Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Тажикстандын кол салуусуна кабылган аймактардагы мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүндөгү иштин абалы жөнүндө маалымат берди.
"Эң оор абал Баткен районунда болууда, 8 мектеп жана 1 бала бакча ар кандай деңгээлде жабыркады. Баткен районундагы 54 мектепте жана 48 бала бакчада сабактар убактылуу токтотулду, штабдын чечимин күтүп жатабыз . Баткен шаарында да окуу процесси токтоп турат. Лейлек районунда 40 мектеп менен 23 бала бакчада бүгүн окуу процесси башталды. Чек арага чектеш айылдардагы 26 мектеп менен 30 бала бакчанын иши токтоп турат. Канчасы жабыркаганы такталууда. Ал эми Баткен облусунун калган аймактарында окуу процесси жүрүп жатат", - деди ал.
Ал эми Чоң-Алай районундагы райондогу 17 мектептин 12синде, 23 бала бакчанын 17синде окуу жүрүп жатканын, эвакуация болгон 5 мектеп жана 6 бала бакчада окуу баштала электигин, абал турукташты деген маалымат келсе окууну баштоого даяр экендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажик Республикасы тынч жаткан Кыргыз Республикасына кол салды. Маалыматка ылайык, тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык келишимдерди бузуп, саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган.
Тажикстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын билдирген.
19-сентябрга карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 163кө жетти.
Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстандын эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан тараптан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалай турганын билдирген.
Эгемен мамлекеттке куралдуу кол салуу уюштуруп, анда тынч жаткан элди мыкаачылык менен өлтүрүп, мүлкүн талап, үйлөрүн өрттөгөн Тажикстан эми дүйнө коомчулугуна маалыматты бурмалап Кыргызстанды күнөөлүү көрсөтүү аракетин көрүүдө. Бүтүндөй тажик басылмалары тынч жаткан Кыргыз өлкөсүн каралаган маалымат таратууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь түнү Тажикстандын жарандары Богдари калктуу конушундагы өз үйлөрүн өрттөп жаткандыгын кабарлаган. Тажик тараптын мындай аракеттери кийин кыргыз тарапты айыптоо үчүн атайлап жасалган чагым болуп саналарын белгилеген. Ошондой эле Тажикстандын куралдуу кол салуусун токтотууга мажбурлоо үчүн жооп кайтарууга аргасыз болуп жаткандыгын маалымдаган.
Чек ара кызматы 19-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде абал чыңалуу бойдон тургандыгын, ошол эле маалда 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өткөндүгүн жана ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталбагандыгын маалымдады. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.