - деген ойдо экс-депутат.
МОЛДОКМАТОВ: "Күнөөлүүлөрдү жөн эле камап койбой, алган акчасын казынага кайра төктүрүш керек"
Коомдук ишмер Жеңиш Молдокматов чуулуу кылмыш иштери аягына чыгат деп ишенерин айтты. "Себеби бул иштерди аягына чыгарууга Сооронбай Жээнбековдун эрки жетет, иштерди аягына чыгара алат. Ошондой эле бул иштер коомго ачык чыгып, жалпы эл бул иштер боюнча кабардар болуп калды. Алмазбек Атамбаев башкарган 6 жыл ичинде көптөгөн коррупциялык иштер жашырылып келген экен, эми ошол иштердин баары ачылат. ТВЕА, ЖЭБдеги оңдоп-түзөө, Датка-Кемин долбоору, Тарых музейиндеги, Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушундагы мыйзам бузуулар, бул иштердин баары аягына чыкса, чоң акчалардын желип кеткени аныкталат. Эл баарын көрүп турат, баарыбыз көзөмөлдөп турушубуз керек.
Козголгон кылмыш иштери аягына чыгат, күзгө чейин жыйынтык билинип калат. Буларды жөн эле камап койбой алган акчасын казынага кайра төктүрүш керек. "Коррупция" беренеси менен камалган күндө деле булар мунапыска илинип 2-3-жыл отуруп кайра чыгып кетишүүдө. Ошондуктан жегенин кустуруп, коррупционер экенин элге ашкерелеп анан чыгарып коюш керек", - деди Молдокматов.
ХАСАНОВ: "Бир сотту башка сотко алмаштырып коюу – бул сот реформасы эмес"
Юрист Канат Хасанов сот реформасын жасоо - бул чоң иш-чара, аны өтө кылдаттык менен ишке ашырыш керектигин айтты.
"Мыйзам боюнча, кылмыш иши козголгондо ал аягына чыгат, иш сотко ашат, сот чечим чыгарат. Соттон кандай чечим чыгат бул Кудай анан сот билген нерсе, башкабыз эч нерсе айта албайбыз. Туура козголдубу, туура эмес козголдубу, бардык эле кылмыш иштери аягына чыгып, соттун кароосуна кетет. Айыпталгандардын айрымдары акталып, айрымдарына айып пул салынып чыгып жатышат. Азыркы иштерди сот кандай чечет, айта албайм", - деди Хасанов.
"Сот реформасын жасоо - бул чоң иш-чара жана аны өтө кылдаттык менен ишке ашырыш керек. Сот реформасында “бакиевчил сотторду атамбаевчил сотторго, атамбаевчилерди жээнбековчуларга алмаштырабыз" деген такыр туура эмес нерсе. Сотторду тандоо кеңешинде жүрүп, аралашып, бул аябай чоң иш экенин көрдүм. Сот реформасында алгач тергөөнү оңдош керек, жарандык иштер менен алектенгендерди оңдош керек, анан мыйзамды оңдош керек. Бир сотту башка сотко алмаштырып коюу – бул сот реформасы эмес", - деп кошумчалады адис.