Жыл жыйынтыгы-2024: "Бири бычактан, башкасы ур-токмоктон ажал тапты". Кыз-келиндер тушуккан зордук-зомбулуктар 

Майыптыгы бар келиндин каза болушу. Орозо айында күйөөсүнүн колунан каза тапкан Рахима. Эгемендүүлүк күнүндө жумушунан бычакталган ашпозчу. Ооруканада көз жумган зайып. Бишкек шаарында чак түштө ажал тапкан аял. Өгөй атасы тарабынан кыйылган өмүр. Энеси менен бирге жолдошунан токмок жеген келин. Уктап жаткан бөлмөсүнөн уурдалып, зордукталган 5 жашар кыз. Тырмактары жулунуп, кордолгон жан. Мунун баары бир жыл ичинде болгон окуялар.

Узап бараткан жылы жакынынын колунан каза тапкандар, зомбулук көргөндөр жана тагдыры талкалангандар аз болгон жок. SUPER.KG порталы бул жылы кыз-келиндерге карата жасалган зордук-зомбулук окуяларынын айрымдарын тизмектейт.

22 жаштагы майыптыгы бар келиндин каза болушу

2024-жылдын башында Баткен облусунун Кадамжай районунда майыптыгы бар 22 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты. Окуя 2-январда Ирелеш айылында болгон. Баткен облустук милициясы шектүү делген 32 жаштагы күйөөсү кармалып, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Тергөөдө ал жубайы менен көчөдө уруша кетип, аны муунтканы, келин ошол жерде көз жумганы аныкталган.

Облустук милиция каза болгон келин да, кармалган жолдошу да майыптыгы бар, тагыраагы, экөөнүн тең угуу жана сүйлөөсү начар жарандар экенин, алардын ортосунда алты жана үч жаштагы эки кызы бар экенин кошумчалаган. Келин буга чейин да жолдошунун ур-токмогуна кабылганы боюнча жакындарына даттанганы белгилүү болгон.

Бул кейиштүү окуядан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерди дароо УКМК бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырган. Ал күйөсүнүн колунан каза тапкан келиндин тагдырын "өтө аянычтуу болду" деп жазган.

Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына иш биринчи Кадамжай райондук сотунда каралып, айыпталуучу "Адам өлтүрүү" беренеси менен 13 жылга эркинен ажыратылганын билдирген. Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө моралдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген, ал эми "Ден соолукка жеңил залал келтирүү" беренси боюнча ага 30 миң сом айып пул салынган. Кийинчерээк иш Баткен облустук сотунда каралып, 13 жылга абакка кесүү жазасы 15 жылга өзгөртүлгөн. Бирок жабырлануучу тарап чечимге макул болбогондуктан кылмыш иши Жогорку Соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Орозо айында күйөөсүнүн колунан каза тапкан Рахима

Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунда 4-апрелге карган түнү 34 жаштагы аял мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталып каза болгон. SUPER.KG порталына укук коргоочу Назгүл Турдубекова келинге мурунку түнү күйөөсү келип, кайра жарашууга аракет кылганын, бирок келин макул болбой койгонун айтып берген. Жыйынтыгында Рахима каза болду деген. Бишкек шаардык милициясы аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалганын билдирген.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына 22-октябрда айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылганын тастыктады.

Эгемендүүлүк күнү иштеген жеринен бычакталган ашпозчу.

Сентябрь айынын башында социалдык тармактарда ашканада иштеген аялды белгисиз жаран бир нече жолу бычактаганы тартылган видео тарады. Анда аял киши менен чогуу иштешкендер качып чыгып, бир нече убакыттан кийин эркек адам арачага түшкөнүн көрүүгө болот. Ошол эле күнү окуя Нарын шаарындагы "Он-Арча" базарынын ичиндеги ашканада болгону белгилүү болду. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы 31-август күнү 42 жаштагы жаран кармалып, 2 айга камакка алынганын, шектүү ашпозчу болуп эмгектенген 41 жаштагы келинчегин 31-август күнү бычактаганын билдирген. Келин облустук ооруканага жаткырылган. Ал эми видеодогу арачага түшкөн адам Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү экени белгилүү болгон.

Бул окуядан соң дароо Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жабырлануучу аялдан кабар алган. Анда ал ага жолдошу буга чейин да зомбулук көрсөтүп келгенин, мындан улам үч баласы менен үйдөн чыгып кеткенин, күйөөсү жашап жаткан үйүнүн дарегин билбегендиктен жумушуна келгенин айтып берген. "Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен" деген ал. Акыйкатчы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууга чакырып, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин белгилеген.

Жогорку Соттун сайтында айыпталуучу Нарын шаардык соту тарабынан 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркиндигинен ажыратылганы жазылат. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Жолдошунун колунан бычакталып ооруканада көз жумган зайып

15-ноябрь күнү эртең мененки саат 07:40та Бишкектеги Арча-Бешик конушунда күйөөсү тарабынан бычакталган келин ооруканада каза болгону белгилүү болду. Ленин райондук милициясы 27 жаштагы маркум келиндин жолдошу мындай ишке кызганычтан улам барганын маалымдаган. Маалыматта шектүү делген 34 жаштагы жаран өзүнө дагы кол салып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кайтарууда экени кошумчаланган. Кийинчерээк факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынганы айтылды.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы биздин порталга шектүү 2025-жылдын 15-январына чейин камакка алынганын билдирди.

Бишкек шаарынын ичинде чак түштө ажал тапкан аял

Бишкекте 17-декабрда Жибек-Жолу кең көчөсүндө жайгашкан мурдагы Чыгыш автобекетинин аймагында күйөөсү аялын бычактап өлтүргөн окуя катталды. Ал күнү шаардык милиция башкармалыкка маалымат саат 11:45 чамасында түшүп, 33 жаштагы жаран окуя болгон жерде колго түшкөнүн кабарлады. Маалыматта шектүү жубайы менен пикир келишпестиктен улам кылмыштуу ишке барганы, жабырлануучу Тез жардам кызматы келгенге чейин көз жумганы айтылат. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Өгөй атасы тарабынан кыйылган өмүр

Бишкектеги мектептердин биринде окуган Дарья октябрь айынын аягында жоголуп, сөөгү Чүй облусунун аймагынан табылды. Бишкек шаардык милициясы 17 жаштагы кызын өгөй атасы унаага салып уурдап кеткенин апасы айтып кайрылганын, 52 жаштагы шектүү Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалганын билдирди.

Тилекке каршы, быйыл күйөөсүнүн колунан ур-токмок жеп, ар кандай жарааттар менен ооруканага түшкөн аялдардын катары дагы аз болгон жок

Январь айында Сузак районунда 38 жаштагы келин үйүндө токмоктолгону белгилүү болду. Жалал-Абад облустук милициясы шектүү катары анын 49 жаштагы жолдошу кармалганын, ал жабырлануучуну балка менен желке тушка чапканы аныкталганын маалымдаган. Натыйжада келин ооруканага жаткырылса, шектүүгө карата "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Маалыматта келин буга чейин да күйөөсүнөн запкы көрүп келгени, бирок эч жакка арызданбаганы жазылат.

Сентябрда Чүй облустук милициясы Токмок шаарында күйөөсү аялын сабап жатат деген маалымат түшкөндөн кийин 30 жаштагы жаран кармалганын кабарлаган. Жерине барган укук коргоо кызматкерлерине анын 28 жаштагы жубайы арыз жазып, дайым сабап келгенин айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Милициянын маалыматына чейин социалдык тармактарда мурдагы аскер кызматкери аялын такай сабап келгени, милиция шектүүгө чара көрбөй жатканы тууралуу маалымат тараган болчу. Учурда иш сотто каралып жатат.

Октябрь айында Сокулук районунда 22 жаштагы келин оор абалда ооруканага түшкөн. Чүй облустук ишки иштер башкармалыгы ал 25 жаштагы жолдошу тарабынан сабалганын, шектүү кармалып, "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. SUPER.KG порталына Сокулук райондук ооруканасынан келиндин абалы орто оор экенин маалымдашкан. Жабырлануучунун денесин кароодо бир нече жараат тактары болгон, ошондой эле тырмактары жулунуп, санына бычак сайылганы такталган. Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы бизге материалдар соттун кароосуна 23-декабрда гана келип түшкөнүн, соттук отурум кийинки жылдын 8-январында башталарын билдирди.

Декабрда Ош облусунда 24 жаштагы аялын жана 64 жаштагы кайненесин сабаган деген шек менен 35 жаштагы адам кармалып, 1 айга каммакка алынганы белгилүү болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен айыпталууда. Мындай фактылар дагы көп катталган. Булар айрымдары гана.

Бул жылы жашы жете элек жана майыптыгы бар кыздарга дагы жасалган зордук-зомбулуктар кейитпей койбойт

Апрелде Кара-Суу районунда 5 жашар кыз уктап жаткан бөлмөсүнөн жоголуп, талаадагы унаадан табылган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы унаанын ээси шектүү катары кармалганын, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Адамды уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Кара-Суу райондук соту августта 31 жаштагы шектүүнү өмүр бою эркиндигинен ажыратып, мүлкүн конфискациялаган чечим кабыл алды.

Сентябрда Жети-Өгүз районунда 9 жашар кыз 2 жигит тарабынан зордукталган. Ысык-Көл облустук милициясы шектүү катары 25 жана 19 жаштагы жердештери кармалып, аларга карата "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Ысык-Көлдө 24 жаштагы майыптыгы бар кыз 31 жана 36 жаштагы жарандар тарабынан зордукталганы маалымдалган. Облустук милиция кылмыш иши козголгонун билдирген. Социалдык тармактарда болсо майыптыгы бар кызды эки эркек мал сарайда кармап, ага күч колдонуп кордогону боюнча маалыматтар тараган. Булар белгилүүлөрү гана. ИИМдин маалыматы боюнча "Зордуктоо" беренеси менен 13, "16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" менен 7 жана "Ыплас аракеттер" беренеси менен 9 иш козголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл 10 айда 14 миң 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2 пайызга же 3877 учурга көп.

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда аялдар менен балдарга жасалган зомбулуктарга токтолуп, мындай учурларга шалаакылык кылган күч кызматкерлери иштен ажырай турганын билдирди.

"Мен аялдар менен балдарга болгон зордук-зомблукту терс кабыл алуу менен карайм. Буга жол бербешибиз керек. Ар бир аялзат, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч-аракетти жумшайбыз. Мындай көрүнүштөр коомубуздун уюткусун түзгөн үй-бүлөнү бузат жана жарандардын адилеттүүлүккө болгон ишеничтерин чектейт. Укук коргоо органдардын бирден-бир ыйык милдети – алсыздарды коргоо экенин эскертип келем", - деди өлкө башчы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан