Тышкы иштер министрлиги депутат Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экенин тастыктады

Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалган. Өлкөдөгү айрым жалпыга маалымдоо каражаттары депутаттын Казакстандын да жараны болгонун жазышууда.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда алар депутаттын кош жарандуулугун тастыктаган маалымат келип түшкөнүн билдиришти.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан мыйзам боюнча депутат кош жарандуулукка ээ болбошу керектигин, эгерде кош жарандуулугун жашырып жүргөн болсо, тийиштүү органдар тарабынан териштирилип чара көрүлөрүн кабарлашкан.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Ошондой эле бул операция бажыга байланыштуу тармакта укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу үчүн ишке ашырылган. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 2 айга камакка алынды.

Казакстанда кармалган Кыргыз депутатынын кош жарандыгы ачыкталды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Bars111
2018-02-22 12:00:14
БШК нын шалаакылыгы. Акчасын алып текшеришкен эместа. Мына шумдууууук....
+13
Munar8625
2018-02-22 12:07:42
Bars111,мендагын ушуну айтайын дегем БШК кага элдин ишеними жоголду Биздин жепжутарларды териштирсе четтен чыгат.
+6
adi.ali94
2018-02-22 12:05:20
Шугулданган!
+2
Bars88
2018-02-22 12:11:21
Бир депутат сотко чейин Казахстандан алып чыгып кетиш керек дейтго.Не быяка алып келип алып наша ташытайын деп атышабы жолун билет деп
+9
Jelezo
2018-02-22 12:14:52
ОПГнын мүчөлөрү ЖК депутат болуп олтургандан кийин таң калып кереги жок партиялык тизме менен уурусу да жегичида өтүп кете берет экен да
+6
grace
2018-02-22 12:28:38
Беттери бет эмес ХХХХ экен бул ХХХХ! Казакстандын жараны болуп мамлекеттик сырлардын баарын сыртка ташып турган го ХХХХ!
+9
Boika1986
2018-02-22 12:31:23
Тан калыштын керекги жок КР да баарын кутсо болот.
+4
Ermekbai
2018-02-22 13:25:33
Салим байбачча акаси жардамга келсе керек эми.
+5
Azatbek83
2018-02-22 13:44:29
Аша билип алсын ким шестерка экенин!Аша алты жыл эшек такалаганы билинип жатат!Кантип Эл баатыры наамын бердинер?! Аша кантип экоосун ген.майор чинин берди?!Ушундай болуп ачыкка чукпаганы учунбу?!Корупцияны Ашадан баштап АК Уйдон Сот ИИМ ден бутургуло ошондо тазаланат!Согуш жарыладык эмес камалышсын! Шайлоодо оз озунчо шайлаш керек бандит зоокур зордуктап жургон туромшиги да депутат!Шайлабай койгула он депутатты кана шайлагыла болду калганын кереги жок!
+8
orxidey
2018-02-22 17:17:13
Мына сага тамаша Казакстандын жараны депуттат мындайлар дагы барго дейм чукуса чыгат.БШК козун жумуп турса керек булар шайланганда.
+2
Malik92
2018-02-22 17:55:44
кош жарандуулуктан улам сурайын дегем билгендерден;РФ-паспорту барлар Окмоттон болунгон жер тилкелерин ала алышабы??Себеби РФ алганга чейин Окмотко жер тилкеге арыз жазып койгон болсо.Жооп берип коойгулачы.
0
GULZAT.83
2018-02-22 23:55:42
Malik92,жер тилкесин алалбайсын сен учоттон чыгып кетип атпайсынбы
0
kalpak.kg92
2018-02-23 00:13:04
Олуп кетсин чынын айтайын ...не болсо шо болсун...кыргызга куйгон 120 кой...мануроктор пороктор
+1
G.Bale
2018-02-23 01:06:38
Болду эми ага башынарды оорутпагыла, тим койгула Казактар каалагандай соттоп, каалагандай камасын, эгер коюп жиберсе силер соттойсуңар, же акчасын алып кайра ЖК га отургузуп коёсуңар себеби силер (бийлик) жеткен шалаакы, жеткен коррупционерлерденсиңерго акча учун баары жокко даярсынар.
0
Sonyasonya
2018-02-23 02:09:01
Элден корккон бийлик жок,бийликтен талап кылган эл жок!!! Бийликтегилер,АША силердин соцтармактагы комментарийлеринерди окуп дагы койбойт,мурда кандай элди тоношсо,алдашса ошонусун улантып кете берет. Эл камын ойлогон башчыны Алла бизге буюрбай калды окшойт,каарына калган окшойбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан