Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырган шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-март күнү болжол менен саат 23:35 чамасында белгисиз унаа Малдыбаев көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, 2000-жылы туулган М.М. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу ал жерден из жашырган. Ал эми жабырлануучуну "Тез жардам" кызматы №4 шаардык ооруканага алып кетишкен. Тилекке каршы, жабырлануучу эсине келбей ооруканада каза болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү изи сууй электе бүгүн, 22-март күнү саат 02:00 чамасында БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун кармаган. Унааны 1999-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран башкарып бара жаткан.
Учурда чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми автоунаа айып короосуна токтотулду.