Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Темирбек Мырзатаев жол кырсыгынан каза болду. Кырсык 6-июнда саат 17:00 чамасында Ак-Жол айылында орун алганын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Айдоочу өзүнүн Тойота Харриер үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун сол тарабына чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болгон. Унаада 1978-жылы туулган Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну дагы болгон. Жүргүнчү эч кандай жаракат алган эмес", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
Маалымат үчүн: Темирбек Мырзатаев 1966-жылы Аксы районунун Кызыл-Туу айылында туулган. Анын артында жубайы жана 4 баласы калды.