24-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана көпчүлүк коалиция башкы прокурор кызматына президент сунуштаган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап, бир добуштан жактырды. Бул кызматка сунушталган кадр бул ирет туура тандалдыбы, ал эмнеге көңүл буруп, кандай катачылыктарга жол бербеши керек деп эсептейсиз деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы депутаттарга собол салды.
СУБАНБЕКОВ: "Жамшитов прокуратура тармагында бүт баскычтардан өткөнү мени кубандырып турат"
"Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков башкы прокурорлукка сунушталып жаткан талапкер аталган тармакта бүт баскычтарды өткөнү кубандырып жатканын билдирди. "Өткүрбек Жамшитовдун таржымалын окуп көрдүм. Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген экен. Мени кубандырып турганы бүт баскычтарды өтүптүр. Катардагы тергөөчүдөн баштап, прокурордун жардамчысы, орун басары болуп иштептир. Ошондой эле өлкөнүн 4 облусунда эмгектенген. Берилген суроолорго дагы так, мазмундуу жооп берип жатат. Бир топ сын-пикирлер айтылды. Аракети болсо жакшы эле иштеп кетет деген пикирдемин. Ал президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча койгон талаптарынын багыты менен иш алып барышы керек. Жоопкерчиликтүү, таза иштеши зарыл", - деген пикирин айтты Субанбеков.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Жаңы башкы прокурор элдин мүлкүн коргоп, бюджетти коргогон иштерди аткарыш керек"
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Жамшитов кандай башкы прокурор болорун иш менен көрсөтсүн деген оюн айтты. "Баш прокурорлукка талапкер менен жаңы эле таанышып жатам. Иш тажрыйбасын көрдүк, юридикалык кесипти алгандан бери прокуратура органдарында иштеген. Эң төмөнкү "стажёр" кызматынан баштап, тергөөчү болуп, ар бир кызматтык тепкичти басып өтүп, облустук прокурор болуптур. Системден чыккан киши экен. Эми кандай баш прокурор болорун иши көрсөтөт. Эң чоң даражадагы жооптуу кызматка барып жатат. Мурдагы жетекчилердин дарегине көп сын-пикирлер айтылышы мүмкүн, бирок жакшы жактарын да айтыш керек. Индира Жолдубаева башкы прокурор болгондо ыплас иштер да жасалган, ошол эле учурда прокуратура органдары 4-5 миллиард сомду өндүрүп берген. Ошол жолдон тайбаш керек. Бул ишти күчөтүү керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, элдин мүлкүн коргоп, бюджетти коргогон иштерди аткарыш керек. Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында биз башкы прокурорлукка талапкерге каалообузду айттык: мыйзамдын гана талабын аткарыңыз, саясаттан алыс болуңуз. Саясатты саясатчыларга бериш керек. Эгер мамлекет сени кызматка алса, башкы прокурор кызматына барып жатсаң, мыйзамды коргошуң керек", - деди Жээнчороев.
МАМАШОВА: "Башкы прокурорго мыйзамдарды так сактоо талабы гана коюлган"
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова: "Ар бир облуста иштеп келгени тууралуу тажрыйбасын уктум. Андан башка эч нерсе уга элекмин. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карамакпыз. Эртең карап, угуп, анан ой пайда болот. Мыйзамдын жолунда иштеш керек. Ошондо депутаттарда, башкаларда эч кандай суроо болбойт. Башкы прокурорго бир эле талап коюлат. Ал мыйзамдарды так сактоо", - дейт.
АЛТЫБАЕВА: "Башкы прокуратурада биринчи өздөрүндө тазалануу болушу керек"
КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Жамшитов прокуратура тармагында эмгек жолун эң биринчи тепкичтен баштаганы жакшы экенине токтолду. "Жамшитов ушул күнгө чейин прокуратура тармагынын ар бир тепкичин басып келиптир. Райондордо, облустарда иштептир. Ал кесипкөй болгондуктан анын талапкерлигин комитетте, коалициялык көпчүлүктө да колдодум. Ар бир жарандын укугун коргогон Башкы прокуратура өздөрүнүн ичинде тазаланышы керек. Прокуратурада иштегендер чоң суммадагы пара алып кармалууда. Ошондуктан биринчи өзүңөрдө тазалануу болушу керек деп сунуштадым. Эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында менчикке өтүп кеткен социалдык объекттерди кайтарууну сунуштайм", - дейт Алтыбаева.
БАКИРОВ: "Өткүрбек Жамшитов жумушту алып кетет деп ишенем"
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров сунушталып жаткан талапкер прокуратура системинде иштеп келген тажрыйбалуу адис экендиги көрүнүп турганын белгиледи. "Албетте, биринчиден, коопсуздук кеңешинин жыйынында президент тарабынан берилген тапшырмалар боюнча жумушту алып баруусу керек. Экинчиден, ар кандай себептерден токтоп турган экономикага тиешеси бар кылмыш иштерин жандандыруусу зарыл. Үчүнчүдөн, саясий жана башка жүйө менен козголгон кылмыш ишинин алкагындагы соттук иштерге да көңүл бурат деп ойлойм. Бул киши Жалал-Абад облустук прокуратурасын жетектеп келди. Жалал-Абад - стратегиялык маанидеги үчүнчү облус. Демек, жумушту алып кетет деп ишенем", - деди Бакиров.
САМАЕВ: "Жаңы келген башкы прокурор коррупция менен күрөшүүгө басым жасашы зарыл"
"Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев: "Президентибиз Сооронбай Шарипович коррупция менен аёосуз күрөш баштады. Жаңы келген башкы прокурор дал ушул коррупция менен күрөшүүгө басым жасашы зарыл. Эч кимге көз каранды болбой, адилеттүү, мыйзам чегинде иш алып барышы керек", - дейт.