Бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКдан сурактан чыгып, шашылыш түрдө Биринчи Май райондук сотуна жөнөп кетти.
Анын айтымында, сотто анын баш коргоо чарасы каралат. Эгер сот камакка алуу чечимин чыгарса, ал сот залынан дароо камакка алынат.
"Соттон үмүт кылып жатам, акыркы үмүт ошол", - деди Кулматов.
Айта кетсек, бүгүн, 5-июнда Кулматов УКМКда дээрлик төрт саат сурак берди.
Буга чейин анын саат 15:00гө суракка чакырылганы жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн саат 16:00гө суракка кирип кеткени маалымдалган.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.