Чүйдө маршруттук такси кырсыкка кабылып, 2 киши каза болду. Дагы 4 жаран жаракат алышты

Чүй облусунун Панфилов районунда кичи автобус жол кырсыгына кабылып, 2 киши каза болду. Дагы 4 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-июнда болжол менен саат 18:00 чамасында катталган.

"Бишкектен Чалдыбар айылына бара жаткан кичи автобус жолдон чыгып, жээктеги талды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен маршруттук таксинин 2 жүргүнчүсү каза болду. Дагы 4 жаран (үчөө жүргүнчү, бирөө айдоочу) жаракат алышып, ооруканага жеткирилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aimani
2020-06-13 16:23:51
Ушул маршрутка айдагандар жарышат тимеле. Бирөөнүн олумуно себепчи болуп. Каза болгондордун жайы жаннатта болсун
+3
jazmina909090
2020-06-13 21:27:45
Кырсык каш кабактын ортосунда дейт.Кудай сактасын ушунчалык окуган сайын зейиним кейийт ушинтип өлүп кете берет экенбиз да бүгүн бар да эртең жоксун.Как буд то өлбөчүдөй мамиле кылабыз адамдарга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан