КСДП: "Кубанычбек Кулматов жана Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды"

Бүгүн, 5-июнда саат 15:00гө Бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПдан билдиришти.

Маалым болгондой, Кулматовго эч кандай чакыруу кагазы берилген жок, ага телефон аркылуу чалып оозеки чакыруу болду. Мындан тышкары партиядан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дагы бүгүн саат 16:00гө суракка чакырылганын айтышты.

Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Ал эми Сапар Исаковго Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан