Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. Быйыл 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Бул иш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эртең, 2-майда карайт.
Эмгек кодексинин 427-беренесине ылайык, президент, Жогорку Кеңеш, премьер-министр кызматка шайланган, бекитилген же дайындалган жетекчилерди иштен бошотуу маселелери боюнча жекече эмгек талашы соттук эмес тартипте чечилет. Ушул беренеде белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдер даттанылууга жатпайт.
Мындан улам, Матраимовдун Исаковду сотко берүүсүнүн мыйзамдуулугу талаш жаратууда. Бул боюнча cиздин пикириңиз кандай деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы собол салды.
СООРОНКУЛОВА: "Бул ишти сот кароодон баш тартышы мүмкүн"
Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова бул иште чоң көйгөй камтылганын белгиледи. "Бир топ кызматтарды саясий кызмат кылып койгон эң негизги көйгөй болуп эсептелет. Өкмөттүн саясий программасын же болбосо парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен саясий партиялардын программасын ишке ашырып жаткан, Баш мыйзамда аталган кызматтар гана саясий кызмат деп эсептелиниши керек. Калган кызматтардын баары туруктуу болушу зарыл. Анткени саясий программа, өкмөт алмашып турат. Саясий ишеним менен келгендердин саны аз болуусу зарыл. Негизинен мамлекеттик функцияны аткарган адамдардын кызматтары саясий эмес, административдик мамлекеттик кызмат болуш керек. Мамлекеттик кызмат саясий кызмат, жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат болуп бөлүнөт. Саясий кызмат деген жакшы жөнгө салынган эмес. Конституциялык палата саясий кызматтарды азайтуу боюнча чечим жазган. Бирок саясий кызмат азайгандын ордуна көбөйүп жатат. Мисалы, Матраимовдун кызматын ала турган болсок, ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары. Ал каяктагы саясий кызмат болот? Өзүнүн маңызы боюнча саясий кызмат эмес. Табиятынан саясий кызмат болуп эсептелинбейт. Бирок Эмгек кодекси боюнча премьер-министр дайындаган кызмат саясий кызмат болуп эсептелинет. Мындай кызматтан кеткендердин талаш-тартышы сот аркылуу каралбайт. Бул ишти сот кароодон баш тартат болуш керек", - дейт Сооронкулова.
КУЛОВ: "Президент, премьер-министр дайындаган кызмат боюнча жекече эмгек талашын сот карабайт"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов: "Эмгек кодекси боюнча президент, премьер-министр дайындаган кызмат жөнүндө сот карабайт. Сот карай турган болсо мыйзамсыз болуп эсептелет", - деди.
КАРАСАРТОВА: "Ар бир кишинин жумуштан алынганда сотко кайрылганга толук мүмкүнчүлүгү бар"
Укук коргоочу Рита Карасартова бул иш эмгек талашы экенин белгиледи. "Ар бир кишинин жумуштан алынганда сотко кайрылганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Матраимов деле сотко берип жатканда жөн бербесе керек. Юристтер менен кеңешти да. Саясий кызмат деп эле саясатка такап жатабыз. Ал сотко мыйзамдын негизинде эле кайрылды болуш керек", - дейт Карасартова.
МАСАЛИЕВ: "Өкмөт башчысы дайындаган кызматкерлер сотко бере албайт деген мыйзам бар"
Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев: "Мен кандай дооматтын негизинде сотко берилгенин билбейт экенмин. Өкмөт башчысы дайындаган кызматкерлер сотко бере албайт деген мыйзам бар. Эгерде ал киши башка нерсеге каршы болсо, анда билбейм", - деп жооп берди.
АЛТЫБАЕВА: "Бул иш эмгек талашы болуп эсептелет"
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева бул иш эмгек талашы болуп эсептеле турганын айтты. "Аталган иш эмгек талашы болгондуктан бул боюнча комментарий бере албайм. Соттун чечими мыйзамдын негизинде болот. Мамлекеттик кызмат саясий кызмат, административдик кызмат болуп бөлүнөт. Бул жерде талаш-тартыштар бар", - деп белгиледи Алтыбаева.