КҮНСОБОЛ: "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозиция бар экенин айтты. "Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок", - деп билдирген президент.

SUPER.KG порталы "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?" деген собол салды.

МАСАЛИЕВ: "Сыртынан билинбегени менен каршы айтылган пикирлерде бир топ маселе жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өлкөдө оппозиция бар деген пикирде. "Өлкөдө оппозиция бар, мисалы, Адахан Мадумаровдун айткандарын карап чыккыла. Мындан сырткары, коомдо көптөгөн сын-пикирлер айтылып келүүдө, ошол эле Атамбаевдин айланасында жүргөн жигиттердин пикирлерин уккула. Мындан улам өлкөдө оппозиция бар деп айтууга болот.

Менимче, эгер шайлоо учурунда 9 пайыздык босого чегин төмөндөтсө оппозиция өз максатына жетип, сөзсүз түрдө бийликке өтөт. Ал эми бийлик күчкө салып, эч кимди өткөрбөй койсо оппозиция мурункудан да күчтөнөт. Сыртынан билинбегени менен каршы пикирлерде бир топ маселе жатат. Себеби ошол эле шайлоого баргандар турмуш "жыргализм болот" деп ойлошот, бирок чынында андай эмес, анан ошолордун катарынан деле оппозиция чыгат", - дейт Масалиев.

ЖОЛДОШОВА: "Оппозициялык маанайдагы күчтүү саясатчылар бар. Бирок мурункудай радикалдуу оппозиция жок"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова оппозициялык маанайдагы күчтүү саясатчылар бар экенин айтты.

"Азыркы бийликтин туура эмес жагын көрсөтүп айта алган саясатчылар бар. Бирок мурункудай радикалдуу оппозиция жок. Коомчулук талап кылган маселесин бийлик өз убагында чечпесе, анда радикалдуу оппозиция пайда болушу мүмкүн. Мисалы, Садыр Жапаровду бошотуу боюнча коомчулук, күчтүү саясатчылар суранып жатышат. Ушул маселени президент карап коюушу керек. Ошондой эле Курсан Асановго карата куугунтук токтотулушу зарыл", - дейт Жолдошова.

ОСМОНАЛИЕВ: "Президенттин күчтүү оппозиция бар деп айтканын таң калуу менен кабыл алдым"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев өлкөдө конструктивдүү, радикалдык оппозиция жоктугун билдирди.

"Баш көтөрүп, өздөрүнүн пикирлерин айткандардын бардыгы катуу көзөмөлгө алына баштады. Эл саясаттан тажап бүттү. Эки революциядан кийин элдин турмушу оңолуп кеттиби? Эч нерсе болгон жок. Элге баары бир болгондой болуп калды.

Президенттин "бизде күчтүү оппозиция бар" деген сөзүн мен таң калуу менен кабыл алдым. Бизде оппозиция жок. Көпчүлүк саясатчылар адилет сөздөрүн айтпай жатат", - дейт Каныбек Осмоналиев.

ШЕРИМКУЛОВ: "Азыркы учурда өзүнүн программасы менен жүргөн оппозиция жок"

Коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов бүгүнкү күндө оппозициялык күчтөр жок экенин айтты.

"Президент оппозиция деп кимдерди айтып жатканын билбейм. Азыркы учурда өзүнүн программасы менен жүргөн оппозиция жок. Оппоциялык күчтөр жок деп айтса болот", - дейт Шеримкулов.

СООРОНКУЛОВА: "Азыркы тапта оппозициянын орду бош"

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова учурда өлкөдө оппозиция жок деген пикирде. "Оппозиция болушуна мүмкүнчүлүктөр бар деп айтса керек. Ал эми азыркы бийликке бүгүнкү күндө оппозиция жок. Буга чейин Атамбаев өзүн оппозициямын деп жүрдү, бирок ал өзү түзүп кеткен системге, өзү белгилеп кеткен кишиге кантип оппозиция болот? Учурда анын тегерегинде жүргөндөрдүн деле учурда үнү, дайыны чыкпай калды го. Менин пикиримде, кандай болсо да бара-бара ар кандай күчтөр чыгып, оппозиция пайда болот деген ойдомун. Себеби жүргүзүлүп жаткан саясатка күндөн-күнгө нааразычылыктар өсүүдө", - дейт Сооронкулова.

КЕЛДИБАЕВ: "Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозициялык партиялар, лидерлер жок"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Кыргыз мамлекетинде оппозициялык күчтөр жок экенин айтты.

"Азыр Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозиция бул карапайым эл жана эркин маалымат каражаттары. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде элди ээрчите турган күчтүү оппозиция жок. Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракцияларды эл тааныбайт. Кийинки шайлоодо жаңы оппозициялык күчтөр келет деген ойдобуз", - дейт Келдибаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан