КҮНСОБОЛ: Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?

Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген собол салды.

КАРАМУШКИНА: "Эгер бийликте каалоо болсо, Райымбек Матраимовду жоопко тартууга негиз табылат"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын пикиринде, Матраимовдордун тоюна баргандар эми аларга байланып калышты. "Райымбек Матраимовдун акча табуудагы ийгилигин жана баюунун сырын билгендигин эске албаганда, аны жакшы жактан сыпатташ кыйын. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү талап кылып жатат, депутаттар дагы коррупция менен күрөшүү керектигин айтып жатышат, бирок өздөрү Матраимовдордун тоюнда жүрүшөт. Депутаттар мындай массалык иш-чарага баруудан баш тартып коюшса болмок.

Матраимовдор бул иш-чара менен өлкөдө таасирдүү күч экенин, бийликтин жогорку кызматтарында өкүлдөрү бар экенин көрсөтүштү. Алардын тоюна катышкандар эми Матраимовдорго байланып калды. Мисалы, эртең биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдон Райымбек Матраимовдун мүлкү жана акчасы тууралуу сурасам, ал так жооп бере албайт эми. Сапар Исаковдун, Албек Ибраимовдун, Кубанычбек Кулматовдун соттолуп жатканы бул массалык түрдө коррупция менен күрөшүү эмес. Эгер бийликтин каалоосу болсо, Райымбекти жоопко тартууга негиз табылат деп ойлойм. Коррупция менен күрөш адилетсиз жана тегиз эмес жүрүп жатат. Келечекте бийликке жаңы башка күчтөр келсе, ошондо Матраимовдордун тоюнда кол чаап, устукан алгандар, эртең бул тойго барганы үчүн кызарып уялышат", - деди Карамушкина.

МОМБЕКОВ: “Матраимов мени чакырган жок, чакырса деле бара алмак эмесмин”

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттик эмес жеке адамдардын иш-чарасына жогорку бийликтин жоон тобунун барып алганын чоң кемчилик деп эсептейт.

“Бул спорттук иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын, өкмөт башчынын орун басарынын барганын туура эмес деп көрдүм. Алар мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар. Ал эми кесиптештеринин – депутаттардын тилектештик кылып барганы туура эле. Бирок бийлик башындагы, макамы бар, жетекчилик кызматтагы адамдардын барганы – бийликке болгон элдин ишенимине терс таасирин тийгизди. Бийликтин башында отурган адам жөнөкөй иш-чарага барса, ал иш-чаранын макамы көтөрүлөт дагы бийликтин кадыры түшөт. Бул райондук, облустук администрация өткөрүп жаткан иш-чара эмес да, жеке адам атасынын фондуна арнап уюштурган мелдеш. Ага жогорку бийликтегилер баш болуп барганы - чоң кемчилик. Матраимов мени чакырган жок, чакырса деле бара алмак эмесмин, эл менен жолугушуп жүрдүм. Экинчиден, ал киши менен катышым жок”, - деди Момбеков.

КАДЫРБЕКОВ: "Райымбек Матраимов президентке жана башкаларга "мага күчүңөр жетпейт" деп ачык көрсөттү"

Саясий серепчи Даниел Кадырбеков эмнеге депутаттардын Райымбек Матраимовдун тоюна барганы туура эмес экенин түшүндүрдү.

"Биринчиден, Райым миллионду (Райымбек Матраимов) ЕАЭБ чөлкөмүндө коррупцияга шектеп, коңшу Казакстан менен Орусия бизди аткезчи деп нече жолу чек араны жапкан. Жылына 4-6 миллиард доллар силердин айыңардан казынага акча түшпөй жатат деп доомат коюшкан. Бул маселени чечпей туруп, Жогорку Кеңештин спикери баш болуп депутаттар, өкмөттөн биринчи вице-премьер барып, бир жерде отурганы бул биздин өлкөдө мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаган оппортунисттер (өз кызыкчылыгы үчүн кайсы бир шарттарга оңой эле ылайыкташа калган саясий ишмер - ред.) деп айтсак болот.

Экинчиден, бул тойду Райым миллиондун күчүн көрсөтүү катары бааласак болот. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары, азыр жумушсуз, өлкөдөгү спикерден баштап биринчи вице-премьерди өзүнүн тоюна "массовка" катары тизип, өлкөнүн президентине жана башка күчтөргө "мага алыңар жетпейт" деп ачык көрсөттү. Бул "менин тегерегимде ушундай кишилер бар, мага тийишсең, артымда булар бар" дегендей кабыл алынды. Андан сырткары президенттин кайрылуусун депутаттар жана өкмөт уккан эмес го. Жээнбеков "Бизде уурулар баш көтөрө албай калыш керек" деди эле, бирок уурулар баш көтөрмөк тургай, той өткөрүп жатышат", - деди Кадырбеков.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Матраимовдун тоюна бийликтин партиясына киргиси келгендер барды”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, келечекте парламентте 4 партия болот.

“Матраимовдун тоюна барган депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү, саясатчылар, олигархтар келечектеги бийлик партиясын түзө турган адамдар болуп эсептелет. Алар ал жерге барып, саясий маселелерди ачык же жашыруун чечкенге аракет кылып жатышат. Бийлик партиясына киргиси келген жана бийлик партиясынын оппозициясы болгусу келгендер барды. Менин оюмча, келечекте парламентте 4 партия болот. Анын 2-3ү бийлик партиясы, бири бийлик өзү тандаган оппозициялык партия болот”, - деди Жээнбеков.

