Бишкекте айдоочу унааны башкара албай, бакты сүзүп алды. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду

Бишкекте айдоочу унааны башкара албай, бакты сүзүп алды. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, бир жүргүнчү жаракат алды. Патрулдук милициянын маалымат кызматынан кырсык кечээ, 8-сентябрда болжол менен саат 23:58 чамасында катталганын кабарлашты.

"1987-жылы туулган Ч.А. аттуу айдоочу БМВ-525 үлгүсүндөгү унаа менен 7-Апрель көчөсүнөн түндүк тарапка бара жатып, №8 үйдүн тушунан унааны башкара албай, бакты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерден көз жумуп, бир жүргүнчү жабыркаган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

Милицияныны кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо жүрүү эрежесин так сактоого чакырат.

Бишкекте айдоочу кырсыкка кабылып, жеринде каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан