Ооругандардын жалпы саны 489га жетти. Коронавирус дагы 23 жарандан аныкталды. Алардын 15и аял, 8и эркек киши. Сутка ичинде коронавируска кабылганы аныкталгандардын эң көбү Бишкекте (11 адам).
17-апрелге карата жалпы 23 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Медицина кызматкерлеринин дагы 12си коронавирус жуктурду. Алардын жалпы саны 116га жетти.
№17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери тийиштүү тараптарды 17 саат күткөн соң обсервацияга өзүлөрү барышты.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрель, 16-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.