Кечээ, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып, колдоо тапты. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып латын арибине өтүүнү колдой турганын айтты. Жаңы министрдин пикири коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.
SUPER.KG порталы "Латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте кандай артыкчылыктарды берет?" деген собол салды.
ШЕР-НИЯЗ: "Латын арибине өтүү Кыргыз мамлекети үчүн эрте"
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз латын арибине өтүү ааламдашуу мезгилинде артыкчылык бериши мүмкүн деген пикирде. "Анткени азыр бардык нерселер англис тилинде болуп жатат. Бирок ошол эле учурда Орусия тарабынан түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн. Латын арибине өтүү Кыргыз мамлекети үчүн эрте. Биз көп жактан илим, билимге орус тили аркылуу кирип жатабыз. Латын арибине өтүү кандайдыр бир саясий тирешүү жаратышы мүмкүн", - дейт Садык Шер-Нияз.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бул маселени талдоо керектигин айтты.
"Латын арибине өтүү англис тилин үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк бериши ыктымал. Анализдеп чыгуу керек. Кошуналар өттү деп эле өтө бергенге болбойт. Бул маселени талдап чыгуу шарт. Түрк тилдүү мамлекеттин баарысы эле латын арибине өткөн эмес", - дейт Ормонов.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте артыкчылыктуу болорун так айта албай турганын билдирди.
"Латын ариби дүйнөлүк тамгаларына жакын. Бирок кандай артыкчылык бере турганын так айта албайм. Англис тилинде жазганды, окуганды билебиз. Латын арибине өткөндө кыйынчылык деле болбойт. Мунун пайдалуу, зыян жагын анализ кылып чыга элекмин", - дейт Зулпукаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева латын арибине өтүү туура чечим болмок деген пикирде. "Латын арибине өтүү чечимин 30 жыл мурда кабыл алсак деле туура болмок. Бюджеттин тартыштыгы боюнча суроолор көп болгондуктан, азыркы убакта толугу менен латын арибине өтүүгө каражатыбыз жетишсиз. Латын арибине өтсөк туризм үчүн жакшы болмок. Менин оюмча, келечекте ошол чечимге келебиз", - дейт Сурабалдиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков латын арибине өтүү көп убакытты талап кыла турганын белгиледи. "Латын арибине өтүү, албетте, түрк тилдүү элдеринин жакындашына шарт түзөт. Англис тилин үйрөнүүгө жардам берет. Бирок латын арибине өтүү көп убакытты талап кылат", - дейт Чыныбай Турсунбеков.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулунун айтымында, латын арибине өтсөк деле тил боюнча азыркы көйгөйлөр ошол бойдон калат. "Латын арибине өтүү келечекте бир тармактарда өзүнүн үзүрүн бериши мүмкүн. Социалдык тармактарда бул маселе кеңири талкууга алынып жатат. Бирок азыркы учурда биз тил жаатында маселени толук чечип бүтө элекпиз. Эгерде латын арибине өтсөк эле ушул маселелердин баары чечилип калат десе мен буга макул болмокмун. Тилекке каршы, латын арибине өтсөк деле тил боюнча азыркы көйгөйлөр ошол бойдон калат. Ага дагы бир көйгөй кошулат. Латын арибине өтүү өтө көп каражатты талап кылат. Улуттук илимдер академиясында же илимпоздор чөйрөсүндө болобу маселе кеңири талкууланышы керек. Пайдалары жана чыгымдары толук эсептелип, андан кийин тең салмактуу чечим кабыл алсак жакшы болмок. Анын ишке ашыруу механизмдеринин бардыгын иштеп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдардын милдеттерин так аныктап берип, аткаруу мөөнөтүн тактоо зарыл. Мындан соң иш-чаралар планынын негизинде бир тараптуу иш алып барсак жакшы болмок. Азыркы учурда латын арибине өтүүнүн муктаждыгын, зарылдыгын көрбөй турабыз", - дейт Медербек Аким уулу.