Караколдо айдоочу жолдун четиндеги бакты сүзүп каза болду (фото)

26-июнда түнкү саат 03:30да Каракол шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ауди А6 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун жээгинде турган бакты сүзүп алган. Мунун кесепетинен айдоочу алган жаракаттарынан улам көз жумган. Унаада 2002-жылы туулган жүргүнчү да болгон, анын абалы оор.

"ӨКМнын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине, ал эми жабыркаган жүргүнчүнү "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jena_pokera
2020-06-26 12:24:50
100 до айдаганча 100 го чык дечубеле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан