Кантта айдоочу рулга ээ боло албай унаасы менен БЧКга түшүп кетти. Эки адам каза болду

Кант шаарында эки жаран БЧКга унаа менен түшүп кетип, каза болушту. Маалыматты республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-февралга караган түнү саат 12:08де орун алган.

"28 жаштагы Ч.И. өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасы менен түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай БЧКга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана анын 21 жаштагы И.С. аттуу жүргүнчүсү каза болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат кызматынан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырат.

Айдоочу рулга ээ боло албай унаасы менен БЧКга түшүп кетти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан