ЖЭБ соту: Улуттук энергохолдингтин мурдагы башчысы Калиев: "Биз сурак берип, жооп тартып жаткан Бишкек ЖЭБи 2 жылдан бери кадимкидей эле иштеп жатат"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Бул соттук иш боюнча Мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингтин мурдагы башчысы Айбек Калиев, энергохолдинкгин топ-менеджери болгон Салайдин Авазов, ЖЭБти модернизациялоо боюнча долбоордун директору Темирлан Бримкулов сурактан өтүүдө. Ал эми үй камагындагы мурдагы финансы министри Ольга Лаврова отурамга катышкан жок. Анын кызыкчылыгын жактоочусу көрсөтүүдө.

Соттук ишти судья Инара Гилязетдинова кароодо.

Бүгүнкү отурумда Улуттук энергохолдингтин мурдагы башчысы Айбек Калиев сурак берип жатат.

"Тергөө мени кандайдыр бир желмогуздай көрсөтүптүр. Улуттук экотехинспекцияга басым жасаган деген чечим чыгарыптыр. Мен кызматымдын алкагында бир гана чарбачылык иштерди жүргүзчүмүн.Учурда Биз сурак берип, жооп тартып жаткан ЖЭБ кадимкидей эле иштеп жатат", - деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Chungyz
2019-11-06 14:06:04
жомок угабыз силерден уят
+2
Saiit
2019-11-06 14:14:12
Буларды омур бойу камаш керек Элдин казнасына коз аркан акмактар силерди же тируулой комуп салуу керек! Мамлектин казнасы бул элдин казнасы Законго озгортуу киргизип буларды дарга асыш керек!!! Олум жасасын 1 жылга киргизип кайра алып таштаса да болот! Заканго озгортуу жана толуктоолорду киргизип!!!! Же заканду бут бойдон реформа кылуу керек!!!
+4
Absamat-90
2019-11-06 14:35:41
Кайнатасы крышалап турса Айбек бору болбогондо ким болот.Жакшы эле талтандады .
+1
bessmertiy
2019-11-06 15:11:16
Дөөдүрбү же калп эле өлүмүш болуп дөөдүрөп атабы? Сөз ТЕЦтин иштеп жатканында эмес, силер жеп койгон миллиондор жөнүндө болуп атат.
+2
tairbek
2019-11-06 21:50:36
bessmertiy, туура айтасын Сөз ТЕЦтин иштеп жатканында эмес, булар жеп койгон миллиондор жөнүндө болуп атат.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/286369
0
Erik2018
2019-11-06 15:23:43
качественный кычкач алганбыз дегени турат го АШАнын күё баласы 111млн доллар дайынсыз болуп жатат сөздү көбөйтпөй акчаны ордуна алып келип койгула
0
Bars88
2019-11-06 15:28:04
Ушундай бети жоктордун айынан канча карыз болуп отурабыз кытайга.5-6 киши жейт карыздыкарапайым эл толойт.Буларды сурап отурбай уй мулкун конфискация кылып мамлекетке откоруш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан