КҮНСОБОЛ: Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясий абалга кандай таасир берет?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн ысымы аталган чуулгандуу окуялар тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын сындап, бийлик Курманбек Бакиевдин жолунда бара жатканын айтты. Дал ушул себептерден улам саясатта каларын белгилеп: "Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын", - деди.

Мындан улам SUPER.KG порталы коомдук-саясий ишмерлерге "Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясий абалга кандай таасир берет?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаев конструктивдүү оппозиция, күч боло алса, анда бул жакшы көрүнүш"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, оппозиция - бийликтин системине керектүү механизм.

“Саясий оппоненти бар бийлик дайыма абайлап, коркуп, таза иштейт. Биздин бийликтин системине бул абдан керек. Эгер Атамбаев конструктивдүү оппозиция, күч боло алса, анда бул жакшы көрүнүш болот”, - дейт Жээнбеков.

БЕКНАЗАРОВ: “Атамбаев саясий күрөштүн бардык ыкмаларын колдонууга аракет кылат”

Саясатчы Азимбек Бекназаров Атамбаевдин саясатта калганы саясий абалды курчутат деген пикирин айтты.

“Атамбаевдин саясатта калам дегени "мен кетпейм, силер менен күрөшөм" дегенди түшүндүрөт. Анын саясатта калганы саясий абалды курчутат. Атамбаев алдыдагы шайлоолорго катышып, жеңип чыкканга аракет жасайт. Ошону менен катар эле маалыматтык согушту улантат. Ал саясий күрөштүн бардык ыкмаларын колдонууга аракет кылат”, - деди Бекназаров.

КАЗАКБАЕВ: "Атамбаев өлкөнү башкарганда ага эч ким кийлигишкен эмес, саясаттан кетсе деле болмок"
Саясат талдоочу Марат Казакбаев экс-президент саясатка аралашпай койсо болмок деген пикирин айтты.

"Алмазбек Атамбаев өлкөнү 6 жыл башкарды. Өзү бир мөөнөт президент болом деп айтып келген. Мөөнөтү бүткөндөн кийин саясатка киришпей эле кете берсе болмок. Жаңы президентке кеңешчи болгусу келди, бирок бул нерсе президентке жакпай койду. Азыр эки чоң күчтүн күрөшү болуп жатат. Күнөө кимде? Атамбаевде да. Өзү башкарып турган учурда ага эч ким тоскоолдук кылган жок. Ал азыр сын-пикирин айтып жатат. Конституция боюнча, ал кайра президент болуп келе албайт. Ошону билип партияны башкарбай, саясаттан кетсе деле болмок. "Бакиев сыяктуу үй-бүлөлүк башкаруу жүргүзөсүң" деп жатат. Анын саясий кадамдарынын терс таасири тийүүдө", - деди Казакбаев.

КАРАСАРТОВА: “Атамбаевдин саясатта калганы жакшы таасир берет”

Укук коргоочу Рита Карасартова белгилегендей, атаандаштык өнүгүүгө шарт түзөт.

“Атамбаевдин саясатта калганы жакшы таасир берет. Атаандаш бар жерде дайыма өнүгүү болот. Оппозиция жок, жарандык коом оозун ачпаган, Жогорку Кеңеште чөнтөк депутаттар болсо, бийлик өзүм билемдикке өтөт. Атамбаевдин саясатта калганы азыркы бийликти бир жакка ооп кетпегенге жардам берип, тең салмактуулукту кармап турат”, - деди Карасартова.

ЖАПАРОВ: “Атамбаевдин бийликти тынч тапшырганына эл ыраазы. Саясатка кайра келем десе, элдин ою өзгөрүшү мүмкүн”

Депутат Акылбек Жапаров президенттер Роза Отунбаевадай жол тутушу керектигин айтты.

"Атамбаев саясатта калса, баарын башынан башташы керек болот. Өзүнүн күчүн сынап көрсүн. Эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок дүйнө жүзүндө президенттик кызматтан кеткен кишилер мемуарын жазып, өзү менен алек болот. Роза Отунбаева сыяктуу элди биримдикке чакырып, ошол тармакта ишмердигин улантса туура болмок. Роза Отунбаеванын жолу башка президенттер үчүн эң туура кадам. Мисалы, АКШнын тарыхында 40тан ашык президент болгон. Алардын баары эле кайра саясатка кайта берсе эмне болмок? Президенттик - бул эң чоң кызмат орду. Ага 6 жыл берилди. Ошол учурда максатынын баарын ишке ашырса болмок. Азыр эми Сооронбай Жээнбековдун доору. Ушинтип бийликке улам башка киши келиши керек. Атамбаевдин бийликти тынч тапшырганына эл ыраазы. Саясатка кайра келем десе, элдин ою өзгөрүшү мүмкүн", - деди ал.

МАРС САРИЕВ: "Позияциялар күрөшүндө Атамбаев саясатта жалгыз каларын билип, чабуул жасады"

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, экс-президенттин саясий былыктарды ачыкташы өлкөдөгү инвестициялык кырдаалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Азыркы жана экс-президенттин тиреши Кыргыз мамлекетине чоң зыян алып келип жатат" деп айтып жатышат. Ички чыр-чатактардын чыгышы, Атамбаевдин Жээнбеков тууралуу былык иштерди айтып чыкканы - дискредитация (атайын иш аракеттер менен ишеничтен чыгаруу). Бирок бул нерсенин пайдалуу жактары да бар. Саясатчылардын былык иштери ачыкталганда тазалануу жүрөт. Экөөнүн тирешинен улам бүгүн Жээнбеков мурунку өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Алар менен ынтымакка келүүнүн жолдорун карап жатат. Бул учурда Атамбаев жалгыз калмак. Ал ошону билип туруп чабуул жасады. Азыр позициялар күрөшү, саясий-маалыматтык күрөш болуп жатат. Саясий элитабыз ушундай экени өкүнүчтүү. Бири-бирин чукуганы инвестициялык климатка таасирин тийгизет. "Буга чейин мындай көрүнүштөр болгон эмес. Азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетип жатат" дегени аша чаап кетти. Бакиев учурунда журналисттерди өлтүрүп, саясатчыларды камабады беле. Атамбаевдин саясатта калганы - жеке таарынычы. Ал "Жээнбековду "серый кардинал" болуп башкара берем" деген. Саясатта калса күчү, ресурсу азыраак болуп калат", - деди Сариев.

Соболго Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Айсулуу Мамашева, Камчыбек Жолдошбаев жооп берүүдөн баш тартышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан