Бишкектен Ошко бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, 3 адам кайтыш болду. Арасында эне, бала да бар

Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа кырсыкка кабылды. Кырсыктын кесепетинен эне, бала жана 17 жаштагы өспүрүм окуя болгон жерден каза болсо, дагы 2 жаран жаракат алды. Маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Адам өмүрүн алган кырсык 1-сентябрда саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 450-чакырымында катталган. Анда Бишкектен Ошту карай бара жаткан Тойота Виш унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унааны Өзгөн районунун 1990-жылы туулган А.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган Б.Ж., 1995-жылы туулган А.Т. жана анын 2019-жылы туулган кызы каза болгон. Ал эми айдоочу жана айдоочунун 2016-жылы туулган уулу А.Э. Таш-Көмүр аймактык ооруканасына кайрылып, хирургия бөлүмүнө жаткырылган", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Michelangelo
2020-09-02 21:32:00
Жол кырыгынан канча өмүр кыйылып жатат, пандемиядан да өтүп кетти, мамлекет эмнеге Бишкек - Ош жолун стандартка жооп бере турган кылат??? Бул байкуш да ямадан качам деп учуп кетти го дейм..
+1
Aimani
2020-09-02 23:33:09
Michelangelo,мамлекетти күнөөлөй бербей ар бир айдоочу жоопкерчиликти сезиш керек. Катуу ылдамдыкта айдабаса ямадан качса да өлүм болбойт эле да
+1
Michelangelo
2020-09-03 03:07:10
Aimani,Жолго деп алынган кредит мн гранттар өз максатына жеткенде ошол жерде темирден тосмолор болот эле.. Ошончо өлүмдөр жоопкерчиликти сезбегендердин дейсиңби?
+1
-BOSS-
2020-09-03 06:42:03
Michelangelo, темирден тосмо койгудай мал кашабы?
Өзү Кыргыздарга тегиз жол такыр кереги жок, ушундай жаман өңгүл-дөңгүл жолдо катуу айдашат, тегиз стандарт жол болсо катуу ылдамдыкда учуп өлүшөт.
0
-BOSS-
2020-09-03 06:40:29
Michelangelo, Балким катуу ылдамдыкта келип рулду башкара албай калгандыр, же уктап кеткендир. Ош-Бишкек жолунда 10 жылдан бери тиригилик кылып жүрөбүз кудайга шүгүр.
+1
Aliza_96
2020-09-02 22:31:02
Аллахым боодо кырсыктан сакта
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан