Тажикстандын куралдуу кол салуусунда эң көп жабыркаган айылдардын бири Баткен районундагы Капчыгай айылы болгон. 16-сентябрда Тажикстандын аскерлери аскердик оор техникалар менен аткылай баштаганда айыл тургундары жашаган үйлөрүн таштай качууга аргасыз болушкан. Жергиликтүү тургундар тажик аскерлери ээн калган айылды бастырып кирип, мал-мүлкүн талап-тоноп, андан соң үйлөрдү өрттөп жиберишкен.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, айылдагы 110 үйдүн 88и өрттөлгөн. Тургундардын айтымында, үйлөрдөгү колго илинген бардык нерсени алып кетишкен. Талангандан калганы өрттөлүп жок болгон. Жергиликтүү калк баскынчылар үйлөрдөгү мүлктөрдү унааларга жүктөп алып кетишкендигин тоонун кырынан карап турушканын айтат. Айрымдар короодогу малын дагы айдатып ийген.
Киндик каны тамган кичи мекенин таштай качкан тургундар азыркы тапта башка аймактардагы туугандарынын үйүндө баш калкалоого аргасыз. Азыр айылга кайтып келүү бир эсе кооптуу болсо, бир жагынан келгенде деле жатаарга жайы, ичээрге чайы жок. Баскынчылардын колу менен таш-талканы чыккан элеттен бирин-серин гана эркектерди көрүүгө болот. Капчыгай айылы менен кошо үч айылдын окуучулары билим алган Ак-Сай айылындагы мектепти да өрттөп, жараксыз абалга келтиришкен. Кечээ эле наристелердин күлкүсү жаңырып, жаркып турган бул үйлөр бүгүн минтип күлгө айланып отурат.
Эске салсак, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакка Тажикстандын аскерлери барып жайгаша баштаган жана Кыргызстандын аскерлеринин аларга карата ошол жерден кетүү талабына көнбөй, тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган, бирок ал күнү ок атышуу сүйлөшүү жолу менен токтогон.
16-сентябрда Тажик Республикасы тынч жаткан Кыргыз Республикасына кол салды. Маалыматка ылайык, тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык келишимдерди бузуп, саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган.
Тажикстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын билдирген.
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 198ге жетти.
Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстандын эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан тараптан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалай турганын билдирген.
Эгемен мамлекетке куралдуу кол салуу уюштуруп, анда тынч жаткан элди мыкаачылык менен өлтүрүп, мүлкүн талап, үйлөрүн өрттөгөн Тажикстан эми дүйнө коомчулугуна маалыматты бурмалап Кыргызстанды күнөөлүү көрсөтүү аракетин көрүүдө. Бүтүндөй тажик басылмалары тынч жаткан Кыргыз өлкөсүн каралаган маалымат таратууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь түнү Тажикстандын жарандары Богдари калктуу конушундагы өз үйлөрүн өрттөп жаткандыгын кабарлаган. Тажик тараптын мындай аракеттери кийин кыргыз тарапты айыптоо үчүн атайлап жасалган чагым болуп саналарын белгилеген. Ошондой эле Тажикстандын куралдуу кол салуусун токтотууга мажбурлоо үчүн жооп кайтарууга аргасыз болуп жаткандыгын маалымдаган.