Менин жерим: Бай тарыхы, көп улуттуу калкы бар Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаары тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасында бул жолу Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаары тууралуу сөз кылмакчыбыз. Шаардын бай тарыхы, калктын турмушу, маданий мекемелер жана жанга жагымдуу аба ырайы тууралуу SUPER.KG порталына шаар тургуну Акылай Карабаева баяндап берет.

Калкы жана жайгашкан жери

Көк-Жаңгак - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагындагы шаар. Көк-Жаңгак ("көк" иран тилинде "кух" - тоо дегенди билдирет. Демек, тоо жаңгагы маанисинде айтылган сөз). Шаар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш этегинде, Көгарт суусунун сол куймасы - Коргон таш суусунун боюнда, Cерүүн-дөбөгө жакын, деңиз деңгээлинен 1350-1590 метр бийиктикте, Жалал-Абад шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Табияты кооз, жаңгак-жемиш токойлуу аймакта орун алган.


Шаар калкы 11 миң 400 (2017-жылдагы маалымат боюнча), жердин жалпы аянты 1496 гектарды түзөт. Калкы көп улуттуу: көпчүлүгү кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар улутундагылар дагы бар.

Шаардын тарыхы

"1900-жылы Батырали Курманалиев деген байдын жеринде буудай оруп жатканда Башир аттуу жумушчулардын бирине кечки тамак жасоо тапшырмасы берилген. Ал дөбөгө от жагып, тамак даярдайт. Түшүм жыйноо улантылат. Алдыга жылган сайын тамак бышыруучу жер өзгөрө берген. 3 күндөн кийин ашпозчу эски ордуна кайтып келиши керек болчу. Ал өзүнүн оту өчпөй жаткандыгын көрүп таң калат. Анткени ошол жер күйүп жаткан болот.

Башир жерге көз салып, кара ташты табат. Ал аны жолдошторуна көрсөтөт, бирок алардын эч кимиси табылганын сырын чече алган эмес экен. Андан кийин Башир табылгасын көрсөтүү үчүн Ивановкага (Октябрьское) барган. Кезинде Донбасс шахталарында иштеген айылдаштарынын бири Павел Андреевич Карунец анын көмүр экендигин дароо аныктаган. 1910-жылы Карунец 10-15 кишиден турган топ түзүп, көмүр казууга киришкен. 1912-жылы Бухара соодагери Михаил Мадацман келип, Батырали Курманалиевден көмүр катмары чыккан жерди ижарага алган.

Көк-Жаңгак кыштак катары 1896-жылы негизделген. Анын эски калдыктары шаардын түштүк-батыш тарабында тоонун этегинде сакталган. Көмүр 1910-жылдан тартып казып алына баштаган. 1932-жылы "Көкжаңгаккөмүр" кен башкармасы уюшулуп, анда алгачкы жолу көмүр казып алынган. Берилген планды ишке ашырган. Ушул жылдын ичинде 160,5 миң тонна көмүр казылган. Бул 1913-жылы казып алынган Кыргыз өлкөсүнүн бардык көмүр шахталарынан 60 миң тоннага көп болгон.

1943-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун буйругу менен Кок-Янгак жумушчу кыштагы шаар статусун алган.

Чоң аталарыбыздын айтымында, убагында биздин шаар Москванын карамагында болуп гүлдөп турган экен. Шаар аймагында автобустар жүрүп, ар түрдүү дүкөндөр, нан завод, фабрика жана шахта иштеп турган. Ошол убакта биздин шаарга көпчүлүк көчүп келип, жашоого кызыкдар болуп башкалар атайын келип шаарды көрүп кетишчү экен", - деди Акылай Карабаева.

Аба ырайы

Шаар жайгашкан аймактын кышы жылуу, жайы салкын. Жаан-чачын көбүнчө кыш жана жаз айларында жаайт.

Жергиликтүүлөр жана административдик мекемелер

"Жергиликтүү тургундар кээ бири мамлекеттик иштерде иштесе, айрымдары жеке ишкерлик же мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Шаарда кесиптик-техникалык лицей, "Илбирс" аскердик бөлүк, 5 орто мектеп, музыкалык мектеп, спорт мектеби, стадион, шаардык китепкана, 6 бала бакча, оорукана, дарыкана, "Тез жардам" бөлүмү, музей, маданият үйү, шаардык мэрия, банк жана башка мекемелер бар.

Шаардагы жаштар жана улуу муун азыркы учурда ынтымактуу жашоо кечирип, "Көк-жангак коому", "Демилгелүү жаштар" деген сыяктуу бирикмелерди түзүп, шаардын өнүгүүсү үчүн салым кошуп келишет.

Биздин шаардан "Элнур" ун комбинатынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Эркин Сарыбашев, ӨКМнын мурунку министри Нурболот Мирзахмедов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистери Тилек Найманбаев, Расул Маматкулов, Аралаш мушташ боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Тилек Батыров чыккан. Азыркы учурда дагы жаштарыбыз эл кызматында, тарых барактарына из калтыруу аракетинде.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев

Кыргыз Республикасынын спорт чебери Тилек Батыров

Көк-Жаңгак – биздин үй, чакан мекен, балалыктын бактылуу мүнөттөрү калган берекелүү жай. Биз өз шаарыбызды сүйөбүз!" - деди каарманыбыз.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alaialaibekov
2021-01-05 16:46:10
Аябай соонун апамдын туулган жери.менин таята таенем жашаган жер .жылда каникулда барчу элек .Балалык кез эске тушот .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан