Бишкекте 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Дагы 3 жаран жаракат алды

Бишкекте жеңил унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 2 адам каза болду. Дагы 3 жаран денесинен жаракат алганын Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жол кырсыгы кечээ, 13-сентябрда болжол менен саат 20:16 чамасында орун алган. Хонда-Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Б.У. Токмок көчөсүнөн күн батыш тарапты көздөй бара жатып карама-каршы тилкедеги Лексус-450 автоунаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеринде эки жаран каза болуп, дагы 3 жаран жаракат алды. Учурда жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип-чыгуу себеби такталууда", - деди маалымат катчы.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан