Бардык аймактарга электр энергияны пайдалануу боюнча лимит коюлат. Токтомдо өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алышсын деп жазылган.
SUPER.KG порталы "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча облустарга лимит киргизди. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө кайтуубу?" деген собол салды.
БОКОЕВ: "Биринчи вице-премьер баш болуп, парламентти алдап коюшту"
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев кыш мезгили келбей жатып, электр энергиясына лимит коюу бул чектөө деген ойдо.
"Өкмөттө күз-кышка даярдык боюнча жыйын учурунда маалымат беришкенде биринчи вице-премьер баш болуп, ошол жердеги энергетика тармагынын жетекчилери парламентти алдап кетти. "Баардыгы жакшы, толук даярбыз" дегенден бир апта өтпөй, бурчту айлана электе эле, кыш келбей жатып лимиттерди коюп, "толук көзөмөлдөйсүңөр" дегени бул чектөө. Парламентке келишкенде, ошол жерден "эртеңден баштап чектөөлөргө, мүмкүн кышында маал-маалы менен өчүрүүгө барабыз" деп ачык айтуу керек болчу. Ал жерден аман-эсен чыгып алып, "баары жакшы" деп өткөзүп алып, алар баарын алдады", - дейт Бокоев.
КАРАШЕВ: "Өкмөт алдын ала чара көрүп, электр энергияны пайдалануу боюнча лимит киргизилип жатса керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбосун деп алдын ала чара көрүлүшү керектигин айтты.
"Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркыга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард метр кубга төмөн болуп жатат. Суунун көлөмү апрель айында эң төмөн болсо, октябрь айында эң жогору болуп эсептелет. Апрелге карата 11 миллиард метр куб суу калат деген божомолдор бар. Суу аз болсо быйыл эмес, эмки жылы өтө оор абал болушу мүмкүн. Өкмөт алдын ала чара көрүп ушундай кадамга барып жатабы деген ой келип жатат. Электр энергияны маал-маалы менен өчүрүүлөр болбошу үчүн азыртадан эсептөө керек", - дейт Аалы Карашев.
УМБЕТАЛИЕВ: "Өкмөттүн кыш мезгилине даярбыз дегени калп деп эсептейм"
Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев учурда айылдарда, шаарларда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын айтты. "Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "кыш мезгилине 100 пайыз даярбыз" деп айтып, эми лимит киргизип жатышат. Чектөө киргизилип, азыркы учурда айылдарда, шаарларда электр энергия өчүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө суук болуп, кар жаап жатса да электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Кыш мезгилинде лимитти сактоо үчүн толук кандуу өчүрүүлөр болот. Өкмөттүн кыш мезгилине 100 пайыз даярбыз дегени калп деп эсептейм", - дейт Умбеталиев.
ЖАПАРОВ: "Электр энергияны пайдалануу боюнча лимит жыл сайын эле бекитилет"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров белгилегендей, мындай лимит жыл сайын эле бекитилет.
"Отун-энергетикалык баланс деген түшүнүк бар. Элдин керектөөсүнө канча электр энергия, канча жылуулук керектиги көрсөтүлөт. Ошого жараша лимиттер берилип келет. Мындай лимит жыл сайын эле киргизилип турат", - дейт Акылбек Жапаров.
КАЗАКБАЕВ: "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча лимит киргизип жатканынын себеби айла жоктун иши болсо керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев бүгүнкү күндө электр энергия тармагындагы абал чынында кыйын деген пикирде. "Өкмөт лимитти кандай себеп менен киргизип жатканы боюнча маалыматым жок экен. Бирок чынында электр энергия тармагындагы абал кыйын, бүгүнкү көрүнүш акыркы 5-10 жылдагы абалдын кесепети. Жабдуулардын баарынын колдонуу мөөнөтү эбак бүткөн. Кыргыз өлкөсүнө келген гранттар, насыялардын көпчүлүгү транспорт жана энергетика тармагына келип түшкөн. Алар тилекке каршы, ал акчаларды өздөрү төлөй алышпайт. Аны төлөө үчүн жабдуулардын баарын жаңыртып, электр энергияга болгон бааны өзгөртүү керек. Бирок, экономикада эч кандай реформа болбой, өнүкпөй жаткандан кийин андай жолго бара албайт, себеби эл кыйналып калат.
Менин оюмча, лимит киригизип жатканынын себеби айла жоктун иши болсо керек. Бирок буга чейин өкмөт суу жетишерлик деп маалымат берилип жаткан, анан лимит эмне себеп менен киргизилип жатканын өкмөттөн суроо керек. Эгер кандайдыр бир кыйынчылык бар болсо, бул нерсе башка маселеге байланыштуу болсо же келишим менен коңшу мамлекетке кетип жаткан болсо элге ачык айтуу керек.
Лимит киргизүүнү убактылуу чара деп үмүт кылам, себеби кыш келип калды, калктын калың катмары электр энергиясын колдонушат. Бул маселеге өкмөт өзгөчө көңүл бурушу керек деген ойдомун", - дейт Казакбаев.
АРГЫНБАЕВ: "Электр энергияны пайдалануу боюнча лимит тартипке келтирүү үчүн киргизилет"
Энергетика боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаев электр энергияны пайдалануу боюнча лимит мурдатан бери эле киргизилип келгенин айтты.
"Бул электр энергиясын пайдалануучуларды тартипке салат. Маал-маалы менен өчүрүү деле болбойт. Бул мурдатан бери эле киргизилип келинген. Мында электр энергиясын колдонуунун эсеби эсептелет", - дейт Аргынбаев.