Бүгүн, 13-январда Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары чек арадагы ок атышуу, таш ыргытуу кадимки көрүнүшкө айланып бара жатканын айтышты. Алар Кыргыз-Тажик чек арасында улам-улам абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Баткен облусуна көчүрүү керек деген өтүнүчтөрү бар экендигин билдиришти.
SUPER.KG порталы "Чек ара маселелери чечилип бүткөнгө чейин Куралдуу күчтөрдү өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүү керек деген сунуштар айтылууда. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.
ОРОЗОВА: "Куралдуу күчтөрдү эмес, чек ара боюнча комиссияны көчүрүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Куралдуу күчтөр өздөрүнүн милдеттерин аткарып жатканын билдирди.
"Ар бир облуста Куралдуу күчтөр бар. Алар өздөрүнүн милдеттерин аткарып жатат. Чек араны тактоодо алардын тиешеси жок. Чек араны кайтаргандар кайтарып жатат. Бизге негизи чек араны тактоо керек. Чек ара боюнча комиссияны жана вице-премьер-министрди түштүк аймакка которуу зарыл", - дейт Орозова.
АСАНОВ: "Бардык мамлекеттерде Куралдуу күчтөр өлкөнүн борборунда жайгашкан. Стратегиялык объекттер мамлекеттин борборунда болушу керек"
Саясатчы Бектур Асанов стратегиялык объекттер мамлекеттин борборунда болушу керек деген пикирде.
"Жергиликтүү эл айтканы менен болбойт. Буга окшогон маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Бир-эки киши каалагандай болбойт да. Бул жерде мамлекеттик деңгээлде өтө кылдат мамиле кылуу зарыл. Бардык мамлекеттерде Куралдуу күчтөр өлкөнүн борборунда жайгашкан. Стратегиялык объекттер мамлекеттин борборунда болушу шарт. Куралдуу күчтөрдү көчүргөнгө каршымын", - дейт Бектур Асанов.
КАКЧЕКЕЕВ: "Куралдуу күчтөрдү түштүккө которуу боюнча сунушту колдобойм"
Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев Куралдуу күчтөрдү түштүккө которуу боюнча сунушту колдобой турганын айтты.
"Биздин эл көшөгөгө жамынганды жакшы көрөт. Маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигин которду эле. Андан эч кандай натыйжа чыккан жок. Куралдуу күчтөрдү түштүккө которуу боюнча сунуш туура эмес. Куралдуу күчтөрдү түштүккө которгондо кошуна мамлекеттер чочулайт. Түштүккө Панфилов дивизиясы которулган. Үч облуска бир дивизия ашыкча. Ал жерде чек ара кызматы, аскердик кызматы, милиция бар.
Чек ара боюнча комиссиянын иши көрүнбөйт. Алар иштебегендиктен ушундай кагылышуулар болуп жатат. Түштүктө жарым миллиондон ашык адам мигрант болуп үйлөрүн сатып, көчүп кетишкен. Өкмөт тынчтыкты алып келем десе, ал жерге чарбачылыкты уюштуруп, мурун жашап жүргөн элди көчүрүп отурукташтырышы керек. Ошондой эле пенсияга чыккан жаш офицер, полковник, жогорку аскердик окуу жайларын бүтүргөндөрдү чек ара боюнча комиссиянын курамына киргизүү зарыл. Ошондо майнап чыгат болчу", - дейт Какчекеев.
ОСМОНАЛИЕВ: "Куралдуу күчтөрдү түштүк аймакка көчүрүү татаал маселе"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Куралдуу күчтөрдү түштүк аймакка көчүрүү татаал маселе экенин билдирди.
"Эгерде расмий бийлик өзүнүн түз функциясын аткара албаса, ушундай демилгелер көтөрүлөт. Чек араны коргоо, калктын тынчтыгын коргоо маселесин өкмөт чече албаса, анда элде ар кандай демилгелер пайда болот. Бирок бул мыйзамсыз сунуш болуп калат. Себеби Куралдуу күчтөр, Чек ара кызматы тууралуу мыйзамдар бар. Элди ушундай абалга жеткиргенге өкмөт күнөөлүү. Бул демилгени колдош керекпи же жокпу татаал суроо. Колдош керек дейин десең мыйзам бузулууда, эл ага аргасыздан барууда. Колдобош керек дейин десең өкмөт өзүнүн функциясын аткарбай жатат", - дейт Каныбек Осмоналиев.
КАЧКЫНБАЕВ: "Мурдатан бери эле бир топ министрликтерди, кызматтарды өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүү керек деген пикирлер айтылып келет"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев мурдатан бери эле бир топ министрликтерди, кызматтарды өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүү керек деген пикирлер айтылып келгенин белгиледи. "Негизи мурдатан мындай пикирлер айтылып келген. Бул колго аларлык нерсе. Биз муну башыбызга кыйынчылык болгондо гана ойлонуп жатабыз. Андан тышкары, маселе түп тамыры менен чечилиш үчүн сүйлөшүү болуш керек. Армияны алып барып, күч менен тартып алам деген жол жакшы эмес. Сүйлөшүүнүн өзүнүн техникасы болот. Эки тарап тең меники туура дей беришет. Эч ким жерин бергиси келбейт. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн ортоңку кызыкчылыкты табыш керек. Реалдуу сүйлөшүүгө бармайынча чырлар маал-маалы менен боло берет", - дейт Качкынбаев.