Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу тууралуу токтом кабыл алынды. Мамлекеттик комиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг уюштуруп, баш аламандык жаратууну каалашкандыгын айтты. Ал "укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок" деп билдирди.
SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын иш жыйынтыгында укук коргоо, көзөмөл, коопсуздук органдарынын аракеттерине туура баа берилдиби?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Укук коргоо органдары Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгүнө жараша аракеттерди кылышты"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги каралсын деген тапшырма берилгенин билдирди.
"Токтомдун негизинде Жогорку Кеңеш укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралсын деген тапшырма берди. Алар да жооптуу да. Укук коргоо органдары Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгүнө жараша аракеттерди кылышты. Азыркы учурда укук коргоо органдарынын деңгээли төмөндөдү", - дейт Бекешев.
ТУРДУКУЛОВ: "Укук коргоо органдарынын мүчүлүштүктөрү ачык болсо да айтылган жок"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов комиссиянын жыйынтыгында укук коргоо органдарынын мүчүлүштүктөрү ачык болсо да айтылган жок деген пикирде.
"Комиссия түзүлгөндөн баштап эле жарандык коомчулуктун басымдуу бөлүгү шашылыш түрдө жыйналып, саясий баа бергени туура эмес деп айтканбыз. Анткени азыркы учурда кандайдыр бир саясий окуяга баа берүү мүмкүн эмес. Буга убакыт керек, тарых өз баасын берет. Комиссиянын отчётун карап көрдүм. Ал жерге хронология берилип туруп, бүт күнөөнү Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарылган экен. Укук коргоо органдарынын мүчүлүштүктөрү ачык болсо да айтылган жок. Биз башында эле комиссиянын жыйынтыгына ишенбейбиз деп айтып келгенбиз. Комиссиянын жыйынтыгы канааттандырарлык болгон жок. Комиссиянын жыйынтыгы, аны кабыл алган парламент дагы ошону менен өзүнө аброй топтой алган жок жана өз максатына жеткен жок деген ойдомун", - дейт Турдукулов.
МЕДЕТБЕКОВ: "Укук коргоо органдары 8-август күнү катуу туруштук берди"
Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков укук коргоо органдары 8-август күнү катуу туруштук бергенин айтты.
"Албетте, укук коргоо органдары 8-август күнү катуу туруштук берди. Бишкек шаарынын так ортосуна 2 миңге жакын киши келип алып, баш аламандыкты уюштурганына күбө болдук. Укук коргоо органдары убагында токтотпогондо, ошол күнү чоң тополоң болмок. Көп соодагерлер, ишкерлер мүлктөрүнөн ажырап, өрт чыгып кетмек. Алдына ала каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары азаматтыгын көрсөттү. Мыйзамды так аткарганга аракеттерин жасашты. УКМК, ИИМдин жетекчилери мыйзамдын негизинде жооп бериши керектиги айтылды.
Балким комиссиянын корутундусу кээ бир адамдарга жага бербейт. Алар өздөрүнүн пикирин айтышы мүмкүн. Мындай иштер баарынын көңүлүнө жага бериши мүмкүн эмес. Комиссия саясий жана коомдук баа бериши керек. Ал эми юридикалык жактан укуктук бааны прокуратура, сот органдары берет", - дейт Артур Медетбеков.
ЖОЛДУБАЕВА: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу бир жактуу болуп калды"
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева комиссиянын жыйынтыгында жабыркаган эл жөнүндө эч нерсе айтылбаганын белгиледи.
"Негизи корутундуда даректүү жыйынтык болуш керек эле. УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башка жооптуу адамдар жоопкерчиликке тартылсын, мыйзамга ылайык жооп берсин деп жыйынтыкта жазылышы керек болчу. Комиссия бүт баарына Атамбаев күнөөлүү деп жатышат. Эмнеге Атамбаев күнөөлүү? 100дөгөн адам жабыркады. Эмне үчүн жооптуу адамдардын жоопкерчилиги тууралуу айтылбайт? Корутунду саясий буйрук болгону көрүнүп турат. Мында бийликтин, жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз кылган иш-аракеттерин мыйзамдаштыруу аракети болду. Комиссиянын корутундусу бир жактуу болуп калганын коомчулук көрүп жатат. Жабыркаган эл жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Мамлекетте кооптуу кырдаал түзүлдү", - дейт Жолдубаева.
АСАНОВ: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы туура чыкты"
Саясатчы Бектур Асанов Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы туура чыкты деген ойдо.
"Менин оюмча, Кой-Таш окуясына туура баа берилди. Укук коргоо органдары тарабынан майда-чүйдө шалаакылык кетиши мүмкүн. Бирок алар аябай туура иштеди, чагымчылдыкка алдырган жок, барымтага алса да күч колдонгон жок. Сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Комиссиянын жыйынтыгы туура чыкты", - дейт Бектур Асанов.