КҮНСОБОЛ: 15 миңдей жумуш ордун камсыз кылып, миллиондогон инвестиция келе турган логистикалык борбордун курулбай калышына кимдер кызыкдар болушту?

Кечээ, 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолгон. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.

“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорду жапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганы маалым болду.

SUPER.KG порталы "15 миңдей жумуш ордун камсыз кылып, миллиондогон инвестиция келе турган логистикалык борбордун курулбай калышына кимдер кызыкдар болушту?" деген собол салды.

НУРБАЕВ: "Өкмөт элге логистикалык борбор тууралуу так маалымат берген эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев элге түшүндүрүү иштери жүргөн эмес деген пикирде.

"Бул жерде эң биринчи нерсе элге так маалымат жеткен жок. Өкмөт логистикалык борбор курулары пландалганда эле барып, элди чогултуп, маалымат бериши керек эле. Кандай келишим жүрүп жатканын, канча салык түшөрүн, канча адам жумуш менен камсыз болорун түшүндүрүшү шарт болчу. Оң жана терс жагын айтышы зарыл эле. Ошондо мындай нерсе болбойт болчу", - дейт Нурбаев.

КАРАШЕВ: "Логистикалык борбордун курулбай калганы аткаруу бийлиги үчүн сабак болушу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бул аткаруу бийлиги үчүн сабак болушу керектигин билдирди.

"Кимдер кызыкдар болгонун айта албайм. Бул аткаруу бийлиги үчүн сабак болушу керек. Себеби мындай иштерди баштап жатканда жергиликтүү калк менен бир ооз макулдашып, аларга түшүндүрүп, жеткирип, кенен талкуу кылуу керек болчу. Элге маалымат бербей туруп, курабыз деген туура эмес. Бул сөзсүз түрдө алдын ала эл менен кеңешилиши шарт", - дейт Карашев.

МАМАТАЛИЕВ: "Логистикалык борбор курулбай калганы өкүнүчтүү"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев борбордун курулбай калганына кимдер кызыкдар болгону боюнча так маалымат жоктугун билдирди.

"Ошол жерде буга чейин логистикалык борбор ачабыз деп бир топ жерлер алынып, даярдалып, бул багытта иштерди баштаган бир күчтөр болгону боюнча маалымат уктум. Логистикалык борбор керек болчу. Мүмкүн биз билбеген, жергиликтүү эл билген бир нерсе бар чыгар. Бирок логистикалык борбор курулбай калганы өкүнүчтүү болуп калды", - дейт Маматалиев.

ПИРМАТОВ: "Элдин өкмөткө ишеничи жок болгон үчүн логистикалык борбор курулбай калды"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов элдин өкмөткө ишеничи жок болгону үчүн логистикалык борбор курулбай калганын айтты.

"Мен логистикалык борбор курулбай калганына кимдер кызыкдар болгонун билбейм. Жеке оюм боюнча, элдин өкмөткө ишеничи жок болгондуктан, логистикалык борбор курулбай калды. Бул бир жылда түзүлүп калган жагдай эмес. 30 жылдан бери чет жактан келген инвестициялар ийгиликсиз болуп жатат. Ийгиликсиз иш аракеттердин негизинде элдин ишенбөөчүлүгү жаралып жатат. Тилекке каршы, буга чейин өкмөт туура эмес иштерди жасап, элдин ишеничинен чыгып калган", - дейт Пирматов.

АЙТАЛИЕВ: "Логистикалык борбордун курулбай калышы биздин мамлекет үчүн чоң пайда болду"

Жарандык активист Бекназар Айталиев логистикалык борбордун курулбай калышы биздин мамлекет үчүн чоң пайда болду деген ойдо.

"Логистикалык борбордун курулушуна жергиликтүү калк эле каршы чыкты. Жаран катары мен аларды колдойм. Бул нерсенин зарылчылыгы болсо, биздин ишкерлер эле уюштуруп койсо деле болмок. Логистикалык борбордун курулбай калышы биздин мамлекет үчүн чоң пайда болду", - дейт Айталиев.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Логистикалык борбор курулса, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизмек"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров логистикалык борбор айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизе турганын билдирди.

"Менин оюмча, Кыргыз мамлекетинин экологиясы үчүн күйгөн жарандар логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккандар. Логистикалык борбор сөзсүз түрдө айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккан жарандарды колдойм. 15 миңдей жумушчу орун берилет деп келишим түзүлгөнү менен иш жүзүндө ал орундарды көбүнчө Кытайдын жарандары ээлеп алышмак", - дейт Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан