Милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да бычак сайган адамдын абалы оор

Чүйдө 20 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да бычак сайган адамдын абалы оор. Бул тууралуу Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Болот Майканбаев бүгүн, 28-майда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, бычактан жабыркаган 2 жаран ооруканага 27-майдан 28-майга караган түнү саат 01:00гө жакын келип түшкөн.

Бизге экөөнүн тең абалы оор түштү, кыздын өмүрүн сактап калууга аракет жасадык, бирок каза болуп калды. Балага дароо операция жасалды. Ал өзүнө бычакты 3-4 жолу сайып, моюнунун күрөө тамырын да кесүүгө аракет кылган. Анын ичегилери эки жеринен тешилиптир, башка да ички органдары жабыркаган.Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор", - деп билдирди башкы дарыгер.

Буга чейин 27-май күнү 29-жаштагы Б.Д. үй-бүлө куруу максатында 20 жаштагы Т.Б. аттуу кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, милиция бөлүмүндө кызды бычактап салгандыгы тууралуу кабарлаган.

Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nargiz94
2018-05-28 15:37:12
Жон жерден бир кыздын омуру талкаланды, сайса озуно сайбайбы бычакты!!!
+9
aitenir
2018-05-28 15:45:57
Ментовкада бычак каяктан? С ментов спрос должен быть
+7
aydinnur
2018-05-28 15:50:54
Жигиттин акыл эси ордундабы ((((?
+5
rysik79
2018-05-28 15:54:24
Акыл эси жайында адам мындай кылбайт да. Жайында эместигинен ушул иш болуп отурат да.
+3
bekiw.801
2018-05-28 16:00:03
Милиционерлер камайбыз ж.б деп коркуткан болушу мумкун. Озун кармай албай бир балээ болгон окшойт
+7
Rusi79
2018-05-28 16:10:56
Тообо кыла турган заман жаштардын психикасы не болуп баратат
+3
mirana9395
2018-05-28 16:17:24
Милициякана да кайдагы бычак?
Бычак кайдан пайда болду деген суроо жаралат экен?
+4
Djumahmatov
2018-05-29 00:02:57
Бычак кайдан жан кимде болгон?
0
aerforce
2018-05-29 00:30:24
самурай болуп кеткенго ойлонуп ойлонбой иш кылышат байкуш жаш кыз бул өмүр менен кош айтышып кетеберди бирөөнүн бактысын талкалады өзүнүн бактысын талкалады ата энелер кандай сыздап калды эх жараткан
+2
Zoluwka6666
2018-05-29 02:00:27
Суйсо керек да катту либо меники болбосон эч кимдики болбойсун деген го
-1
tannuru1503
2018-05-29 03:57:42
Бычакты кызга анан өзүнө сайгычакты аларды карап койгон милиция жок бекен.Милиция бөлүмүндөгүлөр эмнени карап отурушкан???
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан