Батукаев боюнча иш: Бүгүн айыпталуучуларга өкүм чыгат

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш уланды. Териштирүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев жарыш сөз сүйлөдү. Соттун бүгүнкү күндөгү экинчи бөлүгүндө Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Сергей Слесарев жарыш сөзгө чыгат. Мындан кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, бүгүн өкүм угузулушу мүмкүн.

Ал эми экс-прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова: "Мамлекеттик айыптоочулар эки эле кишинин көрсөтмөсү менен 15 жыл сурабашы керек эле. Өкүм чыккандан кийин биз бардык документти коомчулукка көрсөтөбүз, ошондо бул кадамга күлүшүңөр мүмкүн. Албетте, бул чечимге баары кызыкдар", - деди.

Ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов: "Батукаев боюнча мага карата иш ойлоп табылган. Анткени диагнозду мен койгон эмесмин", - дейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан