Актаудагы учак кырсыгы: Үч өлкө күнөөлүүлөрдү издеп жатат

Азербайжандын башкы прокурору Кямран Алиев AZAL учагынын кыйрашына байланыштуу Орусия, Казакстан жана Азербайжанда өзүнчө кылмыш иштери козголгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

"Үч өлкөдө тергөө иштери жүрүп жатат. Алардын ар бири окуя боюнча фактыларды чогултуу менен алек. Андан соң топтолгон маалыматтар талданып, күнөөлүүлөр аныкталат", - деди Алиев.

Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. Алардын арасында үч кыргызстандык болгон.

Учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандык: Эрлан Жунусалиев, Тилек Осмонов жана Ринат Асанов 30-декабрга караган түнү Казакстандан Бишкекке алып келинген.

28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөсүн мойнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан