Бүгүн, 19-майда парламенттин комитетинде Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүшү үчүн шайлоо босого чегин 9 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып, четке кагылды.
Буга чейин 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеште босого чегин 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырылган.
SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү комитеттен колдоо тапкан жок. Депутаттар элдин өкүлү болуу миссиясын туура аткарып жатышабы?" деген собол салды.
ӨМҮРКУЛОВ: "Эл өкүлүнүн миссиясын босоголук чек менен өлчөгөн болбойт"
Депутат Иса Өмүркулов элдин өкүлүнүн миссиясына айткан сөзүн, программаларын аткаруу кирет деген пикирде.
"Элдин өкүлү миссиясын аткарууга пайыздык босого чеги кирбейт деле деп айтсам болот. 5 пайызбы же 6 пайызбы парламент шайланып келет. Бул шайлоонун эрежеси болот. Шайланып келген депутаттар шайлоочуларга берген убадаларына туруп, программаларын аткарыш керек. Эл өкүлүнүн миссиясын босоголук чек менен өлчөп болбойт. Депутат эл муктаж болгон маселелерди, экономикалык маселелерди көтөрүш керек", - дейт Өмүркулов.
СООРОНКУЛОВА: "Депутаттар элдин өкүлү болуу миссиясын туура эмес аткарып жатканы бүгүн эле билинген жок"
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова депутаттар элдин өкүлү болуу миссиясын туура эмес аткарып жатканы бүгүн эле билинген жок деген пикирин билдирди.
"Босого чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоорун кароодо мыйзам бузуулар болду. Депутат Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко мыйзам долбоорун былтыркы жылдын октябрь айында демилгелешкен. Андан кийин комитетте, төраганын кабинетинде каралбай жатыптыр. Башка депутаттар февраль айында 7 пайыздык босого чеги боюнча мыйзам долбоорун киргизишти. Ошондо 4 айдан кийин түшкөн мыйзам долбоорун мурунку мыйзамдан эрте карап жатышат. 5 пайыздык босого чеги боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери чатак чыгарганда гана алардын долбоорун карап жатышат. Бүгүн комитетте депутаттар 7 пайызды колдободук беле деп, 5 пайызга каршы добуш берип коюшту. Бирок четке кагылган мыйзам долбооруна күрөөнү азайтуу боюнча да маселе бар болчу. Бул мыйзам долбоорун атайын карашпай койду. Демилгечилер дагы талашпай коюшту. Ошон үчүн долбоор өтпөй калды. Элдин талабы азыркы мезгилде эл кыйналып турганда жаңы адамдар, жаштар келсин деген болчу", - дейт Сооронкулова.
МАСАЛИЕВ: "Ар бир депутат өзүнүн абийирине жараша иш кылат"
Депутат Исхак Масалиев көпчүлүк эл парламентке өтүү үчүн босого чегин төмөндөтүүнү колдой турганын билдирди.
"Ар бир депутат өзүнүн абийирине жараша иш кылат да. Босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү же 10 пайызга көтөрүү депутаттын миссиясында жок. Көпчүлүк эл босого чегин төмөндөтүүнү колдойт. Босого чегин 5 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун колдобой койгон депутаттардын өздөрүнүн негиздемеси бар болуш керек", - дейт ал.
КАДЫРБЕКОВ: "Депутаттар босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүүнү колдобогону менен эл депутаты деген наамдан алыстыгын көрсөтүштү"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков 9 пайыздык босого чеги 65-70 пайыз шайлоочулардын өкүлдөрү парламентке барбайт деген менен барабар экенин айтты.
"Депутаттардын босоголук чекти 5 пайызга түшүрбөгөнү эл депутаты деген наамы туура келбегенин айтып жатат. 9 пайыздык босого чеги деген бул 65-70 пайыз шайлоочулардын өкүлдөрү парламентке барбайт дегенге барабар. 5 пайыздык босоголук чек болсо 50-60 пайыз шайлоочулардын өкүлдөрү парламентке бара турганга мүмкүнчүлүк болмок. Мыйзам долбоору колдоо таппаганы тандалган, акчалуу, бийликтен колдоо алган адамдар парламентке келсин дегенди түшүндүрөт. Бул менен алар эл депутаты деген наамдан алыс экенин дагы бир жолу көрсөтүп коюшту", - дейт Кадырбеков.
МАМАТАЛИЕВ: "Босого чеги 9 пайыз бойдон калып калбасын деп, 7 пайыздык босого чек тууралуу долбоор өтүп кетти"
Депутат Марлен Маматалиев 5 пайыздык, 7 пайыздык босого чегин колдой турганын айтты.
"Босого чегин 5 пайызга түшүрүп койгондо элдин өкүлү болуу миссиясын аткарды дегенден алысыраак болот элем. Маселе 5 пайыз же 7 пайызда эмес. Маселе босого чегин 9 пайыздан түшүрүү болчу. Турмушка өтө маанилүү өзгөртүү киргизип жатканда сөзсүз түрдө президенттин да пикирин эске албай коюуга болбойт. Босого чеги 9 пайыз бойдон калып калбасын деп, 7 пайыздык босого чек тууралуу долбоор өтүп кетти.
Мен өзүм 5 пайыздык, 7 пайыздык босого чегине макулмун. Бирок 3 пайыздык босого чегине каршымын. Анткени 3 пайыз болгондо регионалдык партиялардын келишине жол түзүлүп калмак. 60 миң добуш алуу Кара-Суу районуна же бир облуска маселе эмес. Бир облустук партиялардын же диний уюмдардын келишине шарт түзүлүп калат эле. Көп партиялар парламентке келсе, ыдырап өкмөт жакшы иштебей калат. Өкмөт жылына бир жолу эмес, эки жолу кетет.
5 пайыз менен 7 пайыздын ортосунда көп деле айырма жок. Депутаттардын арасында босого чегин 9 пайыз бойдон калтыруу күчтөр бар эле", - дейт Маматалиев.
ТУРДУКУЛОВ: "Босоголук чекти 5 пайыз эмес, андан да төмөндөтүш керек болчу"
Жарандык активист Адил Турдукулов парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайыз эмес, андан да төмөндөтүш керек болчу деген оюн айтты.
"Кыргыз мамлекетинде эки революция тең парламентаризм күчтүү болсун деген максатта болгон. Бирок бул ишке ашпай жатканы өкүнүчтүү. Жогорку Кеңешке барган инсандар өз миссиясын так түшүнбөй жатат деген ойдомун. Парламент көзөмөлдөөчү, мыйзам чыгаруу функцияларын тең ата аткара албай жатат. Ал жакка алар өздөрүнүн бизнесин калкалоо үчүн, абройлорун көтөрүү үчүн барып жаткандай сезилет. Көбүнесе Жогорку Кеңеш президенттик аппаратка көз каранды болуп жатат. Бул азыркы учурда эле болгон жок, мурда деле ушундай болуп келген. Кандай гана тапшырма болбосун ошону так аткарып жаткандай көрүнөт. Жогорку Кеңешке элдин өкүлдөрү келиш үчүн босоголук чекти 5 пайыз эмес, андан да төмөндөтүү керек болчу. Босого чегин 5 пайызга түшүрбөй жаткандары кайрадан эле эмки шайлана турган партиялар маңызы жагынан өзгөрбөйт дегенди түшүндүрөт", - дейт Турдукулов.
МАМАШОВА: "Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 7 пайыздык босого чегин колдойм"
Депутат Айсулуу Мамашова 7 пайыздык босого чегин колдой турганын айтты.
"Эл өкүлү болуу бул өзгөчө татаал маселе. Ар кандай мыйзамдарды иштеп чыгып жатканда, ар кандай сунуштар болот. Босого чек боюнча көп талкуулар болду. 7 пайыздык босого чегине көптөр макул болушту. 7 пайыздык босого чегин мен дагы колдойм. Элдин өкүлү болуш үчүн көп добуш алыш керек. Добуштун саны элдин ишенимин көрсөтөт", - деди Мамашова.