МАМАСАЛИЕВ: "Райымбек Матраимовдун маселесинде кызыкчылыктардын кагылышы бар"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев президент Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү боюнча Каржы полициясына тапшырма бергенин эскертти.

"Матраимовдун тоюна мынчалык көп мамлекеттик жетекчилердин келгенин Көчмөндөр оюндарында да көргөн эмесмин. Депутаттар парламенттик сессияга да анчалык келишпейт. Искендер жана Райымбек Матраимовдордун иш-чарасына көп жетекчилер жана чоң саясатчылар барса, демек, бул үй-бүлөнүн саясий аброю бийик жана таасири күчтүү.

Бул жерде бир маселе бар. Өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тапшырган. Текшерүү бүтө элек. Матраимовдун маселесинде кызыкчылыктардын кагылышы бар", - деди Мамасалиев.

АЙТИКЕЕВ: "Депутаттар Матраимовдун тоюна барып, анын алдынан өтүштү"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеевдин айтымында, 2020-жылы эл кимди шайлоо керектигин ойлоно турган мезгил келди.

"Депутаттар менен чиновниктер Матраимовдун тоюна барганын "дем алыш күнү болгон, каалаган жерге барам" деп актанса болот. Кайда барышса да шайлоочулар менен жолукканга акылуу. Бирок алар коррупциянын ана башы, "Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы түздү" делген жана коомдо нааразычылык жараткан Райым Матраимовдун жеке тоюна барышты.

Экинчиден, акыркы күндөрү Ак Үй алдына аймактардан келген карапайым эл жана жарандык коом уран, жер маселелери боюнча митингге чыгышкан, бирок депутаттар аларга көңүл бурбай коюшкан.

Үчүнчүдөн, парламент жыйындарында көп учурда 10-15 депутат отурат. Ал эми той болгондо "мен" деген депутаттардын бардыгы ошол жерде жүрөт. Той десе активдүү барышат. Элдин маселеси дегенде алардын активдүүлүгүн көрбөйбүз. Депутаттар элдин көйгөйүн чечсе жакшы болмок. Матраимовдордун тоюнда бүгүнкү парламент чыныгы жүзүн жана ишке жөндөмсүз экенин көрсөттү.

Матраимовдор эбегейсиз каражатка, бийликке ээ. Алар 2020-жылдагы шайлоодо өздөрүнүн партиясын алып чыгышат же айрым партиялардын парламентке өтүшүнө чоң таасир берет деген кептер айтылып жүрөт. Балким мындан улам саясатчылардын жана депутаттардын бул тойго барганы Матраимовдордун алдынан өтүп коюу деп түшүнсө болот. Эл кимди депутаттыкка шайлаш керектигин ойлоно турган мезгил келди", - деди Айтикеев.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Эл менен жолугушуунун ордуна тойго баргандыгы үчүн депутаттардын элден кечирим суроосун талап кылам"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өкмөт өкүлдөрүнүн, депутаттардын Матраимовдордун тоюна топтошуп барганын жогорку кызматтагы адамдардын аракетине туура келбеген көрүнүш деп сыпаттады.

“Депутаттар, чиновниктер Райымбек Матраимовдун ким экенин бизден да жакшы билишет. Коомчулуктун пикирин, ишенимин, өздөрүнүн жоопкерчилигин билиши керек болчу. Айрымдар “Барса эмне экен, кайда барса өздөрү билсин” деп жатышат. Бул жалпы жонунан туура. Бирок Матраимовдун айланасындагы ызы-чуулар эч нерсе эмеспи?

Матраимовдор мамлекеттик көрүнүктүү ишмерлерби, эмнеге атасына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди коюп алышып баары жүрөгүнө колун тосот? Бул мамлекеттик символду барктабагандык.
Бүгүн Жогорку Кеңеште кворум жок болду, уран маселеси аз эле депутаттын катышуусунда талкууланды. Бул деген шайлоочуларды сыйлабагандык, мунун баарына төрага жооп бериши керек. Андан бир күн мурун эле аймактардан уран кенин казууга каршы болгондор митинг өткөрүштү. Ысык-Көл, Нарындан келген тургундарды бири сыйлаган жок, ошончо жол басып келип, жаанда эл өкүлдөрүнө үнүбүздү жеткирели дегендерге эч ким келип, үнүн уккан жок. Анан жолдун алыстыгына карабай Кара-Сууга топтошуп барганын кандай кабыл алабыз? Жогорку мамлекеттик кызматкердин ишине ылайык келбеген, эл өкүлү деген макамга туура келбей турган көрүнүш болду. Бүгүн парламентке саналуу депутаттар эле келди, бирок эч кимиси "келбей калган күнүмө айлыгымды албай эле коёюн" дебейт.

Мен жарандык активист катары алардын эл менен жолугушууга келбей, тойго баргандыгы үчүн элден кечирим суроосун жана парламентке келбеген ар бир күнүнүн айлыгынан баш тартып, ал акчаны онкологиялык оору менен жабыркагандарга которушун талап кылам”, - деди Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан