Бүгүн, 16-январда Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрдү. Ал элдик курултай тууралуу маселе көтөрүп жатып, ата-бабалар топтолуп кеңешип маселе чечип келгенин айтты. Ал керек болсо азыркы, мурдагы президенттер биригип алып, өлкөнүн өнүгүшүн ойлонушу керектигин билдирди.
SUPER.KG порталы "Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында "Керек болсо азыркы жана мурдагы президенттер биригип алып өлкөнүн келечегин талкуулап, чогуу реформа кылышы керек" деди. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн саясий күчтөр, азыркы жана мурдагы президенттер биригүүсү керекпи?" деген собол салды.
САСЫКБАЕВ: "Мамлекетти оңдогондун ордуна кайра артка кеткенибиз болбойт"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева азыркы жана мурунку президенттердин биригүүсүнүн кажети жок экенин айтты.
"Азыркы жана мурунку президенттер эмнеге бирикмек эле? Атамбаев мамлекетти талкалап кетпедиби? Же биздин мамлекетте талкалай элек бир нерсе калдыбы? Туура эмес. Менин пикирим боюнча, андай болбошу керек. Жазасыз калтыруу жаңы кылмышты жаратат деген сөз бар. Биз мамлекетти оңдогондун ордуна кайра артка кеткенибиз болбойт. Андан көрө артка карабай, мамлекетти алдыга сүрөш керек", - дейт Сасыкбаева.
ТУРДУКУЛОВ: "Экс-президенттердин потенциалын биз өлкөнүн өнүгүшүнө жумшоого пайдалана албай жатабыз"
Жарандык активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов бул абдан туура коюлган маселе экенин айтты.
"Экс-президенттердин потенциалын биз өлкөнүн өнүгүшүнө жумшоого пайдалана албай жатабыз. Себеби өтүп кеткен нерселерге бир гана каралоо аракети жүрүп, азыркы саясий конъюнктурага байланыштырып жатат. Аларга карата жек көрүү жакшы жыйынтыкты алып келбейт. Бир мурунку президентке ырайым берсе, башка президенттерге да ырайым берилиши керек. Улуттук масштабдагы бир консенсус болушу шарт. Анткени бир эле президентти актап коюп, экинчисин актабай койсо бул дагы карама-каршылыкка алып келет. Ошондуктан качып кеткен президенттердин бардыгына ырайым берип, Кыргыз мамлекетине алып келип кандайдыр бир өтүп кеткен нерселерге анализ жасаганга мүмкүнчүлүк бериш керек го деген оюм бар", - дейт Турдукулов.
КАЧКЫНБАЕВ: "Мамлекеттин өнүгүшү үчүн азыркы жана мурдагы президенттердин биригүүсүнүн зарылчылыгын көргөн жокмун"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев мамлекеттин өнүгүшү үчүн азыркы жана мурдагы президенттердин биригүүсүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты.
"Алар эмнеге биригиши керек? Биригүүнүн кажети жок. Жээнбеков жаш бала бекен? Ал өзү эле Атамбаев жок ишти жасай алат. Биригүүнүн зарылчылыгы жок. Жээнбеков президент катары эң жакшы иштеп жатат. Санариптештирүү боюнча көп иштерди жасоодо. Эки жылда бардыгы болбойт да. Сабыр кылып туруш керек. Колунан келген аракеттерди кылып жатат. Биригүүнүн кажетин көргөн жокмун", - дейт Качкынбаев.
ЖОРОБЕКОВ: "Тагдыр чечүүчү маселеде бардык нерселерди колдонушубуз керек"
Саясат таануучу Жолборс Жоробеков тагдыр чечүүчү маселеде бардык нерселерди колдонуу керектигин айтты. "Бул саясий маселе. Мурдагы президенттердин өзүнүн моралдык укуктары бар. Биздин азыркы абалга баа бергенге алардын канчалык моралдык укугу бар? Моралдык укукту мындай коюп туруп, иш түшүп калса мурдагы президентпи, мурдагы оппозиционер болобу жакшы оюу болсо, бүгүнкү бийлик пайдаланыш керек. Акаев, Бакиев болобу, жакшы ойлорду айтып калса, бийлик пайдаланышы шарт. Биз кичинекей калкпыз. Тагдыр чечүүчү маселеде бардык нерселерди колдонушубуз керек. Ошондо гана элге пайда болот", - дейт Жоробеков.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Азыркы жана мурдагы президенттер биригүүсү керек деген пикирди колдобойм. Бизге жаңы күч, жаңы толкун керек"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бекназаровдун пикирине кошулбай турганын белгиледи.
"Алар өздөрүн саясатта демонтрациялап бүтүштү. Мурунку бийликти аралаштырбоо зарыл. Бизге жаңы күч, жаңы толкун керек. Мурункулардан чарчап бүттүк. Эл да тажагандай болду да. Мурункулар менен кийинкилерди аралаштырып, ботко чалуунун кереги жок. Көптөн бери саясат майданында жүргөн Бекназаровдун пикирине кошула албайм", - дейт Токтонасыров.