Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан жогору

Бүгүн, 16-февраль, саат 9:15ке карата Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Жумушчулар шаарчасындагы учурдагы көрсөткүч - 41 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 72). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Чыгыш-5 кичи району – 61 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 47).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан