Токмокто 18 жаштагы жигиттин өмүрүн алган жол кырсыгына шектелип 35 жаштагы аял кармалды

Токмок шаарында 20-июнда орун алган жол кырсыгына күнөөлүү деп шектелип, 35 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ушул жылдын 20-июнунда болжол менен саат 22:30 чамасында Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринен Хундай Авенте автоунаасы чоң ылдамдыкта келе жатып, мотоцикл башкарып бара жаткан 18 жаштагы Н.А. менен анын жүргүнчүсү 16 жаштагы Х.Е.ны сүзүп кеткен. Андан соң Хундай Авентенин айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми Н.А. аймактык ооруканада эсине келбей көз жумган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "жол эрежесин бузуу" беренеси менен катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, жол кырсыгына себепчи болгон автоунаа табылып, аны 35 жаштагы Ж.З аттуу жаран башкарып жүргөнү аныкталган. Шектүү Токмок шаарынын милиция бөлүмүнө жеткирилген. Териштирүүдө Ж.З жеке фирмалардын биринде жүргүнчү ташуучу болуп иштери маалым болгон. Ж.З күнөөнү моюнуна алганы менен жол кырсыгына күбө болгондор Хундай Авенте унаасын кырсык болгон маалда башка аял башкарып бара жатканын билдиришкен. Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоо үчүн териштирүү иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Esenali
2020-06-22 11:56:20
Ж.З нын сөөмөй тырмагын астаа кыскач мн тартса өзү баарын баштан аяк айтып берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан