Бишкекте жол кырсыгынан 18 жаштагы бала каза болуп, дагы бир жигит жаракат алды

Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. ӨКМнын маалыматына ылайык, автокырсык 5-ноябрда саат 07:12 чамасында Шабдан Баатыр кең көчөсүндө орун алган.

“Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып электр карагайын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган айдоочу каза болуп, 2001-жылы туулган бала жабыркаган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген", - дешти басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